Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-июлу № 418
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) бешинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«муниципалдык кызмат – Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттерди, функцияларды жана бийликтик ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кесипкөй кызматтык иши;»;
в) онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларын ишке ашырууну камсыз кылуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;»;
д) жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – ушул Мыйзамда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мыйзамдын же келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;»;
е) жыйырма үчүнчү, жыйырма тѳртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
ж) жыйырма алтынчы абзацындагы ««Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр «мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерин өз кызыкчылыгында жана өз жоопкерчилигинде чечүүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдик берген укуктары жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрү.»;
3) 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши тууралуу маалымат алууга укуктуу.»;
4) 8-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматы жѳнүндѳгү мыйзамдары менен» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 9-берененин 2-бѳлүгүндѳгү «мыйзамда белгиленген тартипте» деген сөздөр алып салынсын;
6) 11-берененин 1-бөлүгүндѳгү «башка» деген сөз алып салынсын;
7) 14-берененин 1-бөлүгүндөгү «мыйзамга ылайык» деген сөздөр «ушул Мыйзамга ылайык» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
8) 15-беренеде:
а) 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «Ушул Мыйзамга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы менен бекитилет, ал ченемдик укуктук актыларды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте милдеттүү түрдѳ катталууга тийиш.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү уставдын текстин тиркөө менен каттоону ишке ашыруу органдары тарабынан юстиция органдарынын тиешелүү аймактын бѳлүмүнѳ Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилет.»;
9) 16-берененин аталышындагы жана биринчи абзацындагы «башка» деген сөз алып салынсын;
10) 18-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн 16-пункту «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдөн кийин «жарнама чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү «тыюу салынбаган» деген сөздѳр «каралган» деген сѳз менен алмаштырылсын;
11) 20-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүп берилиши мүмкүн, эгер ушундай берүү мыйзамдарда каралса.»;
б) 6-бѳлүгүндѳ:
3-пункту «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдөн кийин «жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын;
5-пункту «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөрдөн кийин «нотариат чѳйрѳсүндѳгү» деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) жарандарга ким экендигин үй-бүлөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтерди жана Кыргыз Республикасынын калкты каттоо, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү, жарандык актылардын абалы жөнүндөгү мыйзамдарында каралган башка документтерди берүү;»;
8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 21-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлѳмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам менен аныкталат.»;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелерди өз алдынча чечет.»;
13) 211-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 22-берененин 2-бөлүгүндөгү «билим берүү жана саламаттыкты сактоо» деген сөздөр алып салынсын;
15) 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу же фракциядан чыгуу жөнүндө депутат жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылганда;
3) депутат каза болгондо;
4) аны дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) депутатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) депутат ишке өткөндө же депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабаганда;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткенде;
8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн кетип, анда жашоо депутаттык функцияларын туруктуу жана натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк бербегенде;
9) жарандыктан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же болбосо башка жарандыкты алганда;
10) депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолудан ашык келбегенде;
11) шайлоо жараксыз деп таанылганда.»;
16) 28-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлѳмү күчүн жоготту деп таанылсын;
б) расмий тилдеги текстинин 5-бөлүгүндөгү «важнейшие» деген сѳз «важные» деген сѳз менен алмаштырылсын;
17) 29-берененин 2-бөлүгүндөгү «эң маанилүү» деген сѳздѳр «маанилүү» деген сѳз менен алмаштырылсын;
18) 31-беренеде:
а) 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «ушул Мыйзамда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
4-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «салык мыйзамдарында жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктундагы «мыйзамдарда» деген сөз «ушул Мыйзамда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15-пунктундагы «, ырым-жырымдарды өткөрүүгө» деген сөздѳр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
«151) ырым-жырымдарды өткөрүүнүн эрежелерин белгилөө;»;
17-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «ушул Мыйзамга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
3-пунктундагы «мыйзамдарда» деген сөз «салык мыйзамдарында жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) шаардын вице-мэрлерин дайындоого макулдук берүү;»;
г) 4-бөлүгүндѳ:
3-пунктундагы «мыйзамдарда» деген сѳз «салык мыйзамдарында жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5) жайыттарды жайыттар жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдалануу.»;
19) 32-берененин 7-бөлүгүндѳгү «жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары» деген сөздөр алып салынсын;
20) 35-берененин 3-бөлүгүндѳгү «, ал эми жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү мамлекеттик администрацияга» деген сѳздѳр алып салынсын;
21) 36-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө
биринчи сүйлѳмүндѳгү «мыйзамдарда» деген сөз «ушул Мыйзамда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлѳм «токтом» деген сөздөн кийин «же буйрук» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештердин чечимдери тиешелүү аймакта турган жана/же жашаган бардык адамдардын, мамлекеттик аймактык органдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аткарышы үчүн милдеттүү.»;
в) 3-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳгү мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында» деген сөздөр «ченемдик укуктук актылар жѳнүндѳгү мыйзамдарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 37-беренеде:
а) 8-бөлүгүндөгү «мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн» деген сөздөр «мөөнөтүнөн мурда бошотулат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 9-бѳлүгү «педагогикалык» деген сѳздөн кийин «, эксперттик» деген сөз менен толукталсын;
в) 11-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31) депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетторун уюштурат;»;
г) 12-бөлүгүндѳгү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) 38-беренеде:
а) 1-бөлүгүндѳ:
биринчи абзацындагы «2 орун басары» деген сөздөр «1 орун басары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү «бошотулушу мүмкүн» деген сөздөр «бошотулат» деген сөз менен алмаштырылсын;
24) 39-берененин 6-бөлүгүндѳгү «, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти райондун мамлекеттик администрацияларынын тиешелүү башчылары тартышат» деген сѳздѳр алып салынсын;
25) 41-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык шаар куруунун башкы планын иштеп чыгат жана ишке ашырат;»;
б) 101-пунктундагы ««Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сѳздѳр «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
в) 11-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сѳздѳр «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
26) 42-берененин 1-бѳлүгүндѳ:
расмий тилдеги текстиндеги «образования, здравоохранения» деген сөздѳр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги «билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде» деген сѳздѳр «мамлекеттик мекемелерде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 43-беренеде:
а) 4-бѳлүгүндѳ:
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде талапкерге же талапкерлерге караганда «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү берилсе, жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.»;
б) 6-бѳлүгүндѳ:
2-пункту «прокуратура органдары» деген сөздөрдөр кийин «, сот» деген сөз менен толукталсын;
10-пунктундагы «, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайларда» деген сөздѳр алып салынсын;
28) 44-берененин 1-бѳлүгүндѳ:
а) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) шаардын вице-мэрлерин шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча кызматка дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;»;
б) 9-пунктундагы «мыйзамдарга» деген сөз «салык мыйзамдарына жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 12-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
29) 47-берененин 1-бѳлүгүндѳ:
а) 91-пунктундагы ««Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сѳздѳр «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
б) 10-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сѳздѳр «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү мыйзамдарга» деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
30) 48-берененин 1-бѳлүгүндѳ:
расмий тилдеги текстиндеги «образования, здравоохранения» деген сөздѳр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги «билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде» деген сѳздѳр «мамлекеттик мекемелерде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31) 49-беренеде:
а) 3-бѳлүгүндѳ:
жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде талапкерге же талапкерлерге караганда «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү берилсе, жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.»;
б) 7-бѳлүгүнүн 2-пункту «прокуратура органдары» деген сөздөрдөн кийин «, сот» деген сөз менен толукталсын;
32) 50-берененин 1-бѳлүгүндѳ:
а) 7-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарына» деген сөздѳр менен алмаштырылсын;
б) 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
33) 55-берененин 4-бѳлүгү «Кыргыз Республикасынын» деген сөздѳрдөн кийин «юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын;
34) 57-берененин 2-бѳлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү сунушталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйындарынын документтерин Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте тапшырууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти