Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-февралы № 50
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 458 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен АКШнын Өкмөтүнүн ортосунда 2010-жылдын 25-октябрында кол коюлган Экономикалык реформаларды колдоо жана экономикалык өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, ошондой эле АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (ЮСАИД) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине товардык-материалдык ресурстарды (айыл чарба техникасын, жабдууларды жана үрөндүк материалды) берээрин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги товардык-материалдык ресурстарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик насыяларды товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык 14 үрөн чарбага бөлүштүрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду товардык-материалдык ресурстарды бөлүштүрүү боюнча республикалык комиссиянын протоколдук чечиминин негизинде товардык-материалдык ресурстарды алуучулар менен насыялык-күрөөлүк документтерди төмөнкүдөй шарттарда тариздесин:
- 14 үрөн чарбага колдоо үчүн берилген товардык-материалдык ресурстарды кайтарып берүү - 7 жылдын ичинде;
- берилген каражаттар төмөнкүдөй шарттарда төлөнөт: 30 пайызы акчалай гана жана 70 пайызы - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү түрүндө, 2 жыл кийинкиге жылдыруу менен 7 жыл бою бирдей үлүштө;
- берилген товардык-материалдык ресурстардын күрөөлүк камсыздоосу болуп алынган айыл чарба техникасы, жабдуулар жана башка мүлк эсептелет;
- төлөөнү кечиктиргендик үчүн айыптык санкция ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,02 пайыз өлчөмдө белгиленет;
- үрөнчүлүк чарбаларга кредитке берилген мобилдүү үрөн тазалоочу машиналардын жана бурулуучу, коңтормо асма соколордун алгачкы наркын 70 пайызга төмөндөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 458 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) долбоору боюнча кайра төлөнүүчү каражаттарды республиканын үрөнчүлүк секторун андан аркы финансылык колдоо үчүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында депозиттик эсеп ачсын. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон каражаттар кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана пайдаланылууга тийиш.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |