Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-сентябры № 577

"Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)

Калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча 2017-жылдын 11-сентябрындагы стратегиялык макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун (мындан ары - Фонд) түзсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Фондду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дайындаган Байкоочу кеңештин башкара тургандыгы;

- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүлөрдөн өтө тургандыгы;

- Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гематология улуттук борбору үчүн жабдууларды сатып алуу жана реконструкциялоо иштерин каржылоо, онкологиялык ооруларды дарылоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү, Кыргыз Республикасындагы агартуучу иш-чараларын колдоого жана өткөрүүгө пайдаланыла тургандыгы.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:

- Фонддун уюштуруучусу катары чыксын;

- Фондду иштетүү жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин;

- Макулдашуунун жоболорун так сактоону камсыздасын.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-сентябрындагы № 615 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков