Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 11-ноябры № 544
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системалары менен "Бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик жана сот органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системасы менен электрондук өз ара аракеттенүү.";
- 40-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бузууларды жана аларды жасаган адамдарды, ошондой эле колдонулган жаза чараларды жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө маалыматты ББРге каттоо ББРге кошулган катышуучулардын маалыматтык системасы, анын ичинде "Коопсуз шаар" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу катталат.'';
- 55-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- тергөө, алгачкы текшерүү органыма же болбосо башка ыйгарым укуктуу органга бузуу жөнүндө иштин материалдарын өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтары бар болсо;
- бузуулар жөнүндө өткөрүп берилген иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн органдын аталышы, ыйгарым укуктуу адамдын кызмат орду, аты-жөнү жана байланыш маалыматтары.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 27-ноябрындагы № 97 (3169) жарыяланды
Премьер-министр | С.Н. Жапаров |