Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 токтому менен бекитилген
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2015-жылдын 26-марты № 159, 2017-жылдын 1-августундагы № 456, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Бул жобо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын өз милдеттерин жана тапшырмаларын аткаруу үчүн алардын компетенттүүлүк, квалификациялык ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык коюлуучу квалификациялык талаптарды белгилейт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары төмөнкүлөр болуп саналат:
- аткаруу органынын жеке же коллегиялуу жетекчиси;
- коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер жана ички аудитор.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишин жүргүзүү жана өздөрүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн, бул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) макулдугунан өтүүсү зарыл.
Макулдашуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жаңы түзүлгөндө камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны алуу үчүн;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары жогорку билимге, компетенцияга, тажрыйбага жана стажга ээ болушу керек.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-августундагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасында таанылган жогорку билимге ээ болушу керек.
Башкы бухгалтердин орто кесиптик билими болушуна жол берилет, бирок мындай учурда кесиби боюнча иш тажрыйбасынын 3 жылдан кем болбошу эске алынат.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын стажына жана иш тажрыйбасына коюлуучу квалификациялык талаптар:
- жеке же коллегиалуу аткаруу органынын жетекчисинин ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык камсыздандыруу компанияларында, финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда эки жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- коллегиалуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарында эки жылдан кем эмес иш стажы болууга же финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- башкы бухгалтердин камсыздандыруу иши чөйрөсүндө бухгалтер кызматында эки жылдан кем эмес же финансы-кредиттик мекемелерде бухгалтер кызматында үч жылдан кем-эмес, же башкы бухгалтер кызматында беш жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- ички аудитордун камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же финансы-кредиттик мекемелердин же болбосо мамлекеттик мекеменин башкы бухгалтери, ички аудитору кызматында эки жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
- ушул пункт менен аныкталган эмгек стажына финансылык уюмдун бөлүмдөрүндөгү анын коопсуздугун камсыз кылуу, администрациялык-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү менен байланышкан иш (маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисин кошпогондо) кирбейт;
- мамлекет жайгаштырылган акциялардын элүү пайызынан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө ээлик кылган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органынын жетекчиси жана аткаруу органынын жетекчисинин орун басары кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу (сунуштамасы) боюнча талапкерге ушул пунктта каралган стаж талап кылынбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына карата коюлуучу чектөөлөр
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамы болуп төмөнкүлөр шайлана (дайындала) албайт:
- жогорку билими жок;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун чечими менен ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө же камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө тыюу салынган;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда мурда жетекчи кызматын ээлеген, ага карата Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан ошол адамдын ишине түздөн-түз байланышкан негиздер боюнча камсыздандыруу уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрация дайындоо жөнүндө чечими кабыл алынган. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган датадан кийин беш жыл ичинде колдонулат;
- мурда жетекчи кызмат ордун ээлеген, мажбурлоо тартибинде банкрот болуп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкы бухгалтери жана ички аудитору болуп саналган жана анын иш-аракеттери (аракетсиздиги) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясын жокко чыгарууга алып келгендигин күбөлөндүрүүчү ырастоого ээ. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган датадан кийин беш жыл ичинде колдонулат;
- ушул пунктта белгиленген эмгек стажы жок: эл аралык финансы уюмдарында;
жана (же) финансы рыногун жана финансылык уюмдарды жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө;
жана (же) финансы кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө; жана (же) финансылык уюмдарга аудит жүргүзүү боюнча; жана (же) финансылык уюмдарга аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндө;
жана (же) финансылык уюмдардын ишин автоматташтыруу үчүн пайдаланылуучу программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө;
жана (же) жогоруда саналган чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жактарда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
7-1. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдукту төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алат:
- макулдук берүүгө негиз болгон анык эмес маалыматтарды табуу;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетекчи кызматкерге карата көзөмөлдүк чара көрүү (түз көзөмөлдү киргизүү, убактылуу администраторду киргизүү) чараларын көрүү;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу же жоюлбаган соттуулугу бар.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызматтык адамынын мурда берилген (берилген) макулдугун (макулдуктарын) чакыртып алуу үчүн негиз болуп саналат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдук чакыртып алынган учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму кызмат адамы менен эмгек келишимин бузууга же болбосо эмгек келишими жок учурда кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул Жобонун 4-пунктунда каралган жоболорго туш болгон учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына макулдашуу жөнүндө катты бериши керек, ага ар бир талапкер боюнча төмөнкүдөй документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет:
- талапкерди шайлоо жөнүндө чечим кабыл алган камсыздандыруу уюмунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чогулушунун (отурумунун) протоколунун;
- адамды дайындоо жөнүндө буйруктун;
- жогорку билими жөнүндө дипломдун;
- орто-атайын билими жөнүндө дипломдун (башкы бухгалтер үчүн);
- талапкердин инсандыгынын күбөлүгүнүн;
- эмгек китепчесинин;
- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 26-марты № 159 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
ошондой эле:
- талапкердин белгиленген түрдөгү (1-тиркемеге ылайык формада) анкетасынын түп нускасы.
9. Макулдашуу жол - жоболорунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөрүлгөн учурда камсыздандыруу уюму жаңы кызмат адамын шайлаган (дайындаган) учурдан тартып 5 иш күндүн ичинде камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүнү берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу тууралуу кат камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына шайлаган (дайындаган) учурдан тартып 10 иш күндүн ичинде, жогоруда саналып көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен берилиши керек.
10. Анкета пунктунда камтылган маалыматтар өзгөрүлгөн учурда, макулдашуудан өткөн кызмат адамдары, өзгөрүү болуп өткөндөн кийин 10 күндүн ичинде бул тууралуу жазуу жүзүндө камсыздандырууну көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү.
11. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
12. Камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу башкаруучу мамлекеттик органга келип түшкөн документтердин анкеталарынын толук толтурулгандыгы жана талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайыктыгы 3 күндүн ичинде каралат.
13. Кароого документтердин пакети толук эмес берилсе же алар бул жобо менен белгиленген талаптарга туура келбесе, анда себептери көрсөтүлүү менен алар кайра иштеп чыгууга расмий түрдө кайтарылып берилет.
Жетекчи кызматтарын ээлеген, башкы бухгалтер жана ички аудитор болуп иштеген адамдар бул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген учурда камсыздандыруу ишин жүргүзүү лицензиясы берилбейт.
14. Бул Жобонун баардык талаптары сакталган учурда камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы 15 иш күндүн ичинде жетекчи кызматка, башкы бухгалтер жана ички аудитор кызматына талапкердин ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
15. Чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органынын чечими камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна билдирилет.
16. Камсыздандыруу уюмунун аткаруу органынын жетекчиси 2 айдан ашуун ишке келбей калган учурда, анын милдети, акыркы жылдын ичинде жетекчи кызматын аткарууга дайындалган күндөн тартып камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органынын макулдук жол-жоболорунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлөт.
17. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жетекчи кызматында иштеген адам убактылуу жок болгон учурда анын ордуна иштөө акыркы жылдын ичинде макулдашуудан өтпөгөн талапкерге сунуштаса, ал талапкер кызмат ордуна киришкенге чейин камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органында макулдук жол-жоболорунан өтүшү керек.
18. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкы бухгалтери, ички аудитору иште 2 айдан ашуун болбой калган учурда аны алмаштыруучу адам камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органынын макулдук жол-жоболорунан өтүүгө тийиш. Башкы бухгалтердин жана ички аудитордун ордуна иштей турган талапкердин тиешелүү документтери камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына кызмат ордуна дайындалгандан кийин 10 иш күндөн кечиктирилбей берилиши керек.
19. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары тарабынан берилген маалыматтарда анык эместик, толук эместик, атайлап бурмалоо табылса жана маалыматтар өз учурунда берилбесе, анда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган чечимге макул болбогон учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечимине каршы даттанууну Талаштарды сотко чейин жөнгө салуучу комиссиянын регламентинде белгиленген тартипте, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбей талаштарды сотко чейин жөнгө салуучу комиссияга берүүгө укуктуу.
Көрсөтүлгөн адам чечимди кайра кароо жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берүүгө мүмкүндүк бербеген негиздүү себептер тууралуу далилдерди берген учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз бере турган мөөнөтүн отуз календарлык күндөн ашпаган убакытка узартууга Комиссия укуктуу. Ыйгарым укуктуу органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтүн узартуу үчүн керектүү негиздердин тизмеси бул Комиссиянын регламентинде аныкталат.
Комиссия жөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана арыз келип түшкөн күндөн тартып отуз күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө милдеттүү, төмөнкү учурдан башкада качан даттануучу "Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөттөрдү узартуу тууралуу өтүнгөндө.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген соттук тартипте чечимге даттанууга укуктуу.
(*) Эскертүү: жетекчи кызмат деп мекеменин же уюмдун түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат түшүнүлөт.
1-тиркеме Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобого
Талапкерге макулдук берүү жана
кызмат орунду ээлөөгө укук берүү
АНКЕТАСЫ
1. Фамилиясы _____________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Теги _____________________________________________________________
2. Сунуш кылынган жагдайды көрсөт ________________________________ _______________________________________________________________________
(кызматы, уюмдун аталышы)
_______________________________________________________________________
3. Эгерде фамилияңызды алмаштырсаңыз, качан, кайсы себептен алмаштырганыңызды көрсөт: __________________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Туулган күнү, айы, жылы жана жери _____________________________
5. Улуту _________________________________________________________
6. Жарандыгы (эгерде өзгөрсө качан, кайсы себептен алмаштырганыңызды көрсөт) _______________________________________________________ _______________________________________________________________________
7. Паспорттук маалыматтары, сериясы: __________ номери: __________
берилген күнү ____________ ким тарабынан берилген ________________
8. Жашаган жери (катталуусу): ____________________________________ _______________________________________________________________________
9. Билими, качан жана кайсы окуу жайды бүткөн, дипломдордун номери. Диплом боюнча адистиги. Диплом боюнча квалификациясы ______________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
10. Илимий даражасы, илимий наамы, качан берилген, дипломдордун номерлери _____________________________________________________________ _______________________________________________________________________
11. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши (жогорку жана орто атайын окуу жайларын, аскердик кызматын, бир нече жерде иштеген иштери, ишкердик иши жана д.у.с.). Бул пунктту толтурууда өз учурунда мекеме, уюм, ишкана кандай аталса ошондой атоо керек __________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
12. Сиз жана Сиздин жакын туугандарыңыз соттолду беле, соттолсо качан жана эмне үчүн __________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
13. Үйдүн дареги жана телефондун номери __________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
14. Сиз жана Сиз иштеген компаниянын атынан кайсы бир өлкөгө барсаңыз, аны көрсөт:
- укук бузуу жана/же кылмыш кылуу үчүн айып коюлду беле __________ _______________________________________________________________________
(ооба/жок)
- тартиптик жаза чаралары колдонулду беле ________________________ _______________________________________________________________________
(ооба/жок)
Эгерде болсо, укук коргоочу органдын аты-жөнүн көрсөтүү менен укук коргоо органы тарабынан коюлган айыптын, айып өкүмүн чыгаруунун жөнүн, мамлекеттик органдар колдонгон күнөөлөөнү же тартиптик жаза чараны, териштирүүлөрдүн, соттун чечимдеринин жыйынтыктарын толук баянда: _______ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
15. Сизге карата кайсы бир кесиптик иште иштөөгө тыюу салынды беле. Тыюу салынса, анын себебине түшүндүрмө бер ________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Мен, ____________________________________________________________,
(Фамилиясы, аты, теги)
жогоруда анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимиме жана маалыматтарыма жараша чындыктын толук берилгендигин ырастаймын. Мен тараптан атайлап бурмалоолор жана жашырып коюулар боло турган болсо, ал сунуш кылынган кызматка макулдук берүүдөн баш тартууга жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликтерге кириптер кылаарын билемин.
Толтурулган күн "___" ____________ 20__ жылы.
Койгон колу: _____________________