Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-августу № 459
2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2017-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
- Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор:
- Иш-чаралардын планын өз учурунда жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыздашсын;
- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
2-тиркеме
2017-2022 жылдарга карата Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/ Иш-аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтыктар (продукт) | Каржылоонун булагы | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жолу менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүү | ||||||
1 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик базаны өркүндөтүү | 1.1. "Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын 1-июлуна чейин | "Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору | Талап кылынбайт | АЧТММ |
1.2. "Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык дыйканчылык картасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын аягына чейин | "Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык дыйканчылык картасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | Талап кылынбайт | АЧТММ, Токой агенттиги, УИА (макулдашуу боюнча), КУАУ (макулдашуу боюнча) | ||
1.3. "Өсүмдүк өстүрүү үчүн органикалык продукциянын өндүрүшүнүн эрежелери" стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-2019-жылдар | Стандарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
1.4. "Мал чарбасы үчүн органикалык продукциянын өндүрүшүнүн эрежелери" стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-2019-жылдар | Стандарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Чарба субъекттеринин жана жеке ишкерлердин органикалык айыл чарбанын мыйзамдарынын ченемдерине шайкештигин баалоо | 2.1. Органикалык айыл чарбасында иштеген сертификацияланган жана сертификацияланбаган чарбаларды эсепке алуу | Туруктуу негизде | Эсепке алынган чарбалардын саны аныкталды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
2.2. Органикалык продукциянын керектөөчүлөрү жөнүндө өлкө рыногунун маалыматтарына талдоо жүргүзүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында органикалык айыл чарба продукциясынын өндүрүшү тууралуу маалыматты жыл сайын жарыялап туруу | Туруктуу негизде | Талдоо жүргүзүлдү жана органикалык продукциянын өндүрүшү тууралуу отчет жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
3 | Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүктүн негизинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзүү | 3.1. АЧТММ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосундагы органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташтык жана аракеттенүү меморандумуна кол коюу | 2017-жылдын 31-декабрына чейин | АЧТММ жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосундагы органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташтык жана аракеттенүү меморандумуна кол коюлду жана ишке ашырууга жиберилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
3.2. "Био-KG" органикалык кыймылынын федерациясы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ортосундагы Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташтык жана аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюу | 2017-жылдын 31-декабрына чейин | "Био-KG" органикалык кыймылынын федерациясы менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ортосундагы Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кызматташтык жана аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүү меморандумуна кол коюлду жана аткарууга жөнөтүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
3.2. Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнү колдоо боюнча эл аралык агенттиктер жана донорлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу | Туруктуу негизде | Органикалык айыл чарба өндүрүшү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө донорлор кабарланды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, КУАУ (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, калктын маалымдуулугу жана органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө билимдерге жетүүсүн камсыздоо | ||||||
4 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзүү | 4.1 .Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу кабарлап туруу | Туруктуу негизде | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн артыкчылыктары жөнүндө өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөр кабарланды | Талап кылынбайт | АЧТММ |
4.2 .Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча фермерлерди окутуу жана аларга консультациялык кызматтарды көрсөтүү | Туруктуу негизде | Органикалык айыл чарба өндүрүшүндө иштеген фермердик чарбалардын иши жакшыртылды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
4.3. Фермердик чарбалар үчүн органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү маселелери боюнча маалыматтык китепчелерди жана жарчыларды (вестник) чыгаруу | Туруктуу негизде | Фермердик чарбалар үчүн маалыматтык бюллетендер жана жарчылар (вестник) чыгарылды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
5 | Органикалык өндүрүштүн субъекттерине органикалык айыл чарба өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди кеңири талкуулоо үчүн аянтча берүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү | 5.1. Экологиялык таза продукцияны керектөө менен таза тамактануу салтын калк арасында калыптандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Туруктуу негизде | Коомдук телекөрсөтүүдө жума сайын таза тамактануу жөнүндө телеберүү чыгарылат, экологиялык таза сертификацияланган продукцияны сатуу жарманкелери өткөрүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, ССМ, УИА (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
5.2. Фермердик чарбалар үчүн органикалык айыл чарбаны жүргүзүү боюнча окуу жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу | 2017-2018-жылдар | Органикалык айыл чарбаны жүргүзүү боюнча окуу жана методикалык материалдар иштелип чыкты | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, УИА (макулдашуу боюнча), БИМ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
5.3. Орто билим берүү, кесиптик техникалык билим берүү системасы жана ЖОЖдордун агрономия факультеттериндеги студенттер/өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы боюнча адистер үчүн "Органикалык айыл чарба" предмети боюнча окуу программасын иштеп чыгуу | 2017-2018-жылдар | Адаптацияланган окуу программасы иштелип чыкты | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, БИМ, КУАУ (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Органикалык айыл чарба өндүрүшү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү жана кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү | ||||||
6 | Органикалык өндүрүштүн субъекттерине өндүрүштүк ресурстар жана өндүрүштүн башка каражаттары жеткидей шарттарды түзүү | 6.1 .Фермерлерге башка өлкөлөрдүн стандарттарынын принциптерине негизделген, республиканын кызыкчылыгын эске алуу менен дыйканчылыктын органикалык системасына өтүү боюнча кадамдык методдорду иштеп чыгуу | 2017-жылдын 31-декабрына чейин | Кадамдык методика АЧТММ буйругу менен бекитилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, КУАУ (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
6.2. Өлкөнүн бардык региондорунда тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизүү менен органикалык айыл чарба принцибиндеги күнөскана чарбаларынын потенциалын өнүктүрүү | 2018-2022-жылдар | Органикалык айыл чарбанын принциптеринде иштеген күнөскана чарбаларынын саны көбөйдү | Донорлордун гранттык каражаттары, фермерлердин өздүк каражаттары | АЧТММ, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), фермердик чарбалар (макулдашуу боюнча) | ||
7 | Органикалык айыл чарба продукциясын өндүргөн чарбалык субъекттердин кызыкчылыктарын коргоо | 7.1. "Органикалык продукция" же "экологиялык таза продукция" деген аталыштагы продукцияны шайкешсиз маркалоо менен кардарларды адаштырган учурларды кароо боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2018-2022-жылдар | "Органикалык продукция" же "экологиялык таза продукция" деген аталыштагы продукцияны шайкешсиз маркалоо менен кардарларды адаштырган учурларды кароо боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү, кардарлар маалымдалды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, ССМ, Кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
7.2. Органикалык продукциянын шайкештигин, айыл чарба продукциясынын сапатын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн коопсуз болушун, пестициддердин жана органикалык эмес сырьелук продуктулардын таасирин изилдөө жана аныктоо максатында лабораторияны түзүү | 2022-жылдын аягына чейин | Органикалык продукциянын шайкештигин аныктоо боюнча лаборатория түзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, ССМ, Ветфитосанинспекция, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
8 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүн эсепке алуу | 8.1. Өндүрүлгөн продукциянын көрсөткүчтөрү менен органикалык продукцияны өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн каталогун түзүү | 2018-жыл | Каталог түзүлдү жана АЧТММ буйругу менен бекитилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
9 | Пилоттук органикалык аймактарды түзүү | 9.1. Республиканын региондорунда пилоттук органикалык аймактарды түзүү максатында тиешелүү аймактардагы өндүрүштүк-экономикалык шарттардын жана экосистемасынын абалына илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү | 2017-2018-жылдар | Тиешелүү аймактардын изилдөөлөрү жүргүзүлдү, отчет КУАУ илимий кеңешинде бекитилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, УИА (макулдашуу боюнча), КУАУ (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
9.2 .Органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн талаптарына шайкеш келген пилоттук органикалык аймактарды органикалык дыйканчылык картасына ылайык түзүү | 2018-2019-жылдар | Пилоттук органикалык аймактар түзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, УИА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
9.3. Пилоттук органикалык аймактарда улуттук жана эл аралык органикалык стандарттардын талаптарына жооп берген органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана таңгактоо боюнча өндүрүштөрдү түзүү | 2022-жылдын аягына чейин | Органикалык продукцияны чыгаруу боюнча 5 кайра иштетүүчү өндүрүштүк жайлар түзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, УИА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
10 | Органикалык продукцияны сактоо үчүн шарттарды жана соода тармагын түзүү | 10.1. Бишкек шаарында органикалык продукцияны сактоо жана сатуу боюнча соода комплексин ачуу, анда товарларды комплекстен кардарга чейин жеткирүү кызматтарынын тармагы бар | 2022-жылдын аягына чейин | Соода комплекси жана иштеп жаткан логистика системасы түзүлдү, чарбалар туруктуу киреше алып жатышат | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
10.2. Чүй облусунда Евразия экономикалык мейкиндигиндеги өлкөлөргө жана алыскы чет мамлекеттерге органикалык жана экологиялык таза продукцияны экспорттоо үчүн тийиштүү сактоочу жайлары бар логистикалык борборду түзүү | 2022-жылдын аягына чейин | Тийиштүү сактоочу жайлары бар мамлекеттик эмес логистикалык борбор түзүлдү, органикалык продукцияны жеткирүүгө контракттар түзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн ишенимди бекемдөө жана кепилдиктер системасы | ||||||
11 | Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү стандартташтыруу эрежелерин иштеп чыгуу | Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү стандартташтыруу эрежелерин иштеп чыгуу | 2018-жылдын аягына чейин | Стандартташтыруу эрежелери иштелип чыкты | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
11.2. Органикалык продукцияны өндүрүүнүн кабыл алынган стандарттарын жана эрежелерин ишке ашыруу | 2022-жылга чейин | Практикалык аракеттер ишке ашырылды | Донорлордун гранттык каражаттары, Фермерлердин өздүк каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), фермердик чарбалар (макулдашуу боюнча) | ||
12 | Ички сертификациялоо түзүмүн жана соода белгисин түзүү | 12.1. Органикалык айыл чарбасы боюнча ички инспекторлорду даярдоо жана ички сертификациялоо түзүмүн уюштуруу | Туруктуу негизде | Түзүм түзүлдү жана ички инспекторлорго окуу жүргүзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
12.2. Кыргыз органикалык соода белгисин иштеп чыгуу | 2020-жылдын аягына чейин | Соода белгиси иштелип чыкты | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
12.3. Соода белгисин органика кыймылынын катышуучуларынын арасында илгерилетүү | Туруктуу негизде | Органикалык продукцияны өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр соода белгисин колдонушат | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
13 | Органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кепилдүү катышуу системасын түзүү | 13.1. Өз ара кепилдиктердин негизинде өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда туруктуу байланыштар системасы катары кепилдүү катышуу системасын ишке киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү | Туруктуу негизде | Система ишке киргизилди | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
13.2. Кепилдүү катышуу системасынын катышуучуларын эсепке алуу жана кепилдүү катышуу системасына катышкан фермерлерге консультациялык жардам көрсөтүү | Туруктуу негизде | Кепилдүү катышуу системасынын катышуучулары эсепке алынды | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
14 | Сертификациялоо органын улуттук жана эл аралык аккредитациялоодон өткөрүү | 14.1. Шайкештигин баалоо, стандарттарды жана ички контролдоо системаларын сертификациялоо үчүн сертификациялоо органын аккредитациялоодон өткөрүү | 2019-2020-жылдар | Сертификациялоо органын аккредитациялоо жүргүзүлдү, сертификациялоо органы менен контракттарга кол коюлду | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
14.2. Фермерлерди ыктыярдуу сертификациялоо | 2020-2022-жылдар | Фермерлерди ыктыярдуу сертификациялоо жүргүзүлдү | Донорлордун гранттык каражаттары, фермерлердин өздүк каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), фермердик чарбалар (макулдашуу боюнча) | ||
14.3. Кыргыз стандартын колдонуучу экспортко багытталган операторлор менен иштөө үчүн жергиликтүү сертификациялоо органын эл аралык аккредитациялоодон өткөрүү | 2022-жылдын аягына чейин | Сертификациялоо органынын эл аралык аккредитациялоосу | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
14.4. Органикалык продукцияга ички стандарттардын эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү | 2022-жылдын аягына чейин | Эл аралык сертификациялоо органдары менен өз ара аракеттенүү | Донорлордун гранттык каражаттары | АЧТММ, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | ||
Кыскартуулардын тизмеси
АЧТММ | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Ветфитосанинспекция | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
Токой агенттиги | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
КУАУ | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
УИА | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |