Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы № 459 токтому менен бекитилген |
2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Учурдагы абалды талдоо жана баалоо
Органикалык айыл чарба өндүрүшү - бул азыркы этапта экономиканын агрардык секторунун өнүгүп жаткан багыты, ушул этапта айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү өлкөнүн калкына экологиялык таза продуктуларды камсыздоо менен коштолот.
Баарыбызга белгилүү болгондой, пландуу индустриализация мезгилинде айыл чарбасын интенсивдүү жүргүзүү өзүнүн жеткен чегине чейин өнүккөн, көптөгөн минералдык жер семирткичтер, химиялык заттар жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өсүшүн жөнгө салуучулар ашыкча пайдаланылган.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып айыл чарбасында отоо чөп жана зыянкечтер менен күрөшүү үчүн минералдык жер семирткичтерди, химиялык заттарды, ошондой эле өсүшүн жөнгө салуучуларды алып келүү жана пайдалануу кескин түрдө кыскарган. Буга минералдык жер семирткичтерди, химиялык заттарды жана өсүшүн жөнгө салуучуларды чыгаруу менен алектенген республиканын аймагында иштеп жаткан өнөр жай объекттердин (заводдордун жана фабрикалардын) жоктугу түрткү болду.
Советтер союзу кулагандан кийинки мезгилде түзүлгөн абал энергия алып жүрүүчү жана өндүрүштүн башка каражаттарына гана эмес, минералдык жер семирткичтерге, химиялык заттарга жана өсүүнү жөнгө салуучуларга жана башка синтетикалык заттарга болгон баанын кескин жогорулашына алып келген.
Өлкөбүздүн айыл чарбасында 25 жылдын ичинде өндүрүш каражаттарынын жетишсиздигинен жана жоктугунан улам айыл чарба өндүрүшү интенсивдүү жүргүзүлгөн эмес. Айыл чарба багытындагы жерлерди иштетүүдө минералдык жер семирткичтер, химиялык заттар колдонулбайт, алар бардык кошулмалардан кол жууп, толугу менен жабыгуу абалына келген.
Ушуга байланыштуу республикада айыл чарба өндүрүшүн альтернативалуу жүргүзүү зарылдыгы келип чыкты. Мындай альтернатива катары түзүлгөн абалдан чыгуунун жолу болуп органикалык айыл чарба өндүрүшү сунушталууда.
Органикалык айыл чарба өндүрүшү айыл чарбасын жүргүзүүнүн формасы болуп эсептелет, анын алкагында минералдык жер семирткичтерди, синтетикалык заттарды, пестициддерди, өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн жөнгө салуучуларын жана тоют кошулмаларын пайдалануу минимумга жеткирилет.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүндө өсүмдүктөрдү органикалык азыктын элементтери менен камсыздоо, зыянкечтер жана отоо чөптөр менен күрөшүү, которуштуруп айдоо, органикалык жер семирткичтерди жана топуракты иштетүүнүн ар кандай методдорун пайдалануу менен өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык ыкмаларын активдүү пайдалануу биринчи планга коюлган.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө өздүк ресурстар пайдаланууда, айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүнүн калыптанып калган улуттук салттары колдонулууда, жердин күрдүүлүгү жогорулап, биотүрдүүлүк сакталат, ал эми эң негизгиси айлана-чөйрө булганбайт.
Акыркы жылдары дүйнөдө органикалык тамак-аш продуктуларына суроо-талап өсүүдө. Кыргыз Республикасы жаратылыштын биотүрдүүлүгү жана экологиялык абалы бузулбаган жана байыркы таза түрүндө сакталган мамлекет, ушуга байланыштуу экологиялык таза органикалык тамак-аш продуктуларын чыгаруу боюнча бардык шарттарга ээ.
Кыргыз Республикасында жер ресурстары чектелүү экендиги баарыбызга белгилүү. Бул айыл чарба продукциясын, анын ичинде органикалык продукцияны да аз көлөмдө өндүрүүгө алып келет, ушундан улам дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жок.
Ошондой болсо да, республика өзгөчө даамдык сапаттары бар жана дүйнөлүк рынокто ушуга окшобогон органикалык айыл чарба продуктулары менен жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин рынокторуна чыгуу үчүн бардык шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү бар.
Өлкөбүздө органикалык өндүрүштү жүргүзүү үчүн бардык шарттар жана өбөлгөлөр бар, ал эми жыты өзгөчө, витаминдердин камтылышы жана даам сапаттары менен белгилүү болгон тамак-аш продуктуларынын түрдүүлүгү Кыргыз Республикасынын өзгөчө артыкчылыгы жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн ийгиликтүү жүргүзүү үчүн потенциалы болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө республикада органикалык айыл чарба өндүрүшү күч алууда. Органикалык чарбалар үч ири айыл чарба кооперативдериндеги, 23 айылды бириктирген он органикалык аймактан турат. Органикалык продукцияны өндүргөн чарба субъекттеринин саны 1700гө жетти. Бул чарбалар органикалык продукцияны 7000 га органикалык жерде өстүрөт.
Республикада негизги органикалык продуктулар болуп пахта, нут, төө буурчак, өрүк, дары чөптөр, кургатылган кара өрүк, жаңгак, ошондой эле, картошка эсептелет. Азыркы күндө республикада органикалык айыл чарба өндүрүшү боюнча жакшы жөнгө салынган система жок, айрым көйгөйлөр бар, алардын негизгилери - бул ченемдик-укуктук базанын, инспекция, сертификация жана аккредитация системасынын, маалымат базасынын, маркетингдин жана мониторингдин жоктугу.
Мындан тышкары, органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн төмөнкү факторлор тоскоол болушу мүмкүн:
- республикада органикалык үрөн жана отургузуу материалдарынын жетишсиздиги жана жоктугу;
- чарба субъекттери тарабынан органикалык өндүрүштөгү өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын жана органикалык жер семирткичтерди тандалмалуу (туруксуз) пайдалануусу;
- сертификация системасынын ачык эмес жүргүзүлүшү;
- республиканын аймагына айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө органикалык методдорго каршы келген, гендик-модификацияланган организмдерди (ГМО) жана синтетикалык заттарды пайдалануу менен өндүрүлгөн үрөндөрдү контролдоосуз алып келүү;
- органикалык продукцияны өстүрүү боюнча айыл чарба субъекттеринде билиминин жана практикалык көндүмдөрүнүн жоктугу.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга таасир эткен объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Андай факторлорго төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле бизнес коомчулугунун органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн милдеттерин ишке ашыруудан четте болуусу жана катышпай калуусу;
- чет мамлекеттик инвесторлорго ата мекендик банк капиталына узак мөөнөттүү салым салууга кызыгуусунун жетишсиздиги, ошондой эле донор уюмдары тарабынан финансылык колдоонун жоктугу;
- донорлордун жана өнөктөштөрдүн ресурстарын натыйжасыз пайдалануу;
- тышкы рынокторго органикалык продукцияны чыгаруу үчүн эл аралык уюмдар тарабынан берилген сертификаттардын наркынын жогору болуусу;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн баштоочу чарба субъекттеринин өздүк капиталынын жоктугу;
- алгылыктуу шартта кредиттик каражаттардын жеткиликсиздиги;
- маркетинг жана финансылык менеджменттин көндүмдөрүнүн жоктугу;
- ротациялык өсүмдүктөрдү илгерилетүүнүн кыйынчылыгы (инфраструктуранын начардыгы, жергиликтүү органикалык рыноктун жоктугу).
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө кедерги болгон жогоруда аталган көйгөйлөрдү жана факторлорду чечүүгө болот. Өлкөдө органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана жүргүзүү үчүн баардык шарттар жана өбөлгөлөр бар.
2. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясынын максаты
Концепциянын максаты экономиканын агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, органикалык продукциянын атаандашуу үчүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшкөн ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана башка чараларды көрүү жолу менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.
3. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн системасын түзүү
Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү калыптанып келаткан мезгилде жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформалар көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарды берген жок жана жер ресурстарын, өндүрүштүн башка каражаттарын натыйжасыз пайдаланууга алып келген.
Жылдан-жылга продукциянын негизги түрлөрүн өндүрүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү төмөндөп баратат, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана маркетинг маселелери жетишсиз көлөмдө чечилүүдө.
Экономиканын агрардык секторунда алдыңкы технологиялардын трансфер механизмдерин колдонуу менен алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк жогорку технологиялуу инновациялар киргизилбей калууда.
Алдыңкы технологияларды, ошондой эле импорттолуучу илимий-техникалык жетишкендиктердин актуалдуулугу жана рационалдуу пайдалануу айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн өстүрүүнү гана камсыздабастан, аны сапаттуу жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет.
Акыркы жылдары республиканын айыл чарбасында өлкөбүздүн экономикасындагы алдыңкы эл аралык технологияларды трансформациялоо боюнча иштер башталууда. Бул жерде күнөскана чарбаларын жана тамчылатып сугаруу системасын түзүү жана өнүктүрүү мисалын келтирсек болот.
Агрардык сектордун тармактарын, тактап айтканда дыйканчылыкты өнүктүрүү үчүн жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен болгон катуу атаандаштыктын шартында биринчи планда органикалык дыйканчылык системасын түзүү турат.
Органикалык айыл чарба өндүрүшү экономиканын агрардык секторунда инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн мисалы болуп бериши мүмкүн, ал органикалык айыл чарбанын кыргыз моделин туруктуу комплекстүү өнүктүрүүнүн негиз салуучу критерийи болушу керек.
Экологиялык таза продукциянын органикалык өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык коопсуз жаңы стандарттарын иштеп чыгуу, органикалык айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сертификациялоо, органикалык өндүрүш чөйрөсүндө азык-түлүк сырьесун жана тамак-аш продуктуларын сертификациялоо системасын жакшыртуу, ошондой эле экологиялык таза продукциянын өндүрүшүн финансылык колдоо чараларын көрүү болжолдонууда.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн түзүүдө, иштетүүдө жана өнүктүрүүдө кепилдик системасы өтө маанилүү ролду ойнойт, ал белгилүү стандарттарды, ошондой эле инспекциялоо жана сертификациялоо жүргүзгөн органдарды камтыйт.
Сертификациялоо системасы органикалык продукциянын жана сырьенун өндүрүшүнүн жана аны кайра иштетүүнүн бардык процессин аяккы продукциянын деңгээлине чейин, анын ичинде аны таңгактоонун, сактоонун, маркалоонун жана сатуунун органикалык стандарттарга ылайык келишин камсыздашы керек.
Ошентип, органикалык сертификациялоого айыл чарба өндүрүшүнүн бардык методдору жана каражаттары гана тийиш болбостон, сырьену кайра иштетүү, тамак-аш продуктуларын өндүрүү жана аларды керектөөчүгө жеткирип берүү да кирет.
4. Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктуу багыттары
Бул Концепцияда белгиленген максаттарды ишке ашыруу мындан аркы милдеттерди калыптандыруу жана коюу үчүн конкреттүү артыкчылыктуу багыттарды аныктоону талап кылат.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жолу менен республикада органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү;
- укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө калктын кабардар болушу жана бул тууралуу билимдерге жетүүсү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү жана кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн ишенимди жана кепилдиктер системасын бекемдөө.
5. Милдеттер
Коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу көбүнесе милдеттердин туура аныкталгандыгына байланыштуу болот, алар конкреттүү иш-чаралар менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана жеке ишкерлердин органикалык айыл чарбасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкештигин баалоо;
- мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн негизинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө шарттарды түзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнө байланыштуу суроолорду кеңири талкуулоо үчүн органикалык өндүрүш субъекттерине аянтча берүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү;
- органикалык өндүрүштүн субъекттерине өндүрүштүк ресурстарга жана өндүрүштүн башка каражаттарына жетүү үчүн шарттарды түзүү;
- органикалык айыл чарба продукцияларын өндүргөн чарба субъекттеринин кызыкчылыктарын коргоо;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүн эсепке алуу;
- пилоттук органикалык аймактарды түзүү;
- органикалык продукцияны сатуу түйүндөрүн жана аны сактоо шарттарын түзүү;
- органикалык айыл чарба продукциясынын өндүрүшүн жана аны кайра иштетүү стандарттарын иштеп чыгуу;
- ички сертификациялоо түзүмүн жана соода белгисин түзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүндө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кепилдик катышуу системасын түзүү;
- сертификациялоо органын улуттук жана эл аралык аккредитациялоодон өткөрүү.
6. Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу механизми жана чаралары
Органикалык айыл чарба өндүрүшү төмөнкү механизмдерди аткаруу менен жүргүзүлөт:
- минералдык жер семирткичтерди, синтетикалык заттарды, пестициттерди, өсүмдүктү өстүрүүнүн жөнгө салуучуларын, гендик модификациялык организмдерди жана тоют кошумчаларын айыл чарба өндүрүшүнөн алып салуу механизми;
- чарба субъекттери өндүрүшүндө чарбалык ишти органикалык жүргүзүү методдорун гана колдонуу механизми;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн демилгеси менен салттуу райондошкон өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча органикалык аймактарды түзүү механизми;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн сертификациялоо жана ички контролду кепилдүү камсыздоо механизми.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруу төмөнкү чараларды аткаруу менен жүргүзүлөт:
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүдө ыңгайлуу шарттарды камсыз кылган ченемдик укуктук базаны түзүү ("Органикалык айыл чарбанын өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун, Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын, органикалык өндүрүштүн стандарттар жана сертификациялоо системасын иштеп чыгуу);
- интеграциялык процесстерге катышуу мүмкүндүгүн камсыз кылуу жана органикалык продукциянын эл аралык жаңы рынокторуна жетүү аркылуу органикалык продукцияны өндүргөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө түрткү берүүгө багытталган мамлекеттик колдоону көрсөтүү;
- экологиялык таза, коопсуз, заманбап жана салттуу (улуттук) технологияларды колдонууга көмөктөшкөн институттук механизмдерди түзүү;
- органикалык аймактарды, анын ичинде органикалык багыттагы региондук аймактарды түзүү жолу менен органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн региондук тармактарын түзүү жана өнүктүрүү;
- семинарларды, тренингдерди, окууларды, консультацияларды уюштуруу аркылуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары тууралуу маалыматты жайгаштыруу жолу менен коомдук пикир жаратуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү;
- органикалык продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу, ошондой эле өндүрүш каражаттарына (финансылык, өндүрүштүк жана башка каражаттарына) жетүү боюнча органикалык өндүрүштүн субъекттерине шарттарды түзүү;
- сертификациялоо жана соода белгиси боюнча түзүмдү аныктоо, органикалык өндүрүштө иштеп жаткан субъекттердин кепилдик катышуу системасын түзүү;
- илимий иштеп чыгуулардын, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана алдыңкы тажрыйбаны колдонуунун негизинде органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы методдорун өздөштүрүү.
7. Күтүлүүчү жыйынтыктар
2017-2022-жылдарга карата органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын жана анын Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча чаралар комплексин жүргүзүүнүн натыйжаcында республикада төмөнкүлөр күтүлөт:
- институттук түзүмдүн жана укуктук базаны өркүндөтүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары тууралуу фермерлердин маалымдуулугунун жогорулашы;
- инспекциялоо, сертификациялоо системасын өркүндөтүү жана органикалык айыл чарба жаатындагы адистердин, трейдерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн, фермерлердин, мамлекеттик эксперттердин потенциалын жогорулатуу;
- глобалдык органикалык рынокто Кыргызстандын рыногунун үлүшүн кеңейтүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатында ар кандай эл аралык уюмдар менен кызматташтык жана өнөктөш мамилелерди түзүү;
- ар бир облуста органикалык продукцияны сактоо үчүн соода түйүндөрүн жана пилоттук органикалык аймактарды түзүү;
- органикалык айыл чарба продукция өндүрүшүнүн жана кайра иштетүүсүнүн улуттук стандарттарын кабыл алуу;
- ички сертификациялоо түзүмүнүн иштеши жана соода белгисин түзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүндө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кепилдик катышуу системасын өркүндөтүү;
- сертификациялоо органынын улуттук жана эл аралык аккредитациялоосун өркүндөтүү;
- органикалык дыйканчылыкка пайдаланган айдоо жеринин аянтын 60,0 миң га, же бардык айдоо жерлеринин 4% чейин көбөйтүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүш чөйрөсүндө 60,0 миң ири мүйүздүү мал жана 400,0 миң баш койлорду багуу;
- сертификацияланган же сертификацияланбаган органикалык продукциянын өндүрүшүн 20,0 миңден ашык айыл чарба субъекттери жүргүзүшөт;
- эл аралык органикалык сертификаттары бар республиканын 50 өндүрүш компаниялары органикалык продукцияны сатышат;
- органикалык продукциянын ата мекендик рыногунун көлөмү 1,0 млрд. сомду түзөт жана экспорттук потенциал 10 млн. АКШ долларга чейин жетет.
Органикалык айыл чарба экологиялык метод менен жүргүзүлгөн айыл чарба өндүрүшү болуп саналат, анткени ал:
- айлана-чөйрөгө жеткен химиялык заттардын өлчөмүн азайтат;
- накта экологиялык системаны колдоп, биологиялык түрдүүлүктү сактайт;
- жер кыртышындагы жана үстүндөгү суулардын булганышын азайтат жана трансчектүү булганууларды жана суу агымдарын төмөндөтөт;
- климатка терс таасирин азайтат, ошол эле убакта климаттын өзгөрүшүнө карата айыл чарба өндүрүшүнүн адаптациялоо инструменти болуп саналат;
- экологиялык таза продуктулар менен камсыздап, адамдардын ден соолугуна жакшы таасир тийгизет.
8. Чакырыктарды жана тобокелдиктерди баалоо
Органикалык өндүрүштү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн негизги чакырыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- аталган сектордо максаттуу багытталган мамлекеттик саясаттын жоктугу;
- калк тарабынан стабилдүү жана өсүп турган суроо-талабынын жоктугу;
- мамлекеттик дотациялардын жана башка стимулдоочу механизмдердин жоктугу;
- айыл чарба секторунда инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү.
Мындан тышкары, көп жылдык интенсивдүү айыл чарба практикасынан кийин органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүнүн психологиялык оорчулугу, органикалык чарбаны жүргүзүүнүн методдору жана мамилелери тууралуу маалыматтын жана билим деңгээлинин аздыгы, сертификациялоого кошумча чыгымдар, продукцияда синтетикалык консерванттарды колдонууга тыюу салуу коюлган милдеттерди аткаруунун мөөнөттөрүн кыскартууга өбөлгө түзөт.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүндө төмөнкү тобокелдиктер бар:
организациялык-укуктук жана социалдык-саясий тобокелдиктер:
- органикалык продукциянын өндүрүүчүлөрү үчүн мыйзамдык базанын жетиле электиги;
- органикалык продукциянын рыногун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоонун жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кириши менен жана Казакстан Республикасынын ДСУга киришине байланыштуу ички жана сырткы рыноктогу атаандаштыктын күчөшү;
экономикалык тобокелдиктер:
- экономикалык кризистин кесепетинен агрардык сектордогу экономикалык кырдаалдын туруксуздугу;
- кредиттин жеткиликсиздиги же финансы каражаттарынын жоктугу;
экологиялык тобокелдиктер:
- жаан-чачындын азайышы, суу запастарынын кыскарышы, мөңгүлөрдүн жоголушу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн азайышына, топурактын деградациясына, жерлердин суу жана шамал эрозиясына, кургакчылыкка жана чөлгө айланып кетүү коркунучуна алып келет;
- айлана-чөйрөнүн булганышынын көбөйүп баратышы, суулардын, жер ресурстарынын абалынын начарлашы, биотүрдүүлүктүн кыскарышы;
- минералдык жер семирткичтерин, отоо чөптөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүүнүн химиялык каражаттарын интенсивдүү колдонуу;
- республикага гендик модификациялуу организмдерди ташып келүүнүн көлөмүнүн көбөйүшү жана органикалык жерлердин өнөр жай ишканаларынын калдыктары жана таштандылары менен булганышы;
климаттык тобокелдиктер:
- глобалдуу климаттык өзгөрүүлөр (климаттын глобалдуу жылып кетиши) органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу иштешине коркунуч туудурат жана органикалык өсүмдүктөрдүн өсүү процессине, биотүрдүүлүккө терс таасирин тийгизет;
форс-мажордук тобокелдиктер:
- табигый кырсыктар жана техногендик кыйроолор органикалык өндүрүштүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
Тобокелдиктерди башкаруунун туруктуу негиздерин түптөөгө төмөнкүлөр зарыл:
- табигый кырсыктардын тобокелдиктерин баалоодо жана мониторинг жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу жана эртелеп билдирүү системасын өркүндөтүү;
- кырсыктардын тобокелдиктерин кыскартуу максатында превентивдүү иш-чараларды өткөрүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү менен кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун өз ара байланышын эске алуу менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө окуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- мүмкүн боло турган тобокелдиктерди жарыялоо учуруна таасири тийиши ыктымал жашоо шарты начар айыл аймактарын жана органикалык аймактарды камтуу менен үзгүлтүксүз окутууларды жүргүзүү;
- тобокелдиктер жөнүндө коомчулуктун кабардар болуу деңгээлин жогорулатуу;
- мүмкүн болгон чакырыктарга жана тобокелдиктерге бардык деңгээлдерде натыйжалуу жооп кайтаруу жолу менен даярдыкты жогорулатуу.
9. Финансылык ресурстарды баалоо
Бүгүнкү күндө органикалык айыл чарба өндүрүш чөйрөсүндө ченемдик базанын жетилбегендигинен жана мамлекеттик саясаттын жоктугунан органикалык тармакты өнүктүрүүнүн жана колдоонун экономикалык механизми аныктала элек.
Органикалык айыл чарба өндүрүшү республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланбайт.
Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык ишине ушул өндүрүштүн демилгечилеринин өздүк каражаттары жана эл аралык уюмдар менен донорлордун каражаттары жумшалат.
Бюджеттик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу жагдайлар, ошондой эле өтө катаал каржылоо шарттары жана кыска мөөнөттө кайтарып берүү менен алынган кредиттик ресурстардын өтө кымбаттыгы жана жеткиликсиздиги органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жолтоо болууда.
Кийин органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча экономикалык жана финансылык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөр керек:
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн жеңилдетилген кредиттөө практикасын кеңейтүү;
- технологияларды жана каражаттарды, анын ичинде финансылык каражаттарды колдонуу стратегиясы жаатында демилгелерди колдоо жана заманбап технологиялардын трансфери аркылуу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ата мекендик жана эл аралык инвестицияларды тартуу;
- көз карандысыз финансылык ишти жүргүзүү үчүн органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттеринин өздүк капиталын түзүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттеринин маркетинг жана финансылык менеджмент көнүмдөрүн алуусу.
10. Тыянактар
Бул Концепцияны кабыл алуу төмөнкүлөргө жардам берет:
- айыл чарбанын экономикалык өнүгүүсүнө жаңы векторду берүүгө;
- өлкөбүздүн органикалык (экологиялык) продукцияны өндүрүүчүсү катары имиджин көтөрүүгө;
- ички жана тышкы рынокто сапаттуу, атаандашууга жөндөмдүү органикалык продукциянын жана азык-түлүктүн туруктуу өндүрүшүн жогорулатууга;
- дүйнөлүк рынокторго органикалык продукциянын экспортунун көлөмүн көбөйтүүгө;
- органикалык продукцияны өндүрүүнүн жана керектөөнүн эсебинен улуттун саламаттыгын жакшыртууга;
- айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга;
- өлкөнүн азык-түлүктүк коопсуздугун жогорулатууга.