Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 333
«Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлгаи, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы зл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агентгигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
- Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталары;
- Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашуу.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги япониялык тарапка ноталарды алмашуу аркылуу түзүлгөн жогоруда аталган эл аральк келишимдин жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча кабарласын.
3-берене
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июну № 333 токтому менен жактырылган |
«Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык келишимди түзүүчү «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча алмашуу ноталары (мындан ары - алмашуу ноталары) жана Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашуу (мындан ары - Гранттык макуддашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине жалпысынан шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Гранттык макуддашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жол-куруу техникасын орточо жана капитаддык оңдоо үчүн мастерскойлорду түзүү болуп эсептелет.
Анын милдеттери Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жол-куруу техникасын орточо жана капиталдык оңдоону камсыздоо болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында 34,0 миң километрге жакын автомобиль жолдору бар, анын ичинен 18,0 миң км жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин балансында турат. Донорлордун каражаттарына реабилитацияланган жолдордон тышкары, ири шаарларды бириктирип турган негизги жолдордун ой-чуңкурлары көп, асфальт жешилген жана техникалык жактан жетишсиз тейленип жаткандыктан ар түрдүү бузулуулары бар.
Кырдаалды оңдош үчун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жолдорду ондоо боюнча жабдууларды сатып алуу үчүн Япониянын Өкмөтүнө грант бөлүп берүүнү сурап кайрылган. 2007-жылдан тартьп 2015-жылга чейинки мезгидде Япониянын Өкмөтү тарабынан үч грант берилген, аларга 561 бирдик техника жана жабдуу сатып алынган, анын ичинде 7 комплект асфальтбетон заводу (АБЗ) жана таш майдалоочу түзүлүштөр (ТМТ). Натыйжада Нарын, Ысык-Көл, Чуй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жолдорун тейлөө потенциалы жогорулаган. Жолдорду кармоо үчүн Япония тарабынан берилген жабдууларды пайдалануунун орточо мөөнөтү 10 жылды түзөт.
Майда оңдоп-түзөтүүлөрду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жол-эксплуатациялоочу ишканалары өз күчү менен жасайт, бирок техниканы орточо жана капиталдык оңдоо үчүн ремонттук база дээрлик жок, натыйжада жеке компанияларга кайрылууга туура келет, бул олуттуу финансы каражатын талап кылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги шаймандарды оңдоо үчүн мастерскойлорду жабдуу боюнча Японнадан грант алуу үчүн арыз даярдаган. Өз кезегинде Япониянын Өкмөтү Гранттык макулдашуу түзүү аркылуу алмашуу ноталарынын алкагында грант бөлүп берүүгө даярдыгын билдирген.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-мартындагы № 67-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн алмашуу ноталарына Токио шаарында 2017-жылдын 30-мартында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Жол техникасын техникалык жактан тейлөө үчүн мастерскойлорду өркүндөтүү» долбоору боюнча Гранттык макулдашууга Токио шаарында 2017-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кол койгон.
Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча JIСА Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алмашуу ноталарынын алкагында Япониянын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык төрт жүз кырк бир миллион япониялык йени (¥ 441,000,000) өлчөмүндө грант берет.
Алмашуу ноталарын жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен финансы каражатын талап кылбайт, ошондой эле терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.