КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 505
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 195 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Сапаттуу билим берүү процесси үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле окуп жаткандар тарабынан толук эмес орто билим берүүнүн базасында аскердик адистик боюнча билим берүү деңгээлдерине жетүү жана кесиптик билим алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 195 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы "9-11" деген цифралар "10-11" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |