Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 500 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Маминспекция) ведомстволук бөлүнүшү болуп эсептелет.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, техникалык регламенттерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Маминспекциянын буйруктарына (актыларына), ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын казыналык тутумунда өз алдынча баланска, эсептерге жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка юридикалык жактарга тиешелүү атрибуттарга ээ.
5. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору";
- расмий тилде: "Центр ветеринарной диагностики и экспертизы по южному региону Государственной инспекции по ветеринарной и фитосанитарной безопасности при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Борбордун юридикалык дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Молдо Нияз көчөсү, 135.
7. Борбор өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Маминспекциянын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана аймактык органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана өзүнүн компетенциясынын чегинде башка юридикалык/жеке жактар менен өз ара байланышта иштейт.
2-глава. Борбордун милдеттери жана функциялары
8. Борбордун милдети:
- ченемдик укуктук актыларга, техникалык регламенттерге жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жаныбарлардын вирустук, бактериялык жана мите ылаңдарын аныктоо боюнча өз убагында, так, дасыккан диагностика иштерин, химиялык-токсикологиялык, радиологиялык жана башка изилдөөлөрдү, ошондой эле жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (чийки заттарга) ветеринардык-санитардык экспертизаларды жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарына диагноз коюуну жакшыртуу жана Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын ишин башкаруу;
- зооантропонозду кошуп алганда, жаныбарлардын ылаңдарын аныктоо жана ал ылаңдар күрөшүү чараларын уюштуруу маселелерин чечүүдө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Маминспекциянын аймактык органдарына жана башка юридикалык жана жеке жактарга өзүнүн компетенциясынын чегинде усулдук, консультативдик жана практикалык жардамдарды көрсөтүү.
9. Борбор төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
- Борбордун ишинде колдонулган диагностикумдарга контролдук текшерүү жүргүзүү жана аларды колдонуу боюнча сунуштамаларды берүү;
- жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган азыктардын (чийки заттардын) биологиялык коопсуздугунун милдеттүү талаптарын укуктук ченемдик актыларга ылайык камсыз кылуу үчүн тамак-аш продукцияларынын, тоют жана тоют кошулмаларынын коопсуздугунун көрсөткүчтөрүнө ылайык лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- жаныбарлардын ооруларына диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүнүштөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларын аккредитациядан өткөрүү жана аккредитация алуу иштерин жүргүзүү;
- жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (чийки заттарга) ченемдик укуктук актыларга ылайык ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- жаныбарлардын ооруларына жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (чийки заттарга) ченемдик укуктук актыларга ылайык салыштырмалуу текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- лабораториялык диагностика жана экспертиза үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларга (чийки заттарга) тандап алууну (үлгү) жана патологиялык материалдарды алууну ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүү;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыгын корутунду менен, юридикалык жана жеке жактарга Маминспекция көрсөткөн тартипте берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Борбордун түзүмдүк бөлүнүштөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларын керектүү диагностикалык каражаттар менен камсыз кылуу;
- эпизоотияга каршы, эпидемиологияга каршы иш-чараларды ыкчам жүргүзүү үчүн өтө кооптуу зооатропоноздук оорулардын аныкталган учурлары тууралуу Маминспекцияга (анын аймактык бөлүнүштөрүнө) жана башка тийиштүү уюмдарга маалымдоо;
- жаныбарлардын өтө кооптуу ылаңдары боюнча диагнозу аныкталганда Маминспекция белгилеген формада Маминспекцияга берүү үчүн ыкчам жана үзгүлтүксүз маалыматтарды даярдоо;
- ветеринардык диагностикалык ыкмалардын илимдин алдынкы жетишкендиктерине шайкеш келүүсүн эсепке алуу, жаныбарлардын ылаңдарынын диагностикалык изилдөөлөрүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүү жана жалпылоо;
- Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын ишин координациялоо;
- жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына жараша окуу программаларын иштеп чыгуу жана Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларына жайылтуу;
- материалдык-техникалык жактан камсыз болуусу, кадрдык курамы жана практикалык лабораториялардын иштеринин мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтык база түзүү;
- ветеринардык диагностика жана экспертиза жаатында илим-изилдөө мекемелери менен кызматташуу.
3-глава. Борбордун укугу
10. Борбор өзүнүн максатын жана милдеттерин аткаруу үчүн төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- жаныбарлар ылаңдаган учурда сунуш кылынган жаңы диагностикалык каражаттарды жана ыкмаларды өндүрүштүк текшерүүдөн өткөрүү жана аларды пайдалануу боюнча тийиштүү сунуштамаларды берет;
- Маминспекцияга ветеринардык иштердин жана ветеринардык диагностикалардын натыйжалуулугун жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча сунуштарын киргизет;
- ветеринардык-диагностикалык иштердин маселелери боюнча, белгиленген тартипте эл аралык жана региондук конференцияларга, семинарларга, тренингдерге, ошондой эле эл аралык донорлордун долбоорун даярдоого жана эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга катышат;
- Борбордун түзүмдүк бөлүнүштөрүн жана аймактык ветеринардык лабораторияларды аттестациялоо жана аккредитациялоо боюнча комиссиянын ишине катышат;
- өзүнүн максатын жана милдеттерин аткаруу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык, жеке жактардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан тиешелүү маалыматтарды сурап алат;
- Борбордун ишине тиешелүү конференцияларды, семинарларды, конкурстарды өткөрөт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, илим-изилдөө институттары менен макулдашып көз карандысыз экспертиза жүргүзүү үчүн адистерди тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алат.
4-глава. Борбордун ишин уюштуруу
11. Борборду директор башкарат, Маминспекциянын директорунун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
12. Борбордун директорунун орун басарын Борбордун директорунун сунушу менен Маминспекциянын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
13. Борбордун директору:
- Борбордун жалпы ишине жетекчилик кылат жана жүктөлгөн милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
- жаныбарлардын оорулары боюнча ветеринардык диагностиканы жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларды (чийки заттарды) экспертизалоону уюштурууну камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелери, ишканалары жана уюмдары менен болгон мамиледе Борбордун атынан чыгат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана компетенциясына таандык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Борбордун кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Маминспекция менен макулдашып, Борбордун түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жоболорун жана Борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Маминспекцияга Борбордун чыгымдар сметасын, штаттык ырааттамасын, түзүмүн, штаттык бирдигин, эмгек акы төлөөнүн фондун жана аймактык ветеринардык лабораториялардын жоболорун бекитүүгө берет;
- Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү сунушун Маминспекцияга берет;
- Борбордун кызматкерлерине мыйзамда белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Маминспекциянын макулдугу менен Борбордун аймактык ветеринардык лабораторияларынын жана түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн иш пландарын бекитет;
- Маминспекцияга Борбордун ишмердүүлүгү боюнча квартал сайын жана жылдын жыйынтыгы менен отчет берет;
- жаңы усулдук лабораториялык изилдөөлөрдү киргизүүгө шарт түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун ишине жана башкаруусуна жараша башка ыйгарым укуктарды аткарат.
Борбордун директору жок болгон мезгилде директордун милдетин аткаруу Борбордун директорунун орун басарына жүктөлөт.
14. Борбордун түзүмүнө Борбордун аймактык ветеринардык лабораториялары жана түзүмдүк бөлүнүштөрү кирет.
5-глава. Борбордун кызматкерлеринин жоопкерчилиги
15. Борбордун директору жана кызматкерлери өздөрүнө тапшырылган милдеттерди аткарышпаса, же талаптагыдай аткарышпаса, мыйзамга каршы иштери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык жана жазыктык жоопкерчиликке тартылышат.
6-глава. Мүлк жана финансы
16. Борбордун негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Борбор республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынан каржыланат.
18. Борбор белгиленген тартипте өзүнүн башкаруусуна берилген мамлекеттик имаратты, жабдууларды, эмеректерди жана башка материалдык-товардык баалуулуктарды ыкчам башкаруу укугунун негизинде пайдаланат.
7-глава. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
19. Борборду өзгөртүп түзүү жана жоюу, жоюлган же өзгөртүп уюштурулган учурда мүлктү бөлүштүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Борбордун иши токтотулган учурда, документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.