Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 425
"Дене тарбия жана спорт жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясыньн 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасыньш Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүл ү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасыныи Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргаз Республикасыныи Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2000-ж. № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: " Кыргыз Республикасынын спортсмендерине стипендияларды төлөө тартибин аныктайт.";
2) 8-статьясында:
- экинчи абзац "Улуттук олимпиадалык комитети" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети" деген сөздер менен толукталсын, "Республиканын" деген сөз "Кыргыз Республикасынын" деген создер менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "официалдуу" деген сез "аккредитацияланган" деген сөз менен алмаштырылсын, "Улуттук олимпиадалык комитет жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык федерациялар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасыныи Улуттук олимпиадалык комитети жана Кыргыз Республикасыныи Улуттук паралимпиадалык комитети" деген сездөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "официалдуу" деген сөз "аккредитацияланган" деген сөз менен алмаштырылсын, "(уюштуруучулук)" деген сез алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Дене тарбия-ден соолукту чындоо жана спорпук багыттагы аккредитацияланган коомдук бирикмелер спортсмендерди даярдоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасыныи Өкмөтүнүн алдында отчет беришет.";
3) 11-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 14-статьясында:
- статьянын аталышы "уюмдар" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
- биринчи абзац "мекемелерде" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелеринде" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац "уюмдардын" деген сөздөн кийин ", дене тарбия жана спорт мекемелеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 25-статьясынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" же "Кыргыз Республикасыныи эл аралык класстагы спорт чебери", "Кыргыз Республикасыныи эмгек сиңирген спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу. Эл аралык спортгук уюмдардын тийиштүү сертификаттары жана лицензиялары бар адамдар Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында окуу-машыгуу сабактарын жургүзүүгө укуктуу.":
6) 36-статьясынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти