Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 338
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 , 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы 9-тиркемеге ылайык.
"Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 , 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборун уюштуруу жөнүндө" токтомунун 2-пункту жана тиркемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пункту жана 1, 2-тиркемелери.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |