Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 21-декабры № 603

Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-октябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132)

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 40 жана 41-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бузуулардын бирдиктүү реестринин ээси (кармоочусу) болуп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрүшсүн;

- ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.

4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Жогоруда аталган Жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон журналдарды, эсепке алуу китептерин жана башка бланктык продукцияны даярдоо ушул токтомдун 3-пунктунда аталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев