Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-августу № 456
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жободо:
- 4-пунктундагы "каржылык-насыялык чөйрөнүн тиешелүү билимине" деген сөздөр "жогорку билимге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктундагы:
- экинчи жана үчүнчү абзацтар "каржылык-насыялык мекемелерде" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик кызматта" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |