Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 440
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат жерлерин өнүктүрүү, ирригациялык объекттерди куруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-2026-жылдардын республикалык бюджетинде Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн жыл сайын каражаттарды карасын жана аны каржылоону, инвестицияларды тартууну контролдосун.
3. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Мамлекеттик программанын ишке ашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына квартал сайын маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
1. Киришүү
Кыргыз Республикасында ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүнөн көбү агрардык секторго туура келет. Калктын жарымынан көбү айыл жеринде жашайт. Алардын негизги иши айыл чарба өндүрүшү болуп саналат, ал эми Кыргызстан ариддик зонада жайгашканын эске алсак, айыл чарбасынын негизи сугат дыйканчылыгы болуп саналат. Республикада дыйканчылыктын 90 пайыздан ашуун продукциясы сугат жерлерден алынат. Сугат жерлердеги өсүмдүк өстүрүүчүлүк Кыргызстандын калкынын жарымынан көбү үчүн кирешенин негизги булагы болуп саналат.
Калктын жашоосунун социалдык-экономикалык деңгээли, өлкөнүн жана анын экономикасынын өнүгүшү көп жагынан сугат жерлери менен камсыз болууга жараша болот. Кыргыз Республикасында бюджеттик ресурстардын жетишсиздигине байланыштуу СССР тарагандан кийин фермерлер жана дыйкандар үчүн зарыл болгон жаңы сугат аянттары пайдаланууга жетиштүү киргизилген эмес.
Кыргыз Республикасы ирригацияны өнүктүрүү үчүн олуттуу жер жана суу ресурстарына ээ. Тоо мөңгүлөрүндөгү тузсуз суунун запасы 650 км3 деп бааланат. Адистердин пикири боюнча климаттын жылып кетиши мөңгүлөрдүн үстүнкү катмарын кыскартууда, алардын аянты 2025-жылы 30-40 пайызга азайышы мүмкүн. Өлкөдө 47 км3 жакын жалпы жылдык агымы менен 3000ге чукул дарыя жана суу бар, Кыргыз Республикасы анын 10 км3 (20 пайызга жакынын) гана пайдаланат. Кыргыз Республикасында бир кыйла жер ресурстары бар, келечекте сугат жерлеринин аянтын 500-700 миң га көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун, жакырчылык жана айыл калкынын миграциясы менен күрөшүү маселелерин чечүү жолдорунун бири болуп ирригацияны өнүктүрүү саналат.
2. Кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасында 1023 миң га сугат жери бар. Республиканын сугат жерлерине суу берүү үчүн 28,9 миң км сугат каналдары бар, алардын ичинде 5,7 миң км канал чарба аралык болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин (мындан ары - СЧД) балансында турат, 23,2 миң км ички чарбалык болуп саналат жана айыл өкмөттөрүнүн, суу пайдалануучулар ассоциациясынын (мындан ары - СПА) жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин балансында турат. Республикада Суу чарба жана мелиорация департаментинин балансында турган 274 ирригациялык система жана 93 аккумуляциялоочу ирригациялык курулма (суу сактагыч, ДЖБ, СЖБ) бар.
Республикада бардыгы болуп 219 насостук станция бар, алардын ичинде 11 электрлештирилген насостук станция СЧД балансында турат.
Республика боюнча 5705 км коллектордук-дренаждык тармак бар, анын ичинде 1187,1 км СЧД балансында, 460,7 км - СПА балансында жана 4057,2 км айыл өкмөттөрүнүн балансында турат. Республикада коллектордук-дренаждык тармак менен 240 миң га жер бар, 87 миң га сугат жери канааттандырбаган мелиоративдик абалда турат.
Республикадагы ирригациялык инфратүзүмдүн көпчүлүгү 30, 40 жана андан көп жылдан бери пайдаланылууда.
Акыркы жылдары калктын өсүшүн эске алуу менен ирригациялык объекттерди курууга жана жаңы сугат жерлерин киргизүүгө болгон муктаждык Кыргыз Республикасы үчүн өтө артыкчылыктуу жана актуалдуу милдеттерден болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) ирригацияны өнүктүрүүгө жана суу чарба инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга олуттуу көңүл бурулган.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жалпы суммасы 81 млн АКШ долларын түзгөн 16 ирригациялык инвестициялык долбоор кирген. 2013-2016-жылдары ТӨУС ишке ашырууга 3382 млн. сом бөлүү керек болгон, иш жүзүндө 1592 млн. сом бөлүнгөн. Анын ичинен ирригациялык долбоорлорго 2902 млн сом каралган, иш жүзүндө 1112 млн сом бөлүнгөн, 1790 млн сом каржыланган эмес. ТӨУС 16 инвестициялык ирригациялык долбоорлорунун ичинен азыркы убакта 4 долбоор ишке ашырылган.
Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү, ирригациялык объекттерди куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 229 токтому менен Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасы (мындан ары - 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программа) бекитилген, анда республика үчүн социалдык жана экономикалык жактан өтө маанилүү 22 суу чарба объекттерин куруу каралган. 22 объекттин ичинен бир гана суу чарба объекти киргизилген. 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашырууга 4928 млн сом каралган, иш жүзүндө 763 млн сом бөлүнгөн. 4165 млн сом каржыланган эмес.
ТӨУС ирригациялык инвестициялык долбоорлорун жана Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программасын ишке толук ашырбоонун негизги себеби болуп жетишсиз каржылоо эсептелет, ал бюджеттик ресурстардын чектелгендиги, республикалык бюджеттин олуттуу тартыштыгы жана кирешелердин төмөндөшү менен шартталган. Ирригацияны өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында тышкы каржылоо булактарын тартуу багытында ишти активдүү жүргүзүү зарыл.
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын (мындан ары – Мамлекеттик программа) жаңы долбоорун даярдоонун алкагында республикадагы 100гө жакын ирригациялык курулуш объекттери каралган. Актуалдуулугун, экономикалык жана техникалык көрсөткүчтөрүн, региондор үчүн социалдык маанисин, жашоочулардын Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууларын эске алуу менен 46 суу чарба объектиси тандалган.
3. Максаты, колдонуу чөйрөсү жана күтүлүүчү натыйжалар
Мамлекеттик программа айыл жашоочуларын жаңы сугат жерлери менен камсыздоо үчүн ирригациялык инфратүзүмдү курууну карайт. Айыл чарба продукцияларын өстүрүү үчүн киргизилген жаңы сугат жерлери социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет жана региондордун өнүгүшүн камсыздайт, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык менен күрөшүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт.
Мамлекеттик программа 46 суу чарба объектисин (долбоорлорун) ишке ашырууга 58,8 млрд сом издеп табууда жана бөлүүдө 66,5 миң га жаңы сугат жерлерин киргизүүнү, жерлердин суу менен камсыздалуусун 51,08 миң га жерге жогорулатууну, 9,5 миң га жерди машина менен сугаруудан өзү агуучу сугатка которууну, 50 миң га жердин мелиоративдик абалын тиркелген Тизмекке ылайык жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Пайда:
- жаңы жумушчу орундарын түзүү (айыл калкына жаңы сугат жерлеринин үлүшүн бөлүү аркылуу);
- айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү;
- региондо социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу;
- жаңы сугат жерлеринде айыл чарба кооперативдерин түзүү мүмкүнчүлүгү;
- чек ара аймактарын чыңдоо;
- жергиликтүү калктын миграциясын азайтуу;
- мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын түзүү;
- өндүрүштүн кайра иштетүү жана кен казуу тармактарын жана чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана негиздерди түзүү.
Бенефициарлар. Сугат жерлеринде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен алектенген айыл региондорунун жашоочулары, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү каалаган бизнес өкүлдөрү.
Пайда алуучу адамдардын саны. Жер үлүшүн болжол менен 245 миңге жакын адам алат. 200 миңга жакын адамды сугат суу менен камсыздоо жакшырат жана 150 миңге жакын адам жерлердин мелиоративдик абалы жакшыртылгандан кийин бул жерлерде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу пайда алышат.
Экологиялык аспекттер. Сугат жерлериндеги өсүмдүк өстүрүү Кыргызстанда негизинен тузсуз суу керектелет (бардык керектөөдөгү суунун 90 пайызга жакыны). Ирригациялык объекттерди жана суу сактагычтарды куруу жерлердин деградациясынын жана чөлгө айлануусунун алдын алуу үчүн сууну пайдаланууну шарттайт. Суу сактагычтарда топтолгон суу суунун тартыш болгон мезгилин жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана кирген суунун жана сел агымдарынын өтүүсү менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөт. Бардыгы жалпы сыйымдуулугу 487 млн м3 жакын 20 аккумуляциялоочу курулманы куруу болжолдонгон.
Жерде климаттын жылуу болушу менен байланышкан глобалдык тенденцияларды жана буга байланыштуу тузсуз суунун запасынын азайышы боюнча божомолдорду эске алуу менен ирригациялык курулуш өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ирригациялык курулуш (анын ичинде аккумуляциялоочу курулмалар), ирригациялык инфратүзүмдү модернизациялоо, сугаруунун сууну үнөмдөөчү техникасын жана курулуштагы алдыңкы технологияларды киргизүү жерде климаттын глобалдык жылышына ыңгайлашуу боюнча маанилүү куралдардын бири болуп саналат, анткени бизде болгон суу ресурстарын республиканын муктаждыктарына натыйжалуу, сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануу маселелерин чечет.
Экономикалык аспекттери. Пайдаланууга берилген жаңы сугат жерлери жана кепилденген жана сугат сууну өз убагында берүү жаңы жумушчу орундарын гана түзбөстөн, орточо ижара акысына эсептегенде жыл сайын болжол менен 1,5 млрд сом алууга мүмкүндүк түзөт (1 га жерге 20-25 миң сом эсебинде). Жаңы сугат жерлериндеги мүмкүн болуучу ИДП болжол менен 12 млрд. сомду түзөт (1 га жерге 180-200 миң сом эсебинде). Жаңы сугат жерлери кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү шарттап, мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тоют базасын түзөт. Жаңы ирригациялык плотиналар электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн дагы пайдаланууга болот (бирок пайдалануунун ирригациялык режиминде гана). Бул кен казуу тармагын жана айыл региондорунда өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарт түзөт, алыскы айыл региондорунун экономикалык өнүгүшүнө түрткү берет. Жаңы сугат жерлеринде айыл чарба кооперативдерин түзүүгө болот, бул айыл чарбасынын жаңы, кыйла прогрессивдүү, интенсивдүү технологиясына жана өнүгүүнүн экономикалык пайдалуу деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет. Которуштуруп айдоону сактоо сугат жерлеринин күрдүүлүгүн сактоо үчүн шарттарды түзөт.
4. Финансылык камсыздоо
Мамлекеттик программаны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, тышкы каржылоо булактарынын жана инвестициялардын (ИӨБ, ДБ, АКГ, КЭР гранты, Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республикасы), Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу
Мамлекеттик программа ТӨУС жана 2011-2015-жылдарга мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында башталган ирригацияны өнүктүрүү жана жаңы сугат жерлерин киргизүү маселелерин чечүүнү улантууга багытталган документ болуп саналат.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу каржылоо жана тышкы инвестициялык булактарды тартуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлгөн.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу тиркелген Тизмекке ылайык үч категорияга бөлүү менен суу чарба объекттерин курууну карайт.
Биринчи категорияга курулушу Кытай Эл Республикасынын грантынын, Ислам өнүктүрүү банкынын кредитинин эсебинен каралган ирригациялык объекттер, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иштер башталган объекттер киргизилген.
Бул категорияга наркы болжол менен 4895 млн сомдук 17 объект киргизилген, алардын кубаттуулугу: 8965 га жаңы сугат жери, 29340 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 2800 га шарттуу сугат жерден сугат жерге которуу. Мында 28290 жумушчу оруну түзүлөт.
Экинчи категорияга эл аралык финансы уюмдарынын, донорлор жана инвесторлордун (ИӨБ, ДБ, АКГ, Экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү фондунун (Корея Республикасы) ж.б.) колдоосу менен иштеп баштаган объекттер киргизилген.
Бул категорияга наркы 36526 млн сомго жакын болгон 17 объект киргизилген, кубаттуулугу: 40256 га жаңы сугат жерлери, 9662 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 5000 га өзү агуучу сугарууга которуу жана 200-400млн. м3 сууну үнөмдөө. Натыйжада 150500 жумушчу оруну түзүлөт.
Үчүнчү категорияга тышкы жана ички каржылоо булактарын издөө, эл аралык финансы уюмдары, донорлор жана инвесторлор менен маселени иштеп чыгуу зарыл болгон объекттер киргизилген.
Бул категорияга наркы болжол менен 17365 млн сом болгон 12 объект киргизилген, кубаттуулугу: 17350 га жаңы сугат жерлери, 12083 га жердин суу менен камсыздалуусун жогорулатуу, 4511 га өзү агуучу сугарууга которуу. Мында 66400 жумушчу оруну түзүлөт.
6. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы мүмкүн болуучу негизги тобокелдиктер:
- экономикалык;
- социалдык-саясый;
- уюштуруу-укуктук;
- техникалык жана экологиялык.
Тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү зарыл:
- инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, өлкөдө болгон бюджеттик ресурстарды пайдалануу, экономикалык көрсөткүчтөрдү кылдат иштеп чыгуу, Мамлекеттик программаны ишке ашырууга финансылык бөлүнгөн каражатты натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу, финансы каражаттарынын пайдаланылышын катуу контролдоо;
- калк менен уюштуруу-түшүндүрүү иштери, коомчулукка ЖМК аркылуу маалымдоо, Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун ачык жана айкын жол-жобосу;
- долбоордук-издөө жана курулуш ресурстарын мобилизациялоо, Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мыкты даярдалган кадрларды жана жабдылган, өндүрүштүк тажрыйбасы бар уюмдарды тандоо;
- курулуш ченемдерин, эрежелерин жана экологиялык талаптарды так сактоо, жаратылыш факторлорун кылдат эсепке алуу, ар бир долбоорду Мамлекеттик экспертизадан өткөрүү.
Тиркеме
2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү программасынын алкагында курууга сунушталган суу чарба объекттеринин тизмеги
№ | Объекттердин аталышы
| Категориясы | Болж. наркы млн сом | Кубат-туулугу
га (ЖЖО)
| 2017-жыл
млн сом га | 2018 -жыл
млн сом га | 2019 -жыл
млн сом га | 2020-жыл
млн сом га | 2021-жыл
млн сом га | 2022-жыл
млн сом га | 2023 -жыл
млн сом га | 2024 -жыл
млн сом га | 2025 -жыл
млн сом га | 2026 -жыл
млн сом га | Эскертүү |
БАТКЕН ОБЛУСУ | |||||||||||||||
1 | Лейлек районундагы Саркент дарыясынан Сумбула айыл аймагынын Төө-Жайлоо массивине суу жеткирүү үчүн канал куруу
| 3 | 1600 | 2500 жсж
(10000) |
|
|
|
|
|
| 400 - | 400 200 жсж | 400 1000 жсж | 400 1300 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
2 | Лейлек районундагы Максат посёлогунда Арка массивине суу жеткирүү менен дюкер куруу | 2 | 1900 | 1800 жсж (8000) |
| 300 - | 400 - | 400 - | 400 800 жсж | 400 1000 жсж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары ИӨБ, мамбюджет |
3 | Кожо-Бакырган дарыясында Лейлек суу сактагычынын курулушу
| 3 | 2000 | 2500 жсж 3111 өас (10000) |
|
|
|
| 200 - | 200 - | 400 - | 400 500 жсж | 400 1000 жсж | 400 1000 жсж 3111 өас | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
4 | Кадамжай районундагы “Каракыштак-Боз” каналын куруу
| 1 | 90
| 325 жсж 500 скж (1200) | 90 325 жсж 500 скж |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Мамбюджет |
5 | Баткен районундагы “Р-4вх” каналын куруу жана “Р-4” каналын бийиктетүү | 1 | 500 | 1500 жсж (6000) | 75 - | 100 50 | 100 450 жсж | 125 500 жсж | 100 500 жсж |
|
|
|
|
| КЭРдин гранты |
6 | Кадамжай районундагы Бүргөндү массивинин жерлерин өздөштүрүү (2-этабы) | 2 | 1100 | 5000 жсж (17000) |
|
| 200 - | 200 - | 200 1000 жсж | 250 2000 жсж | 250 2000 жсж |
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
7 | Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Молдо-Нияз” СПАсында канал куруу
| 3 | 200 | 300 жсж 410 скж (1500 |
|
|
|
|
| 50 - | 50 - | 50 - | 50 300 жсж 410 скж |
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
8 | Баткен районундагы Сох дарыясынан сугаруу (“Теке-Секирик” каналы) | 2 | 21000
| 16000 жсж (70000) |
| 500 - | 1000 - | 2000 - | 2500 - | 3000 1000 жсж | 3000 2000 жсж | 3000 4000 жсж | 3000 4000 жсж | 3000 5000 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 28390 | 29925 жсж 910 скж 3111 өас (123700) | 165 325 жсж 500 скж | 900 50 жсж | 1700 450 жсж | 2725 500 жсж | 3400 2300 жсж | 3900 4000 жсж | 4100 4000 жсж | 3850 4700 жсж | 3850 6300 жсж 410 скж | 3800 7300 жсж 3111 өас |
|
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ | |||||||||||||||
9 | Аксы районундагы Падыша-Ата дарыясынан өзү агуучу Ак-Терек каналын куруу | 1 | 800 | 3400 скж | 50 - | 100 - | 100 - | 150 - | 200 - | 200 3400 скж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
10 | Ала-Бука районунда Сумсарсай суу сактагычын куруу
| 2 | 1050 | 1500 жсж (6000) |
| 100 - | 150 - | 200 - | 300 500 жсж | 300 1000 жсж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
11 | Ала-Бука районундагы Чанач-Сай дарыясында СЖБ экинчи этабын куруу | 1 | 400 | 2800 жса |
| 100 300 жса | 100 300 жса | 100 500 жса | 100 1700 жса |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
12 | Сузак районундагы Көгарт суу сактагычын куруу
| 3 | 5750
| 6200 жсж (24000) |
|
|
| 200 - | 800 - | 750 - | 1000 - | 1000 500 жсж | 1000 2700 жсж
| 1000 3000 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
13 | Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун жерлерин сугаруу үчүн Кара-Уңкур дарыясында суу сактагычты куруу | 3 | 3000
| 3000 жсж (12000) |
|
|
|
| 200 - | 300 - | 500 500 жсж | 1000 1000 жсж | 1000 1500 жсж |
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
14 | Ала-Бука районундагы “Касан-Сай” дарыясынан “Орток-Бел” каналын куруу | 2 | 2100 | 4000 жсж (16000) |
|
| 200 - | 400 - | 500 1000 жсж | 500 1000 жсж | 500 2000 жсж |
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
15 | Тогуз-Торо районундагы “Жогорку Ак-Күп” каналын куруу | 2 | 300 | 480 жсж (1500) |
|
| 60 - | 60 - | 60 - | 60 100 жсж | 60 380 жсж |
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
16 | Ноокен районундагы “Ничке-Сай” каналын куруу | 2 | 250 | 1025 жсж (3000) |
|
| 100 200 жсж | 150 825 жсж |
|
|
|
|
|
| Мамбюджет |
| Жалпы |
| 13650 | 16205 жсж 3400 скж 2800 жса (62500) | 50
| 300 300 жса | 710 200 жсж 300 жса | 1260 500 жса 825 жсж | 2160 1500 жсж 1700 жса | 2110 2100 жсж 3400 скж | 2060 2880 жсж | 2000 1500 жсж | 2000 4200 жсж | 1000 3000 жсж |
|
ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУ | |||||||||||||||
17 | Жети-Өгүз районундагы Жууку дарыясында СЖБ куруу
| 2 | 700 | 1500 жсж (5000) |
| 100 - | 100 - | 150 - | 150 500 жсж | 200 1000 жсж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
18 | Ысык-Көл районундагы “Кара-Ой” айыл аймагынын жерлерин сугаруу | 1 | 80 | 330 жсж (1000) | 30 - | 50 330 жсж |
|
|
|
|
|
|
|
| КЭР гранты |
19 | Тоӊ районундагы “Ак-Өлөң” каналын реконструкциялоо
| 1 | 550 | 1200 жсж 500 скж (3500) | 100 100 скж | 150 100 скж | 150 300 скж | 150 1200 жсж |
|
|
|
|
|
| КЭР гранты |
20 | Тоӊ районундагы Күн-Чыгыш айыл аймагынын Үч-Коргон айылына СЖБ куруу
| 2 | 200 | 200 жсж 4300 скж (600) |
|
| 50 300 скж | 50 400 скж | 100 200 жсж 3600 скж |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
21 | Каркыра дарыясынын агымынын бөлүгүн пайдалануу менен Түп жана Ак-Суу райондорунда жерлерди сугаруу | 3 | 830 | 7800 скж |
|
|
|
| 100 - | 130 - | 150 200 скж | 150 200 скж | 150 200 скж | 150 7200 скж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 2360 | 3230 жсж 12600 скж (10100) | 130 100 скж | 300 330 жсж 100 скж | 300 600 скж | 350 1200 жсж 400 скж | 350 700 жсж 3600 скж | 330 1000 жсж | 150 200 скж | 150 200 скж | 150 200 скж | 150 7200 скж |
|
НАРЫН ОБЛУСУ | |||||||||||||||
22 | Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясынан жерлерди сугаруу (2-этабы) | 2 | 346 | 2451 жсж (7000)
|
|
| 46 - | 100 200 жсж | 100 800 жсж | 100 1451 жсж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
23 | Ат-Башы районундагы “Ичке-Таш-Рабат” каналын куруу
| 3 | 700 | 1000 скж |
|
|
|
| 100 - | 100 - | 100 - | 100 - | 150 500 скж | 150 500 скж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
24
| Ак-Талаа районундагы “Жаман-Даван” каналын куруу
| 3 | 1500 | 2000 жсж (6000) |
|
|
|
| 100 - | 200 - | 300 100 жсж | 300 100 жсж | 300 500 жсж | 300 1300 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
25 | Нарын районундагы Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугаруу
| 2 | 1880 (ГЭС пай-дала-ныл-байт) | 2000 жсж 5000 өас (6000) |
|
|
| 150 - | 230 - | 300 - | 300 - | 300 300 жсж | 300 500 жсж 5000 өас | 300 1200 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
26 | Жумгал районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын Кара-Дөбө дарыясында СЖБ куруу
| 1 | 60 | 100 жсж 368 скж (300) |
| 20 100 скж | 20 100 скж | 20 100 жсж 168 скж |
|
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
27 | Жумгал районундагы Түгөл-Сай дарыясында СЖБ куруу
| 2 | 350 | 3400 скж 1500 жсж (4000) |
|
| 50 - | 100 100 жсж 1000 скж | 100 200 жсж 2400 скж | 100 1200 жсж |
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
28 | “Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясынан жерлерди сугаруу” объектисинин курулуш иштерин аяктоо | 1 | 60 | 200 жсж 700 скж (700) | 60 200 жсж 700 скж |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
29 | Кочкор районундагы “Шамшы” ДЖБ куруу
| 3 | 250 | 500 жсж (1500) |
|
|
|
|
|
| 50 - | 60 - | 70 100 жсж | 70 400 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
30 | Нарын районундагы “Он-Арча” насостук станциясынын ордуна өзү агуучу каналдын курулушу | 3 | 135
| 1400 өас |
|
|
|
|
|
| 35 - | 50 400 өас | 50 1000 өас |
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 5281 | 8751 жсж 5468 скж 6400 өас (25500) | 60 200 жсж 700 скж | 20 100 скж | 116 100 скж | 370 400 жсж 1168 скж | 630 1000 жсж 2400 скж | 800 2651 жсж | 785 100 жсж | 810 400 жсж 400 өас | 870 1100 жсж 500 скж 6000 өас | 820 2900 жсж 500 скж |
|
ОШ ОБЛУСУ | |||||||||||||||
31 | Чоӊ-Алай районундагы “Шибе-Жекенди” каналын куруу | 2 | 400
| 500 жсж 462 скж (1500) |
|
|
| 100 - | 100 - | 100 46 скж | 100 500 жсж |
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
32 | Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоо
| 1 | 290 | 2700 скж | 50 - | 50 - | 50 - | 70 1000 скж | 70 1700 скж |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
33 | Ноокат районундагы Ынтымак айыл аймагында “Каримберди” каналын куруу | 3 | 1200
| 350 жсж 825 скж (1400) |
|
|
|
| 100 - | 200 - | 200 - | 200 325 скж | 250 500 скж | 250 350 жсж | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
34 | Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа, Чалма, Ылай-Талаа, Карагуз, Кеңеш айыл аймактарындагы жерлерди сугаруу | 1 | 230
| 400 жсж 1387 скж (1200) | 30 - | 60 200 скж | 70 1187 скж | 70 400 жсж |
|
|
|
|
|
| Мамбюджет |
35 | Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагынын ирригациялык тармагынын “Ак-Тектир” жана “Терек-Талаа” каналдарын реабилитациялоо
| 1 | 65 | 560 скж | 65 560 скж |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
36 | Чоӊ-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясынан “Шор-Талаа” массивинин жерлерин сугаруу
| 2 | 800 | 2000 жсж (4000) |
|
|
| 100 - | 150 100 жсж | 150 200 жсж | 200 700 жсж | 200 1000 жсж |
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 2985 | 3250 жсж 5934 скж (8100) | 145 560 скж | 110 200 скж | 120 1187 скж | 340 400 жсж 1000 скж | 420 100 жсж 1700 скж | 450 200 жсж 462 скж | 500 1200 жсж | 400 1000 жж 325 скж | 250 500 скж | 250 350 жсж |
|
ТАЛАС ОБЛУСУ | |||||||||||||||
37 | Кара-Буура районундагы Сарымсак каналын реконструкциялоо
| 1 | 600 | 2000 жсж 300 скж (6000) | 50 100 скж | 100 100 скж | 150 100 жсж 100 скж | 150 500 жсж
| 150 1400 жсж |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет, ИӨБ |
38 | Кара-Буура районундагы Бакты-Ногой каналын куруу
| 1 | 170
| 380 жсж 2500 скж (1000) | 70 500 скж | 100 380 жсж 2000 скж |
|
|
|
|
|
|
|
| КЭР гранты |
39 | Бакай-Ата районундагы “Кызыл-Жар” жана “Жалпак-Тил” каналдарынын курулуш иштерин аяктоо
| 1 | 100 | 16000 скж
| 50 6000 скж | 50 10000скж |
|
|
|
|
|
|
|
| КЭР гранты |
40 | Манас районундагы “Кадыралы” каналын реабилитациялоо | 2 | 150 | 1500 скж 300 жсж (900) |
|
| 50 500 скж | 100 300 жсж 1000 скж |
|
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 1020 | 2680 жсж 20300 скж (7900) | 170 6600 скж | 250 380 жсж 12100 скж | 200 100 жсж 600 скж | 250 800 жсж 1000 скж | 150 1400 жсж |
|
|
|
|
|
|
ЧҮЙ ОБЛУСУ | |||||||||||||||
41 | Айланып суу өткөрүүчү 2-Чүй каналын куруу
| 2 | 3500
| 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт |
|
| 200 - | 500 - | 700 - | 700 - | 700 - | 700 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт |
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
42 | Чүй районунун Шамшы дарыясында СЖБ куруу
| 1 | 200
| 1025 скж |
| 50 50 скж | 50 100 скж | 50 225 скж | 50 650 скж |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет Экономика-лык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республи-касы) |
43 | Москва районундагы “Спартак” суу сактагычынын алдындагы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү | 1 | 600
| 2700 жсж (8000) | 50 50 жсж | 100 50 жсж | 150 200 жсж | 150 700 жсж | 150 1700 жсж |
|
|
|
|
| КЭР гранты |
44 | Москва районундагы Ак-Суу дарыясында СЖБ куруу
| 3 | 200
| 2048 скж
|
|
|
|
| 50 - | 50 200 скж | 50 500 скж | 50 1348 скж |
|
| Сырткы каржылоо булактары, Экономика-лык өнүгүүгө көмөктөшүү фонду (Корея Республи-касы), мамбюджет |
| Жалпы |
| 4500 | 2700 жсж 3073 скж 200-400 млн м3 суу үнөм- дөлөт (8000)
| 50 50 скж | 150 50 жсж 50 скж | 400 200 жсж 100 скж | 700 700 жсж 225 скж | 950 1700 жсж 650 скж | 750 200 скж | 750 500 скж | 750 1348 скж 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт
|
|
|
|
45 | Сугат жерлерин мелиоративдик калыбына келтирүү
| 2 | 500 | 50000 мкк | 20 2000 мкк | 30 3000 мкк | 50 5000 мкк | 50 5000 мкк | 50 5000 мкк | 60 6000 мкк | 60 6000 мкк | 60 6000 мкк | 60 6000 мкк | 60 6000 мкк | Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
46 | Ирригацияны өнүктүрүүнүн схемаларын иштеп чыгуу | 1 | 100 |
| 20 | 20 | 20 | 20 | 20 |
|
|
|
|
| Сырткы каржылоо булактары, мамбюджет |
| Жалпы |
| 58786 | 66571 жсж 51085 скж 2800 жса 9511 өас 50000 мкк 200-400 млн м3 суу үнөм- дөлөт (245190) | 810 405 жсж 7860 скж 2000 мкк | 2080 810 жсж 12550 скж 300 жса 3000 мкк | 3616 950 жсж 2587 скж 300 жса 5000 мкк | 6065 4825 жсж 3793 скж 500 жса 5000 мкк | 8130 8800 жсж 8350 скж 1700 жса 5000 мкк | 8400 9951 жсж 4062 скж 6000 мкк
| 8405 8180 жсж 700 скж 6000 мкк | 8020 7600 жсж 1873 скж 400 өас 200-400 млн м3 суу үнөм-дөлөт 6000 мкк | 7180 11500 жсж 1610 скж 6000 өас 6000 мкк
| 6080 13550 жсж 7700 скж 3111 өас 6000 мкк
|
|
Эскертүү: ЖСЖ - жаӊы сугат жерлерин пайдаланууга берүү; СКЖ- суу менен камсыздоону жогорулатуу; ЖСА-жаӊы сугат жерлерге айландыруу; МКК - сугат жерлерин мелиоративдик калыбына келтирүү; ӨАС - өзү агуучу сугарууга которуу; ЖЖО - жаӊы жумуш орундары, СПА - суу пайдалануучулардын ассоциациясы, СЖБ - суткалык жөнгө салуучу бассейн, ДЖБ - декадалык жөнгө салуучу бассейн.