Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 441
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157, 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1.1-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.2. "Өткөөл" банкты кошпогондо, жаңыдан түзүлүүчү банктар мындай банктар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы суммасында Депозиттерди коргоо фондуна кириш төгүмүн төлөөгө тийиш. Кириш төгүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки мезгилде төлөнүүгө тийиш. Банкты кайра түзүмдөштүрүүнүн жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кириш төгүмүн төлөөдөн бошотулат.";
- 3.5-пунктундагы "Эгерде көрсөтүлгөн чаралар 6 айдын ичинде натыйжа бербесе, Агенттик банк-катышуучуга чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылат." деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускамада:
- 23-пунктундагы "инсайдерлеринен жана аффилирленген" деген сөздөр "аффилирленген жана банкка байланышкан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. 12-графада юридикалык, жеке жактарга жана жеке ишкерлерге карыздын жалпы суммасы көрсөтүлөт, ал 2-11-графалардагы чоңдуктардын суммасы катары аныкталат. "Аманаттын (депозиттин) өлчөмү" деген сапка кирген графаларда ар бир аманатчыга (кардарга) карата карыздын жалпы өлчөмү боюнча отчеттук датага карата топтоштуруу жасалат:
- 1000 сомго чейин;
- 25000 сомго чейин;
- 50000 сомго чейин;
- 100000 сомго чейин;
- 200000 сомго чейин;
- 300000 сомго чейин;
- 400000 сомго чейин;
- 500000 сомго чейин;
- 750000 сомго чейин;
-1 млн. сомго чейин.";
- жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинин биринчи таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу сап менен толукталсын:
"
Жыйынтыгы, улуттук валютада |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
";
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемесинде:
"Аманаттын (депозиттин) өлчөмү" таблицасынын сабындагы 3-11-тилкелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
25000 чейин | 50000 чейин | 100000 чейин | 200000 чейин | 300000 чейин | 400000 чейин | 500000 чейин | 750000 чейин | 1 млн. чейин |
";
- таблицанын биринчи тилкесинин 11 жана 18-сабындагы "инсайдерлер, аффилирленген жактар жана алардын жакын туугандары" деген сөздөр "аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 5-тиркемесинде:
1-пунктундагы "Жеке адамдардын" деген сөздөр "Юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктундагы "Юридикалык жактардын" деген сөздөр "Жеке адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 198 "Микрофинансылык компаниялардын жана насыялык союздардын депозиттерин коргоо тутумун киргизүү үчүн баштапкы чаралардын программасын бекитүү жөнүндө токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |