Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-августу № 475
“Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Майлуу-Суу шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
1-берене
Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-августу № 475 токтому менен жактырылган |
Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 146-б буйругу менен жактырылган.
Бул макулдашууларга Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Экономика министри кол койгон.
“Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана ЕБнын Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлиги тарабынан берилүүдө.
Долбоордун наркы 6,65 млн еврону жана 1,6 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу – 1,6 млн АКШ доллары (кредит);
- Европа инвестициялык банкынын каржылоосу - 1,45 млн евро (кредит);
- ЕБнын Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фондунун (IFCA) каражаттарынан Европа бирлигинин каржылоосу - 4,2 млн евро (грант);
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу - 1,0 млн евро (грант).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары - жеңилдетилген 3 жылдык мезгил менен 15 жыл, пайыздык ставка жылдык 1 % (пайыздык ставка 1 % + Libor 6 ай).
Европа инвестициялык банкынын кредит берүү боюнча финансылык шарттары - жеңилдетилген 8 жылдык мезгил менен 25 жылга берилет:
доллар менен белгиленген ставка боюнча – Euribor+ 2,95 %;
доллар менен өзгөрүлмө ставка боюнча – Euribor + Европа инвестициялык банкынын маржасы (бүгүнкү күндө Европа инвестициялык банкынын маржасы 0,7 %ды түзөт);
евро менен белгиленген ставка боюнча – Euribor + 1,49 %;
евро менен өзгөрүлмө ставка боюнча – Euribor + Европа инвестициялык банкынын маржасы (бүгүнкү күндө Европа инвестициялык банкынын маржасы 0,5 %ды түзөт).
Долбоордун максаты Майлы-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоого жана кеңейтүүгө төмөнкүлөр аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат:
а) капиталдык инвестицияларды каржылоо;
б) бул инвестицияларды даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
в) Корпоративдик өнүктүрүү программасын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү, социалдык колдоо жана кызыкдар тараптардын катышуусу.
Жогоруда аталган макулдашууларда суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү каралган жана республиканын суу секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу каралган эмес, ага ылайык республикалык бюджеттен бул долбоорду ишке ашырууга финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.