Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 511
Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында уруксат берилген иштин түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
1. Азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлар менен соода кылуу (дүкөндөр, дарыканалар, дарыкана пункттары).
2. Коомдук тамактануу (ресторандар, кафелер, кафетерийлер, кофейнялар, барлар, жеңил тамактануучу жайлар).
3. Тиричилик жактан тейлөө (чач-тарач, бут кийим оңдоо, саат оңдоо, ательелер).
4. Банктык кызмат көрсөтүү (банктын бөлүмдөрү жана акча алмаштыруу пункттары).
5. Байланыш кызматтарын көрсөтүү (почта бөлүмдөрү).
6. Төмөнкүлөрдүн иши:
турак жай жана оңдоочу-эксплуатациялык органдарынын;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
маданият, билим берүү, социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эс алуу (бильярд, шахмат жана шашки залы, компьютердик кызмат көрсөтүүлөр жана оюн залы 100 м2 ашпаган аянты менен) мекемелеринин;
дене тарбия жана спорт уюмдарынын;
милиция пункттарынын;
прокуратура, сот жана загс органдарынын;
адвокатура, нотариат органдарынын;
коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын офистеринин жана контораларынын;
камсыздандыруу уюмдарынын;
сүрөтчүлөрдүн, архитекторлордун жана скульпторлордун чыгармачылык устаканаларынын (темир боюнча иштеген скульпторлордон тышкары);
администрациялык-башкаруу функцияларына байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын ар кандай уюмдарынын.
Эскертүү.
Көп батирлүү үйдүн турак эмес жайларында төмөнкүлөрдү жайгаштырууга жол берилбейт:
а) үйдү курууда долбоордук документацияда каралбаган, ошондой эле кечки саат 23төн кийин иштеп жаткан (ресторандар, кафелер, түнкү клубдар жана барлар, дискотекалар) коомдук тамактануу ишканаларын отургуч орундарынын саны менен;
б) балык, химиялык товарлар боюнча адистештирилген дүкөндөрдү, ошондой эле жарылуу, өрт чыгуу коркунучу бар (анын ичинде пиротехникалык), күйүүчү, кычкылдатуучу, тутануучу уулуу заттарды жана материалдарды камтыган продукцияны сатуучу дүкөндөрдү;
в) психиатриялык, радиологиялык, инфекциялык саламаттык сактоо объекттеринин стационарларын, бөлүмдөрүн жана лабораторияларын, анын ичинде кургак учук жана тери-венерологиялык багыттагы ооруканаларды, тез жана кечиктирилгис медициналык жардамдын станцияларын;
г) химиялык тазалоону;
д) жумушчу оруну 10дон көп бут кийим оңдоо боюнча устаканаларды;
е) мончолорду жана сауналарды;
ж) коомдук дааратканаларды;
з) расымдык тейлөө мекемелерин;
и) өнөр-жай өндүрүштөрүн.