Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-августу № 478

Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомунун редакциясына ылайык)

БУУнун Жашыл климаттык фондусунда, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын талаптагыдай көрсөтүү, инвестицияларды тартуу жана илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай тармактарына заманбап технологияларды жайылтуу жана өткөрүп берүү аркылуу климат өзгөрүлүп турган шартта туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоого көмөктөшүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору (мындан ары - Климаттык борбор) уюштурулсун.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков