Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 6-августу № 116
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2022-жылдын 18-февралындагы № 82, 2022-жылдын 4-мартындагы № 114, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122, 2023-жылдын 18-майындагы № 267, 2023-жылдын 23-июнундагы № 320, 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 458, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569, 2023-жылдын 25-октябрындагы № 569, 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 616 , 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 12-февралындагы № 53, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен кошо алардын функцияларын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу" мамлекеттик мекемесин ага кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттигине;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Түндүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору биригүү жолу менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна.
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин кайра уюштурулуучу ведомстволук бөлүмдөрүн жана уюмдарын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 6-сентябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлеринин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 2-8-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-4, 6-9-пункттары;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 7, 20 жана 30-пункттары;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-февралындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 187 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 16 жана 32-пункттары;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын айрым маселелери жөнүндө" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ведомстволук бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 789 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
20) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаменти жөнүндө" токтому;
22) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
23) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомунун 4-9, 11-пункттары;
24) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;
25) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 1-4-пункттары;
26) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
27) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтому;
28) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому;
29) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин штаттык санын оптималдаштыруу жөнүндө" токтому;
30) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
31) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 "Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |