Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 497
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын иретке келтирүү жана жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 23-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу тиешелүү мыйзам долбоорун киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом) |
1 | Эксперт | 18500 |
2 | Бухгалтер | 18000 |
».