Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 токтому менен бекитилген |
"Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 657 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттештирет.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары - Комитет) карамагында иштейт.
3. Устав Ишкананын уюштуруу документи болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде:
"Государственное предприятие "Бишкекский штамповочный завод" при Государственном комитете промышленности, энергетики и недропользования Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскача аталышы:
- мамлекеттик тилде - "БШЗ" МИ";
- расмий тилде - "ГП "БШЗ".
6. Ишкананын юридикалык дареги: 720066, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 1.
7. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
2. Юридикалык статусу
8. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда берилген мүлктүн менчик ээси болуп саналбайт.
9. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоонун принциптеринде жүргүзөт.
10. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
11. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери бар.
3. Ишкананын максаты, милдети жана функциялары
12. Ишкананын негизги максаты ок атуучу куралдарга ок-дарыларды иштеп чыгаруу, өндүрүү жана керектөөчүлөргө сатуу жолу менен киреше табуу болуп саналат.
Ишкананын милдети өндүрүлгөн продукциянын сатылышын камсыз кылуучу тиешелүү инфраструктураны түзүү, капиталды жана тартылган каражаттарды коммерциялык башкаруу аркылуу финансылык ресурстардан максималдуу пайда алуу болуп саналат.
Коргоо таламдарында Ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонууга жана кабыл алынууга тийиш.
13. Ишкананын функциялары:
- ок атуучу куралдарга ок-дарыларды, куралдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өндүрүүгө тыюу салынбаган жана сатуу рынокторунда суроо-талаптарга ээ болгон продукциялардын башка түрлөрүн өндүрүүнү уюштуруу;
- маркетинг ишин жүргүзүү, рынок конъюнктурасын изилдөө, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана аларды рынокко алып чыгуу;
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- жарнама ишин жүзөгө ашыруу, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу;
- продукцияны стандартташтыруу жана сертификаттоо, өндүрүштүн экологиясы жана жарандык коргонуу жагында Ишкананын ишинин стратегиясын жана тактикасын түзүү;
- аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү жана продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-декабрындагы № 657 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ишкананын укугу жана милдеттери
14. Ушул Уставда каралган милдеттерди чечүү үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдетине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- Комитеттин макулдугу менен уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлүүчү кызматтарга белгиленген тартипте бааларды бекитүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары ишкердик байланыштарды түзүүгө, кызматкерлерди чет өлкөгө командировкага жиберүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга.
15. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана аны пайдалануудан киреше алууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бюджетке төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө кварталдык жана ар жылдык отчетторду Комитетке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго белгиленген мөөнөттө берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга статистикалык маалыматтарды берүүгө.
16. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана ушул Уставда каралбаган башка укуктар менен милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
5. Ишкананы башкаруу
17. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Комитет ишке ашырат.
18. Ишкананы Комитеттин сунушунун негизинде Фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор күнүмдүк башкарат.
Директордун орун басарын Комитеттин төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялайт, Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин аткарат.
19. Ишкананын директору:
- Комитетке жана Фондго отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышына жана анын ишинин жыйынтыктарына жеке жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучунун жана Комитеттин чечимдеринин аткарылышын камсыздайт;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Ишкананын директорунун орун басарынын, башкы бухгалтеринин, филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Комитет менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- мыйзамдар, рыноктун конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту Комитетке киргизет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду белгиленген тартипте Фонддун кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;
- Комитетке жана Фондго финансылык отчетту, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка зарыл болгон маалыматтарды өз убагында берүүнү камсыздайт;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыздайт;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди аткарат.
20. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
6. Ишкананын мүлкү, финансысы жана анын пайдасын бөлүштүрүү
21. Ишкана чарбалык башкаруу укугунда бекитип берилген мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
22. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар жана материалдык эмес активдер, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу башка материалдык баалуулуктар түзөт.
23. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булагы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын бекер жана кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар.
24. Ишкана менчик ээсинин макулдугусуз ага таандык болгон мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары кошууга же башка ыкма менен бул мүлктү тескегенге укугу жок.
25. Жыл ичиндеги финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын кирешесинин 50 пайыздан кем эмеси Фонддун алыш-бериш эсебине чегерилүүгө тийиш.
26. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
- Ишкананын чарбалык-финансылык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине материалдык өбөлгөлөөгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга.
7. Ишкананы жоюу жана өзгөртүп уюштуруу
27. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча токтотулушу мүмкүн.
29. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.