Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 195
Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык)
Уландарды Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларында андан аркы окууга даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү\
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде 10-11-класстарда 500 адамга чейин тарбиялануучулар окутулаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-октябрындагы № 796 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы «Кыргыз мамлекеттик улуттук аскердик лицей түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |