Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 507
Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жол жоболорун ишке ашыруу үчүн электрондук соода аянтчасын киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун 2-главасынын колдонулушу аталган Жобонун 18-пунктунун төртүнчү-сегизинчи абзацтарын кошпогондо аянты алты квадрат метрден ашкан, Бишкек жана Ош шаарларынын, Чуй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында ижарага берилүүчү мамлекеттик мүлктөргө 2021-жылдын 31-декабрына чейин жайылтылбайт;
- аталган административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында аянты алты квадрат метрден ашкан мамлекеттик мүлктү ижарага берүү, ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Мамлекеттик органдар, ишканалар, ошондой эле алардын ведомстволук уюмдары жылына эки жолу, биринчи жана учунчу квартал аяктаганда бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго ижарага берилүүчү бош турган жайлар жөнүндө маалыматты берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом тиешелүү электрондук соода аянтчасы ишке киргизилгенден кийин күчүнө кирүүчү 2-пунктту кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, электрондук соода аянтчасынын иши жөнүндө маалымат аны пайдаланууга киргизүү датасына чейин он беш күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана расмий веб-сайтта жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 507
Электрондук форматтагы пилоттук аукциондордо мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жана ижарага берүүнүн тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 620, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жана менчиктештирүү жол жоболорун ишке ашыруу үчүн электрондук соода аянтчасын киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомунун редакциясына ылайык)
2.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
21.( КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык күчүн жоготту
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.