Загрузка документа…
(Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года №9)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июлу № 439
2017-2018-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2018-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдарына карата 2017-2018-окуу жылында окуучуларды бюджеттик негизде кабыл алуу планын бекитишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч айлык мөөнөттө Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыл сайын бекитүүсүн караштырган тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2018-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын САНЫ
№ | Шифр | Адистиктердин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
2 | 050702 | Тарбиялык ишти уюштуруу | 25 |
3 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 125 |
4 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 525 |
5 | 050720 | Дене тарбия | 50 |
6 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 43 |
7 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусствосу жана элдик чыгармалар | 9 |
8 | 070903 | Скульптура | 9 |
9 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 9 |
10 | 080106 | Финансы | 25 |
11 | 080107 | Салыктар жана салык салуу | 25 |
12 | 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап | 25 |
13 | 080114 | Жер-мүлк мамилелери | 25 |
14 | 110201 | Агрономия | 25 |
15 | 110301 | Айыл чарба механизациясы | 25 |
16 | 110302 | Айыл чарбасын электрификациялоо жана автоматизациялоо | 75 |
17 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 25 |
18 | 111201 | Ветеринария | 100 |
19 | 120101 | Колдонмо геодезия | 25 |
20 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 25 |
21 | 130404 | Жер астындагы пайдалуу кендерди иштетүү | 25 |
22 | 130503 | Мунай зат жана газ кендерин иштетүү жана эксплуатациялоо | 25 |
23 | 140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 50 |
24 | 140212 | Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) | 50 |
25 | 140613 | Электр жана электрдик-механикалык жабдууларды техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 25 |
26 | 150411 | Өнөр-жай жабдууларын куроо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 25 |
27 | 151001 | Машина куруу технологиясы | 25 |
28 | 190503 | Транспорт электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорт түрлөрү боюнча, суудан башкасы) | 25 |
29 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 75 |
30 | 190605 | Көтөрүүчү, жол, курулуш машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо | 25 |
31 | 190701 | Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу (транспорт түрү боюнча, аба унаасынан башкасы) | 50 |
32 | 210406 | Байланыш тармактары жана коммутация системалары | 25 |
33 | 220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 50 |
34 | 230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) | 25 |
35 | 230109 | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо | 75 |
36 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 25 |
37 | 260204 | Шарап жана ачытуу өндүрүшүнүн технологиясы | 25 |
38 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 50 |
39 | 260901 | Тигүү буюмдарынын технологиясы | 25 |
40 | 270103 | Курулуш жана имараттарды куруу жана эксплуатациялоо | 100 |
41 | 270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдеткичтерди куроо жана эксплуатациялоо | 50 |
42 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
43 | 270301 | Архитектура | 50 |
44 | 280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү сактоо | 50 |
45 | 280401 | Мелиорация, рекультивация жана жерди сактоо | 25 |
46 | 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар жана чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздар үчүн орундардын саны | 10 | |
Бардыгы: | 2255 | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
47 | 060101 | Дарылоо иши | 225 |
48 | 060102 | Акушердик иши | 300 |
49 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 50 |
50 | 060107 | Стоматология профилактикасы | 100 |
51 | 060109 | Медициналык айым иши | 485 |
52 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 175 |
Бардыгы: | 1335 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | |||
53 | 070102 | Аспаптарда аткаруу (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 129 |
54 | 070104 | Вокалдык искусство | 22 |
55 | 070106 | Хорго дирижёрлук кылуу | 22 |
56 | 070109 | Эстрада музыкалык искусствосу (түрү боюнча) | 18 |
57 | 070113 | Музыка теориясы | 10 |
58 | 070201 | Актердук искусство | 24 |
59 | 070302 | Хореографиялык искусство | 40 |
60 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 16 |
61 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусствосу жана элдик чыгармалар | 18 |
62 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 19 |
63 | 071202 | Китепкана таануу | 48 |
64 | 071402 | Социалдык-маданий иш (түрлөрү боюнча) | 90 |
Бардыгы: | 456 | ||
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | |||
65 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
66 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу | 20 |
67 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык навигатордук комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик | |||
68 | 050721 | Дене тарбия | 25 |
Бардыгы: | 25 | ||
Жалпы: | 4131 | ||