Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 644
Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга ипотекалык кредит берүүнүн убактылуу шарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга ипотекалык кредит берүүнүн убактылуу шарттары (мындан ары - Убактылуу шарттар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу шарттардын 2017-жылдын 16-августунан тартып 2018-жылдын 18-августуна чейин колдонулары белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга ипотекалык кредит берүүнүн УБАКТЫЛУУ ШАРТТАРЫ
№ | Ипотекалык кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Катышуучу (максаттуу топ) | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелишине жана аларды баалоонун критерийлерине ылайык 4 жана 5-даражадагы оордуктагы Ош облусунун Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан адамдар(*) |
2 | Ипотекалык кредиттин максаттуу багыты | Жаңы турак жайды куруу; бүтө элек турак үйдү аяктоо же турак үйдү калыбына келтирүү |
3 | Ипотекалык кредит берүүнүн формасы | Катышуучунун "Айыл банк" ААК, "РСК банк" ААК өнөктөш-банктардагы банктык эсебине акча каражатын чегерүү аркылуу накталай эмес форма |
4 | Ипотекалык кредит берүү мөөнөтү | Өнөктөш-банк тарабынан катышуучуга ипотекалык насыяны берүү тууралуу чечим чыгаргандан кийин 15 күнгө чейин |
5 | Ипотекалык кредиттин валютасы | Улуттук валюта - кыргыз сому |
6 | Ипотекалык кредиттин суммасы | 300000 (үч жүз миң) сомго чейин |
7 | Баштапкы төгүм жана пайыздык ставкалар | Жаңы турак үйдү куруунун же турак үйдү калыбына келтирүүнүн сметалык наркынын 10%нан кем эмес баштапкы төгүм, мында баштапкы төгүм катары катышуучунун жер участогу эсепке алынат. Пайыздык ставка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 534 "Мамлекеттик ипотекалык насыянын базалык пайыздык ставкасына колдонулуучу коэффициенттерди эсептөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталат |
8 | Ипотекалык кредиттин мөөнөтү жана төлөөнүн шарттары | Ипотекалык кредиттин максималдуу мөөнөтү 84 айга чейин. Ипотекалык кредитти төлөөнүн 2 варианты каралууда: а) катышуучу менен өнөктөш-банктын ортосунда кол коюлган кредиттик келишимге ылайык ай сайын аннуитеттик төлөмдөр менен; б) негизги суммасын жана пайыздарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырылган биринчи 6 айда жеңилдетилген мезгили бар аннуитеттик төлөмдөр менен. Кийинки айлары - аннуитеттик төлөмдөр менен, мында негизги төлөнүүчү сумма жана пайыздар катышуучу менен өнөктөш-банктын ортосунда кол коюлган кредиттик келишимге ылайык төлөнөт |
9 | Ипотекалык кредиттин суммасын аныктоонун критерийлери | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана өнөктөш-банктын ички ченемдик документтерине ылайык |
10 | Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү | Кредиттерди жана башка кошумча жыйымдарды башкаруу үчүн эч кандай комиссия алынбайт |
11 | Катышуучулардын чыгымдары | Ипотекалык кредит алуу үчүн күрөө келишимин тариздөөгө жана каттоого, ошондой эле турак жайды камсыздандыруу боюнча кеткен чыгымдар |
12 | Турак жайды камсыздандыруу | Ипотекалык кредиттин предмети "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКда жыл сайын милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш |
13 | Ипотекалык кредитти толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда төлөө | Катышуучу 30 (отуз) календардык күн мурда алдын-ала өнөктөш-банкты кабарлоо шарты менен, келип жете элек айлар үчүн пайыздарды эсептебестен кредиттин негизги суммасын каалаган убакта жоюуга укуктуу |
14 | Ипотекалык кредитти камсыз кылуу | Курулган турак үй жана жер участогу, баалоо өнөктөш-банктын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. Турак үйдүн жалпы аянты 150 (жүз элүү) кв. метрден көп болбошу керек |
15 | Кепилчилик | "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кепилдик талап кылынбайт |
16 | Ипотекалык кредиттин катышуучуларына мониторинг жүргүзүү | "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК ипотекалык кредиттин максаттуу пайдаланылышын, ошондой эле күрөөлүк камсыздоонун абалын жана өнөктөш-банктардын Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруусун текшерет |
17 | Жеңилдетилген ипотекалык кредит алуу жана күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн "бирдиктүү терезе" берилүүчү документтердин тизмеси(**) | Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт; жер участогун бөлүп берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими; турак жайдын жашоого жараксыздыгын тастыктаган жашоо шарттарын текшерүү боюнча жарандык коргоо акты; үй-бүлөнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалымдама; турак жай курулушуна типтүү долбоор жана смета; турак жай курууга уруксат; айыл чарба жана бакчачылык иштерин жүргүзүү боюнча документтер (малынын бардыгы тууралуу маалымкат); катышуучунун паспортунун көчүрмөсү; нике түзүү/бузуу тууралуу күбөлүк (жоголгон учурда - дубликаты); жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк (жоголгон учурда - дубликаты); кыймылсыз мүлк бирдигине коюлган чектөөлөрдүн бар же жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө; кыймылсыз мүлктү күрөөгө берүүгө жубайынын нотариалдык тастыкталган макулдугу; өнөктөш-банктын талабы боюнча башка документтер |
(*) Катышуучулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары түзүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жактырып, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК бекитет.
(**) "Бирдиктүү терезе" тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ачылат. Катышуучу "бирдиктүү терезеге" керектүү документтерди тариздөө жана алуу үчүн кайрылат