Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 498
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекова демилгелеген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 498 токтому менен жактырылган |
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Омурбекова тарабынан демилгеленген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү сунушталган, ага ылайык негизги кесиптик билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөнү тапшырууну камтыган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөр билими жөнүндө документ жана (же) мамлекеттик үлгүдөгү квалификация алууга укуктуу.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жободо жыйынтыктоочу аттестациянын эки негизги түрү каралган: мамлекеттик экзамен жана бүтүрүүчү квалификациялык ишин жактоо.
Ошону менен бирге мамлекеттик экзамен студенттин негизги теориялык жоболорду билүүсүн, аларды кесиптик чөйрөдө колдоно билүүсүн гана эмес, маанилүү жалпы илимдик, социалдык-жекече жана 4 жыл ичинде окуган кесиптик модулдардын бардык комплекси боюнча (бакалавриат), 2 жыл (магистратура), 5 жыл (адис) инструменталдык компетенциясын (алардын ичинде дискуссия жүргүзүүнү, анализдөөнү, критикалык баа берүүнү ж.б. билүү) колдонуу деңгээлин көрсөтө алышын чагылдырууга тийиш.
Андан тышкары, бүтүрүүчүнүн квалификациялык ишин аткаруу жана жактоосунда ээ болгон универсалдык жана кесиптик компетенциясын дагы тереңдетип көрсөтө билүүсү каралган.
Сунушталган жогорку кесиптик билим берүүнүн тестинин форматы бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жана кесиптик компетенцияны билүүсүнүн реалдуу деңгээлин аныктоого жол бербейт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын "бакалаврды" даярдоо багыты боюнча макетине жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын "магистрди" даярдоо багыты боюнча макетине ылайык жогорку билим берүү программалары вариативдүүлүктүн жогорку деңгээлине ээ: бакалавриатта вариативдик бөлүгү 40 пайызды түзөт, ал эми магистратурада 60 пайызга жетет. Көрсөтүлгөн себептерден улам, ар башка жогорку окуу жайлардын (мындан ары - ЖОЖ) ошол эле багыттагы программалары ЖОЖдун миссиясына ылайык өтө айырмаланышы мүмкүн, мисалы колдонмо тапшырмаларга, изилдөөлөргө, региондук же тармактык өзгөчөлүгүнө ж.б. карап.
Мындай өзгөчөлүк ЖОЖдордогу жыйынтыктоо сынактарынын программаларынын олуттуу айырмаланышына алып келет. Ошентип стандартташтырылган тест бүтүрүүчүлөрдүн билим алуу жыйынтыктарына сапаттуу баа берүүгө жол бербейт.
Жогоруда айтылгандарга ылайык мыйзам долбоорунун 1-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда берилип жаткан жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын бекемдөө максатында жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн бекитилген тартипте жалпы республикалык квалификациялык тестирлөө сунушталган. Бирок, кайсы белгиленген тартипте сөз болуп жатканын жана ким тарабынан белгиленгени белгисиз болуп жатканын айта кетүү керек.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 17-бөлүгүн толуктоо каралган, ага ылайык жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөлөр мамлекеттик стандарттардын жана кесиптик стандарттардын негизинде иштелип чыгат.
Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыларда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы келип чыкса, алардын маанисин түшүндүргөн берене (пункт) кошулаарын белгилей кетүү зарыл. Бул учурда Мыйзам долбоорунда жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "кесиптик стандарттар" түшүнүгүнүн маанисин түшүндүргөн жобо бекитилген эмес. Ошондой эле негиздеме-маалымкатта аны иштеп чыгууга кетүүчү каражат булактары жөнүндө маалымат жок.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктунда жалпы республикалык квалификациялык тестирлөө тендер жолу менен утуп алган жана билим берүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардан тестирлөөгө буюртма алган мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюм тарабынан өткөрүлөт, ошол эле учурда тестирлөөгө кеткен чыгымдар жогорку окуу жайлары тарабынан төлөнөт.
Мамлекеттик эмес ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн коммерциялык эмес уюмдардын тесттик жыйынтыктоо сыноосунан өткөрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы жок. Көпчүлүк өлкөлөрдө (АКШ, Франция ж.б.) кесиптик ишти жүргүзүүгө даярдоонун айрым спецификалык багыттары (көпчүлүк учурда педагогикалык, медициналык, инженердик) боюнча гана кошумча сертификация жүргүзүлөт (кесиптик экзамен). Бирок, мындай кесиптик баа берүү тийиштүү профилдеги кесиптик ассоциациялар тарабынан жүргүзүлөт.
Сунушталган Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөнү (мындан кийин - тестирлөө) өткөрүүгө кеткен каражаттар ЖОЖ тарабынан төлөнөт жана республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт. Бул жобо студенттердин контрагынын өлчөмүнүн жогорулашына алып келиши мүмкүн, ал өз кезегинде билим алуучулардын ушул категориясын социалдык кыйынчылыктарга дуушар кылат.
Андан тышкары республикада республикалык бюджеттен каржылануучу бир нече ЖОЖдор бар (Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн К.Усенбеков атындагы аскер институту, Э.Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясы, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ж.б.). Аталган ЖОЖдордо тестирлөө өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүү талап кылынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана жогоруда көрсөтүлгөн ЖОЖдордун спецификасын эске алып, Өкмөт аталган берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун кабыл алууга болбойт, мезгилге да ылайык келбейт деп эсептейт.
5. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктун "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 19-бөлүгү менен толуктоо сунушталган, ага ылайык билим берүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку кесиптик билим берүү программасын жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөнүн натыйжаларынын босого деңгээли белгиленет.
Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Өкмөт Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлигинин органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектөөчү коллегиялык орган болуп саналат, ошондой эле аткаруу бийлик бутагынын органдарынын компетенциясын, алардын өз ара мамилелерин өз алдынча бекитет.
Ошол себептен жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Өкмөт өз ыйгарым укуктарына таянып, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда жоболорду бекитүү жолу менен ишке ашыруу боюнча функцияларын бөлүштүрөт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу аткаруу бийлик органдарынын иштерине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда айтылган беренелерине каршы келет деп тыянак чыгарса болот.
Ошентип, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын ыйгарым укуктарын, ошол мамлекеттик органдын профилдик жобосунда чагылдырууну сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту менен жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөнү тапшырган жогорку кесиптик билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн натыйжаларынын деңгээли чектен төмөн болсо, ошол билим берүү программасынын лицензиясын кайтарып алуу сунушталат.
Бирок "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 56-пунктуна ылайык билим берүү иши (мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен башка) лицензияланууга тийиш.
Ошол эле учурда, жогоруда айтылган Мыйзамдын 31-беренесинде лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотууга негиздердин толук тизмеси аныкталган, анын ичинде долбоордо сунушталган учур камтылган эмес.
Андан тышкары, жогоруда айтылган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык лицензия берүүчү лицензиянын колдонулушун токтотууга себеп болгон көрүнүштөр жоюлбаган учурда лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жана (же) уруксат жокко чыгарылат.
ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз тестирлөөдөн өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө негиздеменин жетишсиз аргументтөөсүн эске алып, билим берүү уюмдарын көз карандысыз аккредитациялоо институту түрүндө ЖОЖдордун жумуш менен камсыз кылуучулар менен өз ара байланышын бекемдөөсүн, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн талаптарын, жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу механизми азыркы мезгилде иштейт деп эсептейбиз.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда көз карандысыз аккредитациялоо актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатына болгон критерийлер аныкталган Кыргыз Республикасынын аккредитациялануучу башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлуучу минималдуу талаптар бекитилген. Буга чейин ЖОЖдорду мамлекеттик аттестациялоодо көбүнчө көрсөтүлгөн кызматтын сапатына баа берүүнүн көлөмдүк индикаторун колдонуп келишсе (мисалы, профессордук-окутуучу курамынын токтотулган көлөмү, материалдык-техникалык базанын бардыгы ж.б.), көз карандысыз аккредитациялоонун критерийлери сапаттуу индикаторлорго негизделген.
Критерийлерде ЖОЖдо бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапатын камсыз кылуу механизмин текшерүү эле эмес, аттестациялоо аралыгында мониторинг жүргүзүү дагы каралган. Бул жол-жоболор билим алуунун максаттарына жетүүнүн жалпы жыйынтыгына таасир этүүчү билим берүүнүн программаларын ар бир ишке ашыруу этабында билим берүүнүн сапатын камсыз кылууга жетишүүгө багытталган.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Өкмөт "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу эрте деп эсептейт.
Ошол эле учурда киргизилип жаткан жалпы республикалык квалификациялык тестирлөөнү тапшырууну камтыган өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгын эске алсак, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр белгилүү бир убакытты жана эксперттердин, жарандык топтордун катышуусу менен кеңири талкуулоону талап кылат.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн ченемдерди киргизүүнү акырындык менен, коомдук пикирлерди эске алып чечүүнү сунуштайбыз.