Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 446
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 535-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"535-статья. Салык кызматынын органдары
Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдары ушул Кодекстин 213-11, 286-1, 291, 295, 300, 301-1, 301-2, 301-4, 310, 341, 346, 348-356, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чарасын көрөт.
Эскертүү. 213-11, 286-1, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-4, 341-статьялардын биринчи бөлүгүндө, 354, 410, 410-1-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо салык кызматынын органдары айып түрүндө администрациялык жаза чарасын колдонушат. Администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 535-1- статья менен толукталсын:
"535-1-статья. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүгүндө, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого алат.
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктарынын жетекчилери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого алат жана администрациялык жаза чараларын көрөт.
Эскертүү. 286-1, 300, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьянын биринчи бөлүгүндө, 341, 354-статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар айып түрүндө негизги администрациялык жаза чарасын гана көрүшөт, администрациялык жаза чарасынын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.
3) 556-1-статьясында:
а) 1-пункттун 1-пунктчасынын жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"салык кызматынын органдары (213-11, 286-1, 291, 295, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-4, 308, 310, 340, 341, 346, 354, 405, 410, 410-1-статьялар)";
б) 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы отуз сегизинчи абзац менен толукталсын:
"этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (285, 286, 286-1, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьялары, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүгү, 307, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьялары).
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти