Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 645
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кадрларды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баку шаарында 2017-жылдын 14-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кадрларды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө тиркелген протокол (мындан ары - Протокол) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө азербайжан тарапка билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Протоколду ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кадрларды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2017-жылдын 14-июну
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети,
эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу, тактап айтканда бажы иши жаатындагы мамилелерди натыйжалуу бекемдөөнү жана өркүндөтүүнү каалоо менен,
бажы иши чөйрөсүндөгү кадрларды кесипкөй даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө жана өз ара жардам көрсөтүүгө умтулуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана ушул Протоколго ылайык кадрларды кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну ишке ашырышат жана төмөнкү иш-чараларды жүргүзүшөт:
а) тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу методикасын бирдикте иштеп чыгуу;
б) бажы иши жаатында биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү уюштуруу;
в) семинарларды жана башка биргелешкен окуу-методикалык жана илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү;
г) кинологиялык кызматтардын ортосунда окууларды өткөрүү жана тажрыйба алмашуу;
д) кадрларды кесиптик окутуу жаатында кызматташууга байланышкан башка иш-чаралар.
2-берене.
Тараптар ушул Протоколдун 1-беренесинде каралган конкреттүү иш-чараларды жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын (анын ичинде каржылоо менен байланышкан маселелер) аларды өткөрүү башталганга чейин үч айдан кечиктирбестен макулдашышат.
3-берене.
Тараптар ушул Протоколду ишке ашыруу максатында тиешелүү кызмат адамдарына ыйгарым укуктарды беришет жана алардын тизмелерин алмашышат. Аталган тизмелерде өзгөрүүлөр болсо, Тараптар бул жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө билдиришет.
4-берене.
Ушул Протоколду аткаруу маселелери боюнча Тараптардын ортосундагы кат алышуу орус тилинде жүргүзүлөт.
5-берене.
Ушул Протоколду чечмелөөдө же жоболорун колдонууда кайчы пикирлер келип чыкса, Тараптар аларды консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечишет.
6-берене.
Ушул Протоколдун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан алардын милдеттенмелерин жана укуктарын козгобойт.
7-берене.
Ушул Протоколго Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Протоколдун 8-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирип, анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелинген өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылышы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Протокол 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгер Тараптардын бири да жогоруда аталган мөөнөт бүткөнгө чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен, кат жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө башка Тарапка билдирбесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Баку шаарында 2017-жылдын "__" июнунда эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн |