Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-декабры № 657
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялануучу өндүрүш иштеринин түрлөрүн жүзөгө ашыруу боюнча "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 489 "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- аскердик багыттагы кызмат көрсөтүү жана продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |