Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 637
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
''Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын укуктук статусун аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 5-октябрындагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Аскердик соода башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтому менен түзүлгөн "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишин жалпы жетектейт, координациялайт жана стратегиялык пландайт.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Управление военной торговли" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "АСБ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "УВТ" при МО КР".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укугу бар.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана, мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы, ал бекиткен жоболордун негизинде иш алып барат. Ишкана, өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Ишкананын Оштогу филиалы бар.
Ишкананын Оштогу филиалынын юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 100.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кустанай көчөсү, 117.
13. Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органынын аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматкерлерин соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу, гарнизондордо, аскер шаарчаларында, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерде (анын ичинде талаа шарттарында) алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу боюнча ишти жүргүзөт.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) улуттук коопсуздукту камсыздоо, коргонуу жөндөмүн коргоо менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкананын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана кызматкерлерин соода-тиричилик жактан тейлөөнү уюштуруу боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, гарнизондордо, аскер шаарчаларында, аскердик контингент (бөлүкчө) жайгашкан башка жерлерде (анын ичинде талаа шарттарында) алардын товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу боюнча түз мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары үчүн аткаруу;
3) коргонуу маанидеги программаларды жана социалдык багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
4) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-тиричилик жактан тейлөө.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жана функциялардын аткарылышына жетишүү;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын Кыргыз Республикасынын аймагында дислокацияланган аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, кызматкерлерин (мындан ары - керектөөчүлөр) соода-тиричилик жактан тейлөөнү аскердик бөлүктөрдүн, аскер шаарчаларынын жана аскердик гарнизондордун аймагында жайгашкан ашканалар, дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу, ошондой талаа шарттарында уюштуруу;
3) аскер шаарчаларында жана талаа шарттарында күнүмдүк керектелүүчү жана аскердик ассортименттеги товарларды сатууну дүкөндөр жана соода түйүндөрү аркылуу уюштуруу;
4) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу программаларына катышуу.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) туруктуу жана убактылуу жашаган жеринде керектөөчүлөрдү соода-тиричилик жактан тейлөө;
2) коомдук тамактануу тармагын түзүү;
3) тиричилик жактан тейлөө тармагын түзүү (формалык жана башка кийим жана бут кийим тигүү жана оңдоо ательелери жана устаканалары, саат оңдоочу жайлар, чач тарач, фото устаканалары, тиричилик устаканалары, убактылуу колдонууга берүү пункттары ж.б.);
4) көчмө соода-сатыкты уюштуруу (талаа шарттарында, машыгууларда жана соодага байланыштуу башка иш-чараларда);
5) аскер шаарчаларында жана талаа шарттарында күнүмдүк суроо-талаптагы товарларды сатуу;
6) соода-сатык көргөзмөлөрүн, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
7) керектөөчүлүк суроо-талапты изилдөө, өнөр жай өкүлдөрү жана башка өндүрүүчүлөр менен Ишкана жеткирген товарлардын ассортиментин, сапатын макулдашуу, дүң-чекене соода-сатык жарманкелерге катышуу;
8) өнөр жай жана азык-түлүк товарларын сатып алууну уюштуруу, ушул товарларды чыгарган ишканалар менен жеткирүүчүлөрдүн (сатуучулардын) ортосунда ортомчулук ишин жүзөгө ашыруу;
9) Ишкананын машина куруу-техникалык базасын оңдоо жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу;
10) керектөөчүлөрдү тейлөөнүн формаларын жана методдорун өркүндөтүү, чет мамлекеттердин ушундай уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
11) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык коргоодо мамлекеттик башкаруучу органга көмөк көрсөтүү;
12) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында өткөрүлүшүн ар тараптан камсыздоо боюнча иш-чараларга катышуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык зарыл сатып алууларын жүзөгө ашырууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) Уюштуруучунун макулдугу менен өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын жумуштарын аткаруу үчүн жеке жактарды ишке тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) башка юридикалык жактар менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк жана жеке жактар менен чарбалык келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
7) белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте тараптардын макулдашуусу боюнча төлөө менен адистерди ишке тартууга;
8) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
10) зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды Уюштуруучунун макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ижарага келишимдик негизде берүүгө, өткөрүп берүүгө;
12) ишти камсыз кылуу үчүн Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
18. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерин аткарган жана кызматтарын көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
2) Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каржылоону камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
5) Ишкананын керектүү отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана милдеттүү бардык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салыктык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин так жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын иши тууралуу кварталдык жана жылдык отчетторду мамлекеттик башкаруучу органга берүүгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөсүн токтоткондон кийин дагы мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алган жарандардын жеке жашоосуна, абийирине жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо же Ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү;
3) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча Уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн киргизүү;
10) коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (союздарынын) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндө тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансылык-чарбалык ишин талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
4) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү камсыздоого;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын бузган жана ушул бузуулар жөнүндө ага белгилүү болуп калган фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп эсептелген маалыматты үчүнчү жактарга билдирбөөгө;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананын жетекчиси болуп директор саналат.
24. Ишкананын директорун мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, Ишкананын жетекчисинин кызматына коюлган квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган адамдардын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт.
Ишкананын директорун мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматтан бошотот.
25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын иши канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракет жасаганда;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга бюджеттин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү үчүн киргизүү;
4) финансылык-чарбалык иш жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын кызыкчылыктарын ишеним катсыз жана анын атынан Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, сот органдарында билдирүү;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында каралган келишимдерди түзүү;
7) банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачуу;
8) банктык жана финансылык документтерге кол коюу, ишеним каттарды берүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруучу органдын жетекчилигинин чечимдерин аткарууну камсыздоо;
10) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, эмгек акы төлөө фондун кошо алганда, бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу, эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн, жумуштун сменасын белгилөө, жумуш убактысын суммалап эсепке алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилөө;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган жумуш күндөрүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөө;
13) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
14) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
15) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
16) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставда жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
29. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин, Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын жана финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органга кароого киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын иш чөйрөсүнө байланышкан бардык аларга керектүү болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарын бузулган, ага белгилүү болуп калган фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
5) коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр болуп эсептелген Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга билдирбөөгө;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) ишеним катсыз Ишкананын атынан аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларда жана мекемелерде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашкандан кийин Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
5) Ишкананын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын, иштөө режимин, эмгек акы төлөө жана сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
6) Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
7) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
8) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
10) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарын, мүлктү жана башка активдерди максаттуу пайдалануу, өндүрүштө техникалык коопсуздукту сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) мамлекеттик ишканалардын ишинин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директору бекиткен милдеттерге ылайык өз ыйгарым укуктарын аткарат.
35. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына же Ишкананын кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
39. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерди аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттениши керек.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Төмөнкү адамдар Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде жоюлбаган соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн мурда уюмдун жетекчисинин кызматынан бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбачыл субъектте мурда жетектөөчү кызматтарды ээлеген, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызматтарды, саясий жана административдик муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар.
42. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдардын кызматта турган мезгилде ошол эле убакта жеке жана ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышуу укугу жок.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана финансы-чарбалык ишти өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планын Ишкана үч жылдык мезгилге иштеп чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган бекитет.
44. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгынын негиздөөсүн;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалына баа берүүнү;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планды;
8) тобокелдиктердин талдоосун.
45. Ишкананын иш пландарынын негизин жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин өзү тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка чарбалык өз ара мамилелердин шарттарын өзү аныктайт.
47. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүп турушу керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (эгер бар болсо, ички аудит кызматына);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
50. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу, экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча жалпы мамлекеттик системаны жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
51. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
53. Ишканага мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген. Ишкананын мүлк пайдалануусуна негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен чарба жүргүзүү укугу саналат.
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өзүнчө балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
55. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) өзүнө бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, продукциялар;
3) чарбалык ишинин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
56. Финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишинин предметине жана уставдык максаттарына ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун жүзөгө ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле анын чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
59. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине аларга бекитилген таза пайданын өлчөмүнүн бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
60. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы кошуу, бириктирүү, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
61. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюуну өткөрүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалгандан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарды алат.
63. Ишкананын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.