Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну № 390
«Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-июнунда кол коюл га н Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламента жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүнде макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-нюнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясьньн ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасьньн аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциадиясьна кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-июнундагы № 390 токтому менен жактырылган |
Бишкек шаарында 2017-жылдьш 7-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу-кат (мындан ары Макулдашуу-кат) жалпысынан Кыргыз Республикасыньн Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу-каттын долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2017-жыддын 3-апрелиндеги чечими, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин 2017-жылдын 4-апрелиндеги чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин 2017-жылдьн 4-апрелиндеги чечими) макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июнундагы № 206-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуу-катка Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча долбоордук документтерди даярдоо үчүн грант алуу максатында кол коюлган. Аталган Макулдашуу-катты ишке ашыруунун алкагьгнда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасьна 399,540 АКШ доллары суммасында грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлүүдө.
Макулдашуу-катты ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцаиялык терс кесепеттерди альп келбейт жана мамлекеттик бюджетке күч келтирбейт.