Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 458
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк секторун өнүктүрүү жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) долбоору менен мобилдүү үрөн тазалоочу машиналарды жана бурулуучу, коңтормо асма соколорду алган үрөнчүлүк чарбаларга жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- үрөнчүлүк чарбаларга кредитке берилген мобилдүү үрөн тазалоочу машиналардын жана бурулуучу, коңтормо асма соколордун алгачкы наркын 70 пайызга төмөндөтсүн.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомго ылайык мурда түзүлгөн кредиттик макулдашууларга кошумча макулдашууларды түзсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |