Редакцияот 02.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-октябры № 631

"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.Т.Масабиров, К.С.Нурматов, С.А.Айдаров, Б.К.Райымкулов, А.Б.Баатырбеков, Ж.А.Калмаматов, А.А.Турсунбаев, З.И.Жамалдинов, Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 631 токтому менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.Т.Масабиров, К.С.Нурматов, С.А.Айдаров, Б.К.Райымкулов, А.Б.Баатырбеков, Ж.А.Калмаматов, А.А.Турсунбаев, З.И.Жамалдинов, Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленип, 2017-жылдын 16-июнундагы № 6-3687ж/17 кат менен киргизилген "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Ушул Мыйзамдын кабыл алынышы мамлекеттик башкаруу секторунун мекемелеринин ишин каржылоону бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерге түшүүчү кошумча каражаттарды чогултуу жолу менен жакшыртууга көмөктөшөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууну колдойт.