Редакцияот 27.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 27-сентябры № 615

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 577 "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын онкологиялык кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 577 "Онкологиялык кызматты колдоо фонду" коомдук фондун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому менен бирдикте" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Фондду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дайындаган Байкоочу кеңештин башкара тургандыгы;";

- 3-пунктунун биринчи абзацындагы "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков