ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 486 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция15.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-августу № 486

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана макулдашуу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-майындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- 13-пунктунун экинчи абзацындагы "жетекчисинин орун басары" деген сөздөр "жетекчиси" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "ДБЭТ жана электрондук башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков