Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-июлундагы № 423 токтому менен бекитилген |
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
1. Кириш сөз
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттары (мындан ары - 2018-2020-жылдарга ФСНБ) 2015-2016-жылдар үчүн бюджеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыгын жана 2017-жылга күтүлгөн баалоолорду эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2018-2020-жылдарга ФСНБны даярдоодо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасы, тармактык (секторалдык) стратегиялар жана өнүктүрүү программалары, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу эске алынган.
2018-2020-жылдарга ФСНБнын максаты кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттин долбоорун түзүүдө пайдаланылуучу параметрлерди жана шарттарды, аны түзүүгө карата ыкмаларды, негизги мүнөздөмөлөрдү жана мамлекеттик бюджеттин болжолдонуучу параметрлерин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын башка бюджеттерин аныктоо болуп саналат.
Бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде билим берүү, маданият, саламаттык сактоо чөйрөсүндө түзүлүүчү коомдун пайдасына өндүрүү кайра бөлүштүрүү механизминин негизинде экономиканы жөнгө салуунун негизги функцияларынын бири болуп саналат.
Мамлекеттик бюджет өндүрүштүн жана жумуштуулуктун анык көлөмүнүн өзгөрүүсүнө, инфляцияны контролдоого жана экономикалык өсүштү күчөтүүгө жетүү үчүн мамлекеттик чыгымдардын, салыктардын өзгөрүшүнүн жардамы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык процесстерин жөнгө салуунун негизги шаймандарынын бири болуп саналат. Тийиштүү түрдө бюджеттик процесстерди орто мөөнөттүү мезгилде кароо зарыл. 2018-2020-жылдарга ФСНБ аналитикалык документ жана алдыдагы орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясатты ишке ашыруунун негиздерин аныктоочу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ресурстардын көлөмүн жана тийиштүү чыгымдарды жалпысынан жана ар бир тармак боюнча болжолдоого мүмкүнчүлүк берүүчү мамлекеттик финансыны башкаруу шайманы болуп саналат.
2018-2020-жылдарга ФСНБнын башкы максаттары бюджеттик ассигнованиелерди мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын артыкчылыктуу багыттар боюнча бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү жолу менен бюджеттик процесстин стратегиялык багытталышын камсыздоо болуп саналат. 2018-2020-жылдарга ФСНБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги ишинин туруктуулугунун көрсөткүчү катары маанилүү, анткени жакынкы үч жылга мамлекеттик стратегиялык программалардын багытын чагылдырат жана мамлекеттик фискалдык саясат үчүн негиздерди аныктоо каражаты, ошондой эле бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу каражаты болуп саналат.
2018-2020-жылдарга ФСНБ эки бөлүктөн турат:
Биринчи бөлүгү - "Макроэкономикалык жана салыктык-бюджеттик саясаттын орто мөөнөттүү стратегиясы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1-блок - макроэкономика - кирешелерди жана чыгашаларды негизи катары;
2-блок - чыгымдардын орто мөөнөттүү негизи - мамлекеттин фискалдык саясатынын негизи катары;
3-блок - мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы - карыз алуулардын саясаты жана бюджеттин жана төлөм балансынын туруктуулугун башкаруу.
Экинчи бөлүгү - "Тиркеме" камтыйт:
тармактык чыгымдар маселелери боюнча техникалык жазуулар;
таблицалар: 2018-2020-жылдарга ФСНБ
ЕАЭСке мүчө мамлекеттердеги, ошондой эле Кытай Эл Республикасындагы экономикалык кырдаалдын начарлашы 2016-жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн негизги токтотуучу фактору болуп калды. 2016-жылдын ичинде сырьелук товарларга дүйнөлүк баа жай темпте калыбына келген жана кескин түшүүдөн кийин жарым-жартылай калыбына келген, бул ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин соода баланстарына жана бюджеттерине терс таасир этти.
Дүйнөлүк экономикада түзүлгөн кырдаалдын фонунда тышкы шарттарга карата адаптация шарттарында ЕАЭСке мүчө өлкөлөр тарабынан жагымсыз макроэкономикалык туруктуулуктун экономикалык саясатына таасир этүүнү жеңилдетүүгө байланышкан экономикалык саясат жүргүзүлгөн. Натыйжада макроэкономикалык кырдаал стабилдештирилди, улуттук валютанын курстарынын өзгөрмөлүүлүгү кыскарды.
2016-жылдын ичинде россия рубли туруктуу өсүү тенденциясын көрсөттү, жыл аягында АКШ долл. карата 16,8%га бекемделди. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз сому жана казак теңгеси да 8,8%га жана 1,8%га бекемделген. 2015-жылга салыштырмалуу Россия Федерациясындагы инфляциянын өсүү темпи бир кыйла төмөндөгөн (2015-жылдагы 15,5%ге карата 7,1%га өсүү), Беларусь Республикасындагы инфляция бир аз басаңдагандыгы байкалган (13,5%ге карата 11,8%).
2015-2016-жылдарда анык ички дүң продуктунун (мындан ары - ИДП) орточо жылдык өсүшү (3,85%) кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө (анык өсүштүк орточо жылдык арымы 3,3%), өнөр жайында (0,3%), курулушта (11,9%), айыл чарбасында (4,6%), ушулардын негизинде жана тышкы факторлордун таасирин эске алуу менен 2018-2020-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилде анык ИДПнын орточо жылдык өсүшү экономиканын бардык секторлорундагы өсүштүн эсебинен (4,5%) деңгээлинде болжолдонууда.
2018-2020-жылдарга ФСНБ өлкөнүн экономикасын турукташтырууга жана туруктуу өсүшүн бекемдөөгө багытталган. Макроэкономикалык саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөлөрү: өлкөдө социалдык-саясий туруктуулук, Кыргыз Республикасын ЕАЭСке толук интеграциялоо, координацияланган акчалай-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясат, банк системасын бекемдөө жана финансылык рынокту тереңдетүү, экономикага мамлекеттин кийлигишүүсүн кыскартуу аркылуу бизнес-чөйрөнүн жагымдуулугун жогорулатуу, ички керектөө баасынын орточо өсүшү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу.
Орто мөөнөттүү мезгилде макроэкономикалык туруктуулук тенденцияларын чыңдоого багытталган макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты жүргүзүүнү улантуу болжолдонот, ал 2020-жылы 4,5% деңгээлинде инфляциянын арымын кармап турууга алып келет (өткөн жылдын декабрына %да).
Социалдык саясат жаатында 2018-2020-жылдарга негизги милдеттер мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу, калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртуу, ишке жөндөмдүү калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү жана турмуштун татаал кырдаалынан чыгууга көмөк көрсөтүү болуп калат. Жумуштуулук жаатындагы негизги артыкчылыктуу багыттар 2020-жылга чейин калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана ички жана тышкы миграцияны жөнгө салуу программасын ишке ашыруунун алкагында улантылат.
2018-2020-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилде бюджеттик-салыктык саясат өткөн мезгилдеги саясатты ырааттуу түрдө улантууну болжолдойт, анын негизги багыттары: улуттук өндүрүштүн жана жумуштуулуктун анык көлөмүнүн өзгөрүшү; инфляцияга контролдук жүргүзүү; ыңгайлуу шарттарды түзүү аркылуу экономикалык өсүштү тездетүү; мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Салыктык саясат - экономикалык өсүшкө дем берүү жана салыктык жүктү жөнөкөйлөтүү жана азайтуу аркылуу инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу саясаты болуп калат. Орто мөөнөттүү келечекте бюджетке түшүүлөрдүн өсүү тенденциясы сакталаары пландалууда. Бюджеттин кирешелери 2018-жылы 148,2 млрд. сомдон 2020-жылы 153,3 млрд. сомго чейин өсөт. Мында, алардын ИДПдагы үлүшү 2020-жылы (ИДП карата 23,6%) 2018-жылга карата (ИДПга карата 27,5%) ИДПнын 3,9 пайыздык пунктуна азаят, бул салыктык эмес кирешелердин деңгээлинин ИДПга карата 1,8%га, салыктык эмес кирешелердин ИДПга карата 0,8%га жана алынган расмий трансферттердин (программалык гранттар жана мамлекеттик инвестициялар гранттары) ИДПга карата 1,4%га азайышы менен шартталган.
Орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик кирешелердин жогорулашы негизинен салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Алсак, салыктык кирешелердин номиналдык көлөмү 2018-жылы 113,0 млрд. сомдон 2020-жылы 124,8 млрд. сомго чейин көбөйөт. ИДПга карата салыктык кирешелер орто мөөнөттүү мезгилде 2018-жылы ИДПга карата 21,0%дан 2020-жылы ИДПга карата 19,2%га чейин төмөндөйт. Алардын бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасындагы салыштырма салмагы 2018-жылдагы 76,2%дан 2020-жылы 81,4%га чейин көбөйөт.
Мамлекеттик чыгымдар экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну ишке ашыруу жана өлкөнүн коргоо жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жаатында коомдун кыйла маанилүү керектөөлөрүн канааттандырууга арналган.
Мамлекеттин чыгымдарынын максаттары боюнча төмөнкүдөй чыгымдарга бөлүнгөн:
- жалпы мамлекеттик максаттарга чыгымдар:
1) улуттук коргоону жана коопсуздукту камсыздоого чыгымдар;
2) мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдар;
- экономикалык максаттарга:
1) экономиканын мамлекеттик секторун күтүүгө жана алардын иштөөсүн камсыздоого чыгымдар;
2) экономиканын жеке секторуна жардамдарга чыгымдар (субсидиялоо);
3) курчап турган чөйрөнү коргоого чыгымдар;
- социалдык максаттарга:
1) социалдык камсыздоого чыгымдар (пенсияларды, стипендияларды, жөлөкпулдарды төлөө);
2) билим берүүгө, саламаттык сактоого, турмушта колдонулуучу илимдерди өнүктүрүү.
Орто мөөнөттүү мезгилге чыгымдардын болжолу төмөнкүдөй өбөлгөлөрдө түзүлгөн:
- өткөн жылдардагы талдоо - мыйзам ченемдүүлүктү табуу жана экономика секторлору (тармактар) жана ведомстволор боюнча өткөн керектөөлөрдү аныктоо;
- 2016-жылы иш жүзүндөгү чыгымдарды 2016-2018-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолуна (мындан ары - БОБ) ылайык болжолдуу чыгымдарга салыштырып талдоо;
- тышкы жана ички саясий жана экономикалык факторлордун таасири.
2018-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары 2017-жылга карата өсүү менен болжолдонууда (106,8%) жана 2019-жылы 2018-жылга карата 101,0% өсүү жана 2020-жылы 0,2%га азаюу түзөт.
Алдыдагы мезгилге учурдагы чыгымдар 2018-2020-жылдарда жыл сайын орточо 2,0% өсүү менен, капиталдык чыгымдар 2018-2019-жылдарда орточо 10,9%га өсүү жана 2020-жылы 5,8%га азаюу менен болжолдонууда. Бул тышкы булактардан мамлекеттик инвестицияларга (мындан ары - МИ) чыгымдардын азайышына байланыштуу болду. Мамлекеттин социалдык багыттуулугу 2018-2020-жылдарга ФСНБда көрсөтүлгөн секторлор боюнча чыгымдарды салыштырып талдоо көрсөтүп турат, артыкчылыктар ырааттуу түрдө социалдык, экономикалык жана жалпы мамлекеттик максаттарга чыгымдардын азайышы боюнча жайгаштырылган. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын 2018-жылы ИДПга карата 4,4%дан 2019-жылы ИДПга карата 3,8%га, 2020-жылы ИДПга карата 3,1%га чейин азайтуу болжолдонууда.
Орто мөөнөттүү мезгилде тартыштыкты ИДПдан орточо 3,7% деңгээлинде кармоо болжолдонууда жана ички, тышкы карыз алуулар аны жабуу булактары болот. Негизги мамлекеттик стратегиялардын бири тышкы карызды башкаруу стратегиясы болуп саналат. Тышкы карыз экономикалык системанын (мисалы, инфляциянын деңгээлине, мамлекеттик бюджетти түзүүгө, акчалай валюталык жөнгө салууга, жарандардын жана жалпысынан өлкөнүн ички жана тышкы аманаттарына, чет өлкөлүк инвестицияларга ж.б.) көптөгөн элементтерине тикелей да, кыйыр да таасир тийгизет. Өлкөдө жетишсиз болгон жана жалпысынан экономиканы андан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон олуттуу ресурстар мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө багытталууда.
Азыркы учурда, республикада бюджеттик процессти уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу системасына өтүү ишке ашырылууда, ал бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга карата анык кадам болуп калууга тийиш. Бюджет максаттардын жана мамлекеттик саясаттын пландалган натыйжаларынын негизинде түзүлөт. Чыгымдар функцияларга, программаларга, кызмат көрсөтүүлөргө, иштин түрлөрүнө тыгыз байланыштуу. Аларды пландоодо экономикалык натыйжалуулук жана социалдык маанилүүлүк позициялары менен бюджеттик программалардын алкаганда акыркы натыйжаларды негиздөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Программалык бюджетти киргизүү финансылык башкаруунун сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча коомдук-укуктук билим берүү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарт түзөт.
Программалык бюджеттештирүү бюджетти пландоо, аткаруу жана анын аткарылышын контролдоо методологиясын камтыйт, ал мамлекеттик чыгымдарды бөлүштүрүү процесси менен мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун күтүлгөн жана акыркы натыйжаларынын коомдук маанилүүлүгүн эске алуу менен стратегиялык максаттардын негизинде иштелип чыгуучу программаларды ишке ашыруунун натыйжалары менен өз ара байланыштарын камсыздайт. Программалык бюджеттештирүүнүн негизги максаты бюджеттик чыгымдардын социалдык жана экономикалык натыйжалуулуктарын жогорулатууда турат.
2. Макрофискалдык техникалык жазуу
2.1. Макроэкономикалык саясат жана орто мөөнөттүү болжолдор
2015-2016-жылдар үчүн Кыргыз Республикасында макроэкономикалык кырдаал дүйнөлүк экономикада түзүлгөн бирдей эмес маанидеги кырдаалга карабастан сырьелук жана финансылык рынокто Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлүп жаткан макулдашылган экономикалык саясаттын натыйжасында өлкөдөгү макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого мүмкүндүк берет. Бирок, өлкөнү экономикалык өнүктүрүүгө негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн төмөндөшүнө/басаңдашына дагы деле таасирин тийгизип жатат. ИДПнын орточо жылдык өсүш арымы оң динамиканы сактап калды жана 3,85%ды түздү.
2015-жылы айыл чарбасында (6,2%) жана курулушта (16,3%) өсүштүн жогорку арымына карабастан ИДПнын анык өсүшү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү (3,6%га чейин) өсүү арымынын басаңдашынын жана өнөр жайындагы (3,1%га чейин) төмөндөшүнүн натыйжасында 3,9% деңгээлинде түзүлдү, алар негизги металлдарды, тамак-аш азыктарын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки заттарын, текстиль өндүрүшүн өндүрүүнүн, кийим-кечектерди, резина жана желим буюмдарды, башка металл эмес минералдык продуктуларды, электр жабдууларын, транспорт каражаттарын жана химиялык продукцияларды өндүрүүнүн төмөндөшү менен шартталган.
2016-жылы экономика тармагындагы кырдаалды жакшыртуунун натыйжасында ИДПнын анык өсүү арымын экономикалык бардык секторлорундагы өсүү арымын, анын ичинде айыл чарбасында - 3,0%га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,9%га, курулушта - 7,4%га жана өнөр жайында - 4,9% көбөйтүүнүн эсебинен 3,8% деңгээлине жеткирүүгө мүмкүн болду. Экономикалык өсүшкө таасир тийгизүүчү жагымдуу фактор - бул алтынга баанын өсүшү, жеке жактардын акчалай которууларынын таза агымынын өсүшү, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү, АКШ долл. карата улуттук валютаны бекемдөө болуп саналат.
2015-2016-жылдарда ИДПнын орточо жылдык өсүш арымы (3,85%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (орточо жылдык анык өсүш арымы 3,3%ды түздү), өнөр жайында (0,3%), курулушта (11,9%), айыл чарбасында (4,6%) өндүрүш менен камсыздалган.
1-таблица
Өндүрүштүн структурасы жана ИДПнын анык өсүш арымы, 2015-2016-жылдары
| 2015-ж. | 2016-ж. | 2015-2016-жж. орточо |
Учурдагы баалардагы ИДП (млн. сом.) | 430489,4 | 458027,4 |
|
Секторлор боюнча ИДП (%) | 100,0 | 100,0 | 100,0 |
- Айыл чарба | 14,0 | 13,2 | 13,6 |
- Өнөр жай | 16,7 | 17,5 | 17,1 |
- Курулуш | 8,4 | 8,5 | 8,5 |
- Кызмат көрсөтүүлөр | 49,1 | 49,8 | 49,5 |
- Продуктуларга таза салыктар | 11,8 | 11,0 | 11,4 |
ИДПнын анык өсүү арымы (%) | 3,9 | 3,8 | 3,9 |
Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП | 4,9 | 3,7 | 4,3 |
Тармактардын дүң продукциясынын анык өсүш арымы,% |
|
|
|
- Айыл чарба | 6,2 | 3,0 | 4,6 |
- Өнөр жай | -4,4 | 4,9 | 0,3 |
Кумтөрдү эсепке албаганда өнөр жай | -0,6 | 4,8 | 2,1 |
Курулуш | 16,3 | 7,4 | 11,9 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 3,6 | 2,9 | 3,3 |
Өнөр жайында 2015-2016-жылдар үчүн орточо жылдык өсүү 0,3%ды түздү. Кумтөрдү эсепке албаганда өнөр жайындагы орточо жылдык өсүш 2,1%ды түздү.
2015-жылы өнөр жайындагы 4,4% төмөндөө тамак-аш азыктарын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки заттарын (6,7%) өндүрүүнүн, текстиль өндүрүүнүн (11,3%), резина жана желим буюмдарды, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүнүн (11,1%), машина жана жабдуулардан башка негизги металл жана даяр металл буюмдарды (8,5%), электр жабдууларын өндүрүүнүн (8,8%), транспорт каражаттарын өндүрүүнүн (29,5%) азайышынын, ошондой эле электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер абасы менен камсыздоонун (2,8%) азайышынын эсебинен иштетүүчү өндүрүштүн 7,8%га азайышы менен шартталган.
2016-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 4,9% көбөйүшү тамак-аш продуктуларын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттарын (12,1%га), тазаланган мунай заттарын (44,4%), машина жана жабдуулардан башка негизги металл жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн (5,8%), транспорт каражаттарын өндүрүүнүн (8,8%), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (20,1%) өсүшү менен шартталган.
2015-2016-жылдар үчүн айыл чарбасындагы орточо жылдык өсүү арымы 4,6% деңгээлинде түзүлдү.
2015-жылы айыл чарбасында, токой чарбасында жана балык уулоодо дүң чыгаруунун (6,2%) өсүшү дан өсүмдүктөрүн (дан, күрүч, гречканы кошпогондо) (28,2%), кант кызылчасын (5,5%), картошка (7,2%), жашылчаларды (15,7%), бакча өсүмдүктөрү (25,0%) өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эсебинен өсүмдүк өстүрүүдөгү (9,9%) өсүшүнө, ошондой эле ири мүйүздүү малдын, жылкылардын жана канаттуулардын санынын көбөйүшүнүн эсебинен мал чарбасында (2,7%) өсүшүнө таасирин тийгизди.
2016-жылы айыл чарбасындагы 3,0% өсүү кант кызылчасын (фабрикалык) (3,8 эсе), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн (15,3%), чийки пахтаны (18,2%) өндүрүүнүн көбөйүүсүнүн эсебинен өсүмдүк продукцияларынын көбөйүшү жана эт өндүрүүнүн (2,2%), сүттүн (2,9%), жумуртканын (8,5%) жана жүндүн (2,5%) өсүшүнүн эсебинен мал чарбасындагы 2,5% өсүшү менен шартталган.
2015-2016-жылдарда кызмат көрсөтүүнүн өсүшү жылына орточо 3,3%га камсыздалган, бул негизинен дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын кеңейишинин эсебинен болду. Керектөө товарларына баанын туруктуулугу, мейманкана жана ресторан иштерин өнүктүрүү жагымдуу өбөлгө болуп калды.
2015-жылы кызмат көрсөтүүнүн өсүү арымы 3,6%ды түздү, бул негизинен дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо (7,1%), мейманкана жана ресторан кызматтарынын (9,1%га), маалымат жана байланыш (3,2%га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (2,2%га) кызматтарынын көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болду.
2016-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүү 2,9%ды түздү, бул дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо (7,6%), мейманкана жана ресторан кызматтарынын (9,5%га), транспорт иштери жана жүктөрдү сактоо (0,4%га), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (1,6%га) кызматтарынын көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында болду.
Курулуш тармагында каралып жаткан мезгил үчүн орточо 11,9% өсүү байкалган, бул курулушта дүң продукциянын 2015-жылы 16,3% жана 2016-жылы 7,4% өсүүсүнүн натыйжасында болду.
2015-жылы тармактын 16,3%га өсүшү инвестицияларды негизги капиталга өздөштүрүүнүн (14,0%га) көбөйүүсү менен шартталган, анын ичинде объекттер курулушуна өздөштүрүлгөн инвестициялардын көбөйүү эсебинен айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык улоочулук (42,7%), кайра иштетүүчү өндүрүшкө (1,6 эсе), пайдалуу кендерди казып алуу (8,5%га), суу менен жабдуу, таштандыларды тазалоо, кайра иштетүү (39,7%) дүң жана чекене соода (1,9%), транспорттук иш жана жүктөрдү сактоо (1,5 эсе) искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (34,0%), билим берүү (1,6 эсе), ошондой эле турак жай курулушу (12,6%).
2016-жылы курулуш тармагындагы өсүү 7,4%ды түздү, ал айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо объекттерин курууга өздөштүрүлгөн инвестициялардын (1,3 эсе), электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер абасы менен камсыздоо боюнча объекттерди куруу жана кайра конструкциялоо (7,4%), дүң жана чекене соода (1,8 эсе), транспорт иштерин жана жүктөрдү сактоо (37,8%), мейманкана жана ресторандар (3,4 эсе), искусство, көңүл ачуу жана эс алуу объекттерин курууга (2,7 эсе) көбөйүүсүнүн натыйжасында инвестицияларды негизги капиталга өздөштүрүүнүн (3,8%) өсүшүнүн эсебинен болду.
2015-жылы (өткөн жылдын декабрына %да) инфляциянын деңгээли 3,4%ды түздү, бул алкоголдук ичимдиктерге, тамеки заттарына (12,4%), азык-түлүк эмес товарларына ички баалардын (12,3%), кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (6,7%) өсүшүнө байланыштуу болду. Тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (4,2%) төмөндөшү байкалууда.
2016-жылы дефляция (азаюу) (өткөн жылдын декабрына %да) 0,5% белгиленген, бул тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга ички баалардан (5,0%), турак жай кызматтарына, суу, электр энергиясына, газ жана отундун башка түрлөрүнө (4,3%) азайышынын натыйжасында болду.
Товарларды экспорттоо 2014-жылы 1883,7 млн. АКШ долл., 2015-жылы 1482,9 млн. АКШ долл. чейин азайган жана 2016-жылы 1544,6 млн. АКШ долл. чейин көбөйгөн. 2015-2016-жылдар үчүн товарларды экспорттоонун орточо жылдык номиналдык өсүү арымынын азайышы 8,6%ды түздү.
2015-жылы номиналдык туюнтууда товарларды экспорттоо 21,3%га азайган, ал алтынды экспорттоп жабдып-жеткирүүнүн - 7,2%, жашылчалардын - 21,8%, мөмөлөрдүн жана жаңгактардын - 19,9%, айнек жана алардан жасалган буюмдардын - 51,7%, чыңалуу лампалары - 19,0%, портландцемент - 86,8% кыскарышынын эсебинен болду.
2016-жылы номиналдык туюнтууда товарларды экспорттоо 4,2%га көбөйдү, ал алтынды экспорттоонун - 5,4%, рудалар жана баалуу металлдардан концентраттардын - 210,5 эсе, айнек жана алардан жасалган буюмдарды - 24,6%, мөмө жана жаңгактардын - 1,6%, жашылчалардын - 35,9 %, портландцементтин 2,3 эсе, пахтанын - 3,1% көбөйүшүнүн эсебинен болду.
Товарларды импорттоо 2014-жылы 5734,7 млн. АКШ долл., 2015-жылы 4153,9 млн. АКШ долл. жана 2016-жылы 3919,1 млн. АКШ долл. чейин азайган. 2015-2016-жылдар үчүн товарларды импорттоонун орточо жылдык номиналдык өсүү арымынын азайышы 16,7%ды түздү.
2015-жылы товарларды импорттоонун номиналдык өсүш арымы 27,6%га азайган, бул негизинен күйүүчү майды импорттоонун - 21,5%га, автомобиль бензининин - 22,4%га, авиакеросинин - 37,3%га, жаратылыш газынын - 20,3%, кара металлдын - 25,0%га, фармацевттик продукциялардын - 16,4%, буудайдын жана меслиндин - 37,1%га кыскарышынын эсебинен болду.
2016-жылы номиналдык туюнтууда товарларды импорттоо 5,7% азайган, ал күйүүчү майдын - 58,5%га, автомобиль бензининин - 57,0%га, авиакеросиндин - 53,3%, кара металлдын - 20,0%га" фармацевттик продукциянын - 28,7%га, темир жолдон башка жер үстүндө жүрүүчү транспорт каражаттарынын - 40,2%га кыскарышынын эсебинен болду.
2015-2016-жылдарда социалдык чөйрөдөгү негизги кайра түзүүлөр мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууга, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын абалын жакшыртууга багытталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө социалдык коргоо системасынын туруктуулугун жана социалдык саясаттын ишин улантуусун камсыздоого мүмкүн болду.
2016-жылы орточо айлык эмгек акы чакан ишканаларды кошпогондо 14492,0 сомду түзөт, бул эмгекке жөндөмдүү калктын минималдык жашоо минимумунан 2,7 эсе ашат. 2015-жылы чакан ишканаларды эсепке алганда орточо айлык эмгек акы 2014-жылга карата анык туюнтууда 3,1%га өстү жана 13483,0 сомду түзөт. Жашоо минимумунун нарктык чоңдугу 2015-жылга салыштырмалуу калктын жан башына 7,5%га азайган жана 2016-жылы 4794,3 сомду түздү (2015-жылы 5183,0 сом), анын ичинен эмгекке жөндөмдүү калкка - 7,7% жана 5352,0 сомду түздү (2015-жылы 5799,8 сом).
2016-жылы калктын жан башына ИДП АКШ долл. 2015-жылга салыштырмалуу 2,6%га азайган жана 1133,6 АКШ долл. түздү.
Республикада калктын жыргалчылыгынын өлчөмүн баалоо натыйжалары жакырчылыктын деңгээлинин 2014-жылы 30,6%дан, 2015-жылы 32,1%га чейин жогорулагандыгын ырастайт.
Республиканын калкынын орточо жылдык саны 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы 122,6 миң адамга көбөйгөн жана 5824,7 адамды түздү. Республикада иштеген калктын саны 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 2,1%га көбөйгөн (2014-жылы 2302,7 миң адамдан 2015-жылы 2352,1 миң адамга чейин). Катталган жумушсуздардын саны 2016-жылы экономикалык активдүү калктын санынын 2,2%ын түзөт ( 2015-жылы - 2,2%).
2-таблица
2015-2016-жылдар үчүн социалдык көрсөткүчтөр
| 2015-ж. факт | 2016-ж. факт |
Калктын орточо жылдык саны (миң адам) | 5702,1 | 5824,7 |
Жакырчылык (калкка карата % менен) | 32,1 | 32,0(*) |
Иштеген калктын саны (миң адам) | 2352,1 | 2387,5(*) |
Расмий катталган жумушсуздар (в %) | 2,2 | 2,2 |
Орточо айлык эмгек акы (сом.) | 13483,0 | 14492,0(**) |
анык өсүш арымы (% менен) | 103,1 | 109,4 |
Эмгекке жөндөмдүү калктын жашоо минимумуна карата % | 232,5 | 270,8 |
Калктын акчалай кирешелери (млрд. сом) | 293,6 | 310,2(*) |
(*) күтүлгөнү;
(**) чакан ишканаларды эсепке албаганда.
2017-жылга макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары макроэкономикалык туруктуулукту сактоо жана экономикалык өсүштүн оң динамикасы үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
2017-жылы өлкөнү экономикалык өнүктүрүү 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш аракеттер планына киргизилген негизги багытталарга жана милдеттерге ылайык экономикалык потенциалды түзүү жана күчөтүү боюнча активдүү саясатты жүргүзүү негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭСге мүчөлүгү экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо жана өнүктүрүү фактору катары чыгат. Буга байланыштуу, ИДПнын өсүшү 3,5% күтүлүүдө. Инфляция, эң башкысы чет өлкөлүк валютага карата улуттук валютанын алмашуу курсунун, азык-түлүккө дүйнөлүк баанын волатилдүүлүгү, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын таасиринен, ошондой эле калктын инфляциялык күтүүлөрү тарифтик саясаттын өзгөрүүсү менен аныкталат. 2017-жылы инфляциянын деңгээли 4,3% деңгээлинде күтүлүүдө (өткөн жылдын декабрына %да).
2017-жылы валюталык саясат, мурдагыдай эле Кыргыз Республикасында тандалып алынган алмашуу курсунун өзгөрүлмө режимине ылайык жүргүзүлөт. Валюталык интервенциялар сомдун алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүгүн жеңилдетүүгө багытталат.
Өндүрүү структурасында ИДП кызмат көрсөтүү, өнөр жай жана айыл чарба чөйрөсүн тийиштүү түрдө 50,5%, 16,6% жана 12,9% салыштырма салмак менен басымдуулук кылат.
2017-жылы өнөр жайында (өнөр жайындагы бул өсүү сатылып алынган электр энергиясын эске алуу менен кайра иштетилген давальдык сырьенун наркын кошпостон эсептелген) 1,0%га төмөндөө күтүлүүдө. Кумтөрдү эсепке албаганда өсүү 5,5%ды түзөт. Өнөр жай тармагындагы төмөндөө машиналарды жана жабдууларды кошпогондо (7,5%), негизги металл жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн азайышынын эсебинен иштетүүчү өнөр жайындагы (3,3%) төмөндөө менен шартталган. Өндүрүштүн өсүшү пайдалуу кен казып алууда (16,8%), электр энергиясы, газ буу жана кондиционер абасы менен камсыздоодо (3,7%), азык-түлүк (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки заттарын өндүрүүдө (3,0%), текстиль өндүрүүдө (2,0%), кокс жана тазаланган мунай продуктуларын өндүрүүдө (16,7%), резина жана желим буюмдарды өндүрүүдө, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүдө (1,7%) байкалууда.
2017-жылы айыл чарбасында 3,0% өсүш күтүлүүдө, ал өсүмдүк өстүрүүдө - 3,5% жана мал чарбасында - 2,3% продукция өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эсебинен болду.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги максаты өндүрүш үчүн шарттарды түзүү, продукциянын сапатын жогорулатуу жана өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө: табигый климаттык фактордун жагымдуу таасири, фермерлер тарабынан тамчылатып сугаруу системасын активдүү пайдалануу жана ишке киргизүү, кыргыз-казак чек ара участогунда фитосанитардык/ветеринардык контролду алып салуу, КММ бөлүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү улантуу, фермерлерди жеңилдетилген кредиттик шарттардагы айыл чарба техникалары менен камсыздоо, теплица чарбаларын өнүктүрүүнү жана чарбада өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүнү улантуу таасирин тийгизет.
2017-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүү арымы дүң жана чекене сооданы, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоону (8,3%), транспорт иштерин жана жүктөрдү сактоону (2,7%), мейманканаларды жана ресторандарды (10,0) маалыматты жана байланышты (1,0) өнүктүрүүнүн эсебинен 4,3% деңгээлинде күтүлүүдө.
2017-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 150,6 млрд. сом деңгээлинде күтүлүүдө. Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн күтүлгөн көлөмүнүн негизинде курулуштун дүң продукциясы 11,5% анык өсүү менен 146,2 млрд. сом деңгээлинде күтүлүүдө. Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар: жеке турак жайларды куруу объекттери; транспорттук магистрал жана энергетика объекттери (электр берүү линияларын куруу боюнча иштер); айыл чарба объекттери.
Пайдалануу боюнча ИДПнын түзүмүндө дүң инвестициялардын үлүшү 2016-жылы 38,7%дан 2017-жылы 38,8%га чейин көбөйөт.
ИДПдагы жалпы керектөөнүн салыштырма салмагы (2016-жылы 99,7 %, 2017-жылы 100,6%) 2016-жылы 116,7%дан 2017-жылы 117,1%га чейин көбөйөт, бул жеке керектөө үлүшүнүн көбөйүшүнө (2016-жылы 99,7%, 2017-жылы 100,6%) байланыштуу болду. Мамлекеттик керектөөнүн үлүшү (2016-жылы - 17,0%, 2017-жылы - 16,5%) азаят. 2017-жылы жеке керектөөдөгү анык өсүү арымы 4,0%, ал эми мамлекеттик керектөө 0,5% деңгээлинде түзүлөт.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таза экспорттоонун ИДПга карата көрсөткүчү 2017-жылы (-55,9%) түзөт жана 2016-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка начарлайт (-55,4%).
2017-жылы товарларды экспорттоо 1600,0 млн. АКШ долл. түзөт жана айнек листтерди, цементти, кийим-кечектерди жана пахтаны, лампаларды, жашылча-жемиштерди экспорттоонун өсүшүнүн эсебинен 3,6%га көбөйөт (номиналдык туюнтууда).
Товарларды импорттоо 4100,0 млн. АКШ долл. түзөт жана 4,6% (номиналдык туюнтууда) көбөйөт, ал мунай заттарды, жаратылыш газын, конкреттүү тармактар үчүн атайын арналган машиналарды, кара металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды, фармацевттик продукцияларды, кагаздарды, картонду жана алардан жасалган башка буюмдарды импорттоонун өсүшүнүн эсебинен болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан үч сценарийдин ичинен орто мөөнөттүү мезгилге (2018-2020-жылдарга) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу макроэкономикалык сценарийи жактырылган, ал 2018-2020-жылдарга ФСНБны түзүүдө негиз катары кабыл алынган.
2018-2020-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясаттын башкы максаты социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө белгиленген позитивдик тенденцияларды бекемдөө жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо болуп саналат.
Кыргызстандын ЕАЭСге мүчөлүгү кошумча туруктуулукту камсыздоо экономиканы өнүктүрүү фактору катары чыгат, ошол эле учурда интеграциялык чаралардын жана иш аракеттердин натыйжасына жооп болуп саналат.
Макроэкономикалык саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү өбөлгөсү болуп төмөнкүлөр саналат:
- өлкөдө социалдык-саясий туруктуулук;
- экономиканын кошумча туруктуулугун камсыздоо жана өнүктүрүү факторлору катары интеграциялык чаралардын жана иш аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасын ЕАЭСге толугу менен интеграциялоо;
- Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмундагы (мындан ары - ДСУ) мүчөлүгүн активдүү колдонуу, ВСП схемасын пайдалануучунун преференциалдык статусу + жана эл аралык экономикалык жана финансылык уюмдар менен кызматташууну тереңдетүү;
- Чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштиктүү активдүүлүгүнүн өсүшү негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштү калыбына келтирүү/жакшыртуу фонунда бизнес-чөйрөнүн жагымдуулугун жогорулатуу;
- ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;
- импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, жогорку экспорттук потенциал менен экспорттук операцияларды жана артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү;
- Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ишин активдештирүү, айыл чарба тармактарын кредиттөөнү субсидиялоону улантуу;
- 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу;
- мурда бажылык контролдун болушу менен кармалган чек арага чектеш сооданы өнүктүрүү, ал жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын акчалай кирешесин көбөйтүүгө, жер-жерлердеги транспорттук, турак жай, социалдык инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө болот;
- эмгекти жана капиталды эркин жылдыруу.
2018-2020-жылдарда ИДПнын өсүшүнө таасир тийгизиши мүмкүн болгон тышкы жана ички тобокелчиликтерге төмөнкүлөр таандык;
- өлкөнүн экономикасынын алтынга дүйнөлүк баадан, энергия алып жүрүүчүлөрдөн жана башка сырьелук ресурстардан көз карандылыгы;
- өндүрүштүн чыгымдарынын өсүшү жана баанын мүмкүн болгон өсүүсүнө, начар инфраструктурага, продукциянын сапатына жана ЕАЭСтин техникалык регламенттеринин талаптарын аткарууга байланыштуу импорттолуучу материалдардын жогорку салыштырма салмагы менен экономика секторлору үчүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү кыскартуу;
- айрым бажылык барьерлерди сактоо тобокелчилиги, ветеринардык посттордун ачылышын кечиктирүү, чек араларды ачууга байланыштуу товарлардын кыймылын толук эсепке албоо ж.б.;
- негизги азык-түлүк товарларына импорттун наркынын өсүшү жана валюта рыногундагы волатилдүүлүк фонундагы энергия ресурстары экономикага кошумча инфляциялык басымдуулукту шарттайт;
- экономиканын диверсифицияланбагандыгы: Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча ишканалардын ишинин натыйжасында өнөр жай секторунун көз карандылыгы;
- товарлардын азык-түлүк топторун импорттоодон ички рыноктун көз карандылыгы (ун, өсүмдүк майы, шекер, крупа жана башкалар), КММ;
- айыл чарбасына жана энергетика секторуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон табигый-климаттык фактор;
- тышкы коркунучтардын таасирине дуушар болгон олуттуу даражадагы экономиканын ачыктыгы.
Орто мөөнөттүү мезгилде макроэкономикалык туруктуулук тенденцияларын бекемдөөгө багытталган макулдашылган акчалай-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты жүргүзүүнү улантуу, бул инфляциянын деңгээлин 2020-жылы 4,5% деңгээлинде кармоого алып келет (өткөн жылдын декабрына %да). Баанын туруктуу деңгээли макроэкономикалык туруктуулуктун зарыл шарттары, ага жетүү Кыргыз Республикасында экономикалык өсүштүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Экономикада 4,5% деңгээлинде болжолдонуучу ИДПнын орточо жылдык анык өсүшү, экономиканын бардык секторлорундагы туруктуу өсүү менен шартталган.
3-таблица
Өндүрүштүн структурасы жана ИДПнын анык өсүү арымы, 2017-2020-жылдары
| 2017-ж. күтүлг. | 2018-ж. болжол | 2019-ж. болжол | 2020-ж. болжол | 2018-2020-жж. үчүн орточо |
Учурдагы баалардагы ИДП (млн. сом.) | 494063,1 | 538134,8 | 589873,1 | 648480,1 |
|
Секторлор боюнча ИДП (%) | 100,0 | 100,0 | 100,0 | 100,0 | 100,0 |
- Айыл чарба | 12,9 | 12,7 | 12,3 | 11,9 | 12,3 |
- Өнөр жай | 16,6 | 16,3 | 16,2 | 16,4 | 16,3 |
- Курулуш | 9,0 | 9,4 | 9,7 | 10,0 | 9,7 |
- Кызмат көрсөтүүлөр | 50,5 | 50,8 | 50,9 | 50,9 | 50,9 |
- Продуктуларга таза салыктар | 11,0 | 10,9 | 10,9 | 10,9 | 10,9 |
ИДПнын анык өсүш арымы (%) | 3,5 | 3,6 | 4,8 | 5,2 | 4,5 |
Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП | 4,8 | 4,8 | 4,9 | 4,8 | 4,8 |
Тармактар боюнча дүң продукцияны чыгаруунун анык өсүү арымы (%) |
|
|
|
|
|
- Айыл чарбасы | 3,0 | 3,2 | 3,0 | 3,0 | 3,1 |
- Өнөр жайы | -1,0 | 1,3 | 5,3 | 8,7 | 5,1 |
Курулуш | 11,5 | 10,5 | 10,8 | 10,1 | 10,5 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 4,3 | 3,9 | 4,1 | 3,8 | 3,9 |
2018-2020-жылдары өнөр жайында (өнөр жайындагы бул өсүү сатылып алынган электр энергиясын эске алуу менен кайра иштетилген давальдык сырьенун наркын кошпостон эсептелген) өсүш арымы бир жылга орточо 5,1% деңгээлинде болжолдонууда, ал эми "пайдалуу кен казып алууларды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен - 9,3%, энергетикада - 3,3% жана кайра иштетүүчү өндүрүштө - 5,2%, анын ичинде, тамак-аш жана тамеки продуктуларын өндүрүүдө орточо алганда - 3,9%, негизги металлдар жана даяр металл буюмдары - 5,0%, текстиль өндүрүшүндө - 4,2% кокс өндүрүшү жана тазаланган мунай зат продуктулары - 15,1%. Кумтөр кен чыккан жерди иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү арымы орточо 7,8% деңгээлинде болжолдонууда.
Өнөр жайдын өнүгүшү өсүү арымынын маанилүү өзгөрүп турушу менен мүнөздөлөт. Көпчүлүк учурда бул өзгөрүүлөр Кумтөр кенин иштетүүчү (өнөр жайдын үлүшү 40%га жакын) ишканалардын иш секторунун иштөөсү менен шартталган.
2018-2020-жылдарга өнөр жайдын өнүгүшүнүн болжолу төмөндөгү негизги факторлорду жана өбөлгөлөрдү эске алуу менен даярдалган:
- энергетикада инвестициялык ири долбоорлорду жүзөгө ашыруу;
- Кумтөр кенин иштетүү үчүн эсептер жана болжолдонуучу ресурстар, кенде алтыны аз чыгаруу менен шартталган казып алуу көлөмүнүн азайышы болжолдонууда;
- Бозымчак, Талды-Булак сол жээги, Иштамберди, Караказык жана Жамгыр кен чыккан жерлердин көлөмүн көбөйтүүнүн жана мунайзат иштетүүчү ишканаларды киргизген өндүрүштөр жана Жерүй жана Куру-Терек кен чыккан жерлерди эксплуатацияга киргизүү;
- коммерциялык негизде чакан, ошондой эле ири тоо кен өнөр жайы компаниялары жана негизинен ачык иштетүү ыкмасы менен өлкөнүн көмүр өнөр жайын өнүктүрүүнүн реалдуу келечектери;
- өндүрүш диверсификациясынын төмөнкү деңгээли (6 маанилүү өнөр жай тармактарынын салыштырма салмагы, энергетиканы кошпогондо, орточо 70%дан ашыкты түзөт, ал эми калган 14 тармак орточо өнөр жай өндүрүшүнүн 30%ына туура келет);
- ЕАЭС шартында алсыз тармактардын чыгарган товарларды сатып-өткөрүү рынокторуна чыгуунун чектелүүлүгү;
- чийки зат жана комплекттөөчүлөрдүн импорттон жогорку көз карандылыгы;
- алтын, сурьма, сымап ж.б. карата баалардын өзгөрмөлүүлүгү.
Айыл чарбасында жылдык орточо өсүш арымы төмөнкүлөрдүн эсебинен 3,1% деңгээлинде болжолдонууда:
- пайдаланылбаган айдоо жерлерди кыскартуу;
- айыл чарба маанисиндеги кыртыштуу асыл жерлерди калыбына келтирүү жана негизги өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерге, ылаңдарга жана отоо чөптөргө каршы коргоочу иш-чараларды жүргүзүү;
- жигердүү тамчылатып сугаруу системасын пайдалануу;
- республика боюнча теплица чарбаларынын санын көбөйтүү;
- айдоо аянттарын структурасын оптималдаштыруу, үрөндөрдүн сортун жакшыртуу, машина-трактордук паркты жаңылоо;
- кыргыз-казак чек ара участкасында ветеринардык контролдоону алып салуу;
- Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын эт сүт продукцияларына суроо-талабын эске алуу менен мал башына жана айыл чарба малдарынын башка түрлөрүн көбөйтүү иштерин улантуу.
Орто мөөнөттүү мезгилде айдоо аянттарын, пахтаны жана тамекини, май чыгаруучу өсүмдүктөрдү, кант кызылчасын, жашылчаларды айдоо аянттарын көбөйтүү болжолдонууда, бул өсүмдүк продукцияларынын жылдык орточо 3,3% деңгээлинде өсүшүнө көмөк көрсөтөт.
Мал чарбасында жылдык орточо өсүш арымы 2,8% деңгээлинде болот, бул негизинен малдын башын көбөйтүүнүн жана селекциялык-асыл тукумдуулук иштерин арттыруунун эсебинен жетишилет.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте кызмат көрсөтүүлөрдү дүңүнөн көрсөтүүнүн көлөмү жылына орточо 3,9% деңгээлинде болжолдонууда, бул негизинен дүң жана чекене соода, транспорт иши жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, мейманкана жана ресторан, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарынын өсүшүнүн негизинде жетишилет.
Секторду өнүктүрүү калктын акчалай кирешелеринин анык өсүшү менен шартталган керектөөчүлүк суроо-талаптарды жакшыртуунун, республиканын негизги соода өнөктөштөрүн калыбына келтирүүнүн эсебинен камсыздалат.
Кызмат көрсөтүү түзүмүндө дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо (жылдык орточо өсүш арымы 6,9%) акырындык менен өнүгөт. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр болот: ички суроо-талапты стимулдоо; тышкы рыноктогу керектөөгө республиканын, атап айтканда, ЕАЭСке мүчө-мамлекеттердин экспорттук потенциалын толук адаптациялоо; ишкердик ишин жөнгө салуу системасын андан ары өркүндөтүү.
Транспорт жана жүктөрдү сактоо кызматтары жаатында жылдык орточо өсүү арымы 2,5%ды, маалымат жана байланыш - 1,2%ды түзөт.
Республикада пайдаланылуучу транспорттун негизги түрлөрү негизги артыкчылыкка ээ автомобиль транспорту болуп эсептелерин эске алуу менен, орто мөөнөттүү келекчекте: ЕАЭС алкагында бирдейлештирилген тарифтерди колдонуунун эсебинен өлкөнүн автотранспорттук түзүмүн жакшыртуунун эсебинен жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууларды көбөйтүү, жолдордун жаңы курулушу жана аларды модернизациялоо, учуу географияларын кеңейтүү.
Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын тармагын жана туристтик агымын көбөйтүүнүн эсебинен мейманканалар менен ресторандардын кызматтарынын көлөмүн жылына орточо 9,2%га көбөйтүү күтүлүүдө.
Туризм чөйрөсүндө 2020-жылга чейин туризм чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча иштер улантылат. Негизги аракеттер болуп туристтик рынокто Кыргызстанды салттуу жана потенциалдуу туризм өлкөсү катары таанытуу, туристтик инфраструктураны жакшыртуу, туристтик кызматтарды инновациялык өнүктүрүү, региондордо кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатуу эсептелет, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону жогорулатууга багытталат.
Курулушта анык өсүштүн жылдык орточо арымы 10,5% деңгээлинде болжолдонууда. Курулуш секторун өнүктүрүү ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун эсебинен улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуучу бирден бир маанилүү багыттардын бири болуп кала берет.
Курулуштагы артыкчылыктуу багыттар жеке турак-жай курулуш объекттери; транспорттук магистраль объекттери; энергетика объекттери (электр линияларын куруу боюнча иштер); айыл чарбасындагы объекттер (ирригациялык курулмалар) болуп калат.
Бул багыттарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү негизги иш-чаралар кабыл алынат, мисалы: курулуш секторунда саясатты жүзөгө ашыруу структурасын түзүү жана энергиянын натыйжалуулугун, сейсмикалык коопсуздукту жана калк үчүн турак жайга экономикалык жеткиликтүүлүктү башкаруу практикасы; сейсмикалык туруктуу жана энергиянын натыйжалуу стандарттарын сактабагандык үчүн катуу санкцияларды киргизүү механизмин иштеп чыгуу; Курулушту мамлекеттик башкарууда адистердин квалификациясын жогорулатуу структурасында "Туруктуу өнүктүрүү үчүн курулуш сектору" окуу программасын колдонууга киргизүү.
Курулуш тармагын өнүктүрүү курулуш материалдарын, буюмдарын жана жергиликтүү чийки зат түрүндөгү конструкциялардын өндүрүшүнүн өсүшүнө түрткү берүүчү таасирлерди көрсөтөт.
2018-2020-жылдары колдонуу боюнча ИДПнын структурасы керектөө үлүшүн азайтуу менен аныкталат.
4-таблица
2017-2020-жж. ИДПны колдонуу (ИДПда үлүшү, %)
| 2014-ж. күтүлг. | 2015-ж. болжол | 2016-ж. болжол | 2017-ж. болжол | 2015-2017-жж. орточо |
Керектөө | 117,1 | 115,8 | 114,8 | 114,0 | 114,9 |
Мамлекеттик | 16,5 | 16,1 | 15,5 | 15,0 | 15,5 |
Жеке | 100,6 | 99,8 | 99,2 | 99,0 | 99,3 |
Дүң инвестициялар | 38,8 | 38,1 | 37,7 | 37,4 | 37,7 |
Мамлекеттик инвестициялар | 8,2 | 7,8 | 6,7 | 6,4 | 7,0 |
Жеке инвестициялар | 30,6 | 30,3 | 31,0 | 31,0 | 30,7 |
Экспорт (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр) | 30,6 | 30,3 | 30,0 | 29,3 | 29,8 |
Импорт (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр) | 86,4 | 84,2 | 82,4 | 80,7 | 82,4 |
Таза экспорт товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр | -55,9 | -53,9 | -52,5 | -51,4 | -52,6 |
ИДПга карата дүң инвестициялардын үлүшү негизинен мамлекеттик инвестициялардын эсебинен 2018-жылы 38,1%дан 2020-жылы 37,4%га төмөндөйт (2018-жылы ИДПга карата 7,8%дан 2020-жылы ИДПга карата 6,4%).
Жеке инвестициялар 2018-жылы ИДПга карата 30,3%дан 2020-жылы ИДПга карата 31,0%га чейин (2019-жылы - ИДП карата 31,0%) көбөйөт.
Керектөөнүн ИДПга карата салыштырма салмагынын 2018-жылы 115,8%дан 2020-жылы 114,0%га чейин азайышы жеке керектөөнүн үлүшүнүн да (ИДПга карата 99,8%дан 99,0%га чейин), ошондой эле мамлекеттик керектөөнүн (ИДПга карата 16,1%дан 15,0%га чейин) азайышы менен аныкталат. Мамлекеттик жана жеке керектөөнүн анык өсүү арымы тийиштүү түрдө орточо алганда 0,7% жана 3,6% деңгээлинде колдоого алынат. Мамлекеттик керектөөнүн өсүү арымы мамлекеттик башкарууну оптималдаштырууга багытталган реформаларды эске алуу менен түзүлөт. Жеке керектөөнүн өсүшү калктын акчалай кирешелеринин өсүшүнүн эсебинен (орточо 2,5%га) камсыз кылынат.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таза экспорттоо көрсөткүчтөрүн жакшыртуу 2018-жылы (ИДПга карата 53,9%дан) 2020-жылы (ИДПга карата 51,4%га чейин) болжолдонууда.
Туруктуу экономикалык өсүү үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү экспорттук потенциалды калыптандыруудагы тышкы соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн негизги максаты болуп саналат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн артыкчылыктуу багыттар төмөндөгүлөр болуп саналат: ВСП + алыскы чет өлкөгө экспорт көлөмүн бенефициар статусун алууда артыкчылыкты пайдалануу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу экспортту жана экспортко багытталган ишканаларды күчөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
2018-2020-жылдарда тышкы экономикалык иштерди өнүктүрүүгө таасир тийгизген негизги факторлор төмөнкүлөр: ДСУга республиканын мүчөлүгүнүн артыкчылыгы; ЕАЭС интеграциялык бирикмесинде толук иштеши; өз ара пайдалуу негизде эки тараптуу кызматташуу; кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоонун өсүүчү мааниси, а.и. туристтик. Ушул факторлорду эске алуу менен тышкы соода жүгүртүү 2018-жылы 5800,0 млн. АКШ долл. 2020-жылы 6050,0 млн. АКШ долл. өсөт, анын ичинде:
- орто мөөнөттүү келечекте товарларды экспорттоо 2018-жылы 1650,0 млн. АКШ долл. 2020-жылы 1750,0 млн. АКШ долл. чейин көбөйөт. 2018-2020-жылдардагы мезгилде товарларды экспорттоонун өсүшүнүн жылдык орточо номиналдуу арымы 3,0%ды түзөт. Экспорттун өсүшү алтынды, жашылчаларды жана жемиштерди, кийимди жана ага тиешелүү буюмдарды, цементти, такта айнек, пахта буласын өндүрүүнүн өсүшү камсыз кылынат;
- орто мөөнөттүү келечекте товарларды импорттоо 2018-жылы 4150,0 млн. АКШ долл. 2020-жылы 4300,0 млн. АКШ долл. чейин көбөйөт. Товарларды импорттоонун өсүшүнүн жылдык орточо номиналдуу арымы мунай заттардын, кара металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын, электр машиналарынын, жабдуулардын жана аппаратуралардын, желимдердин жана алардан жасалган буюмдардын, фармацевттик продукциялардын, азык-түлүк товарларынын (айыл чарба чийки затын кошкондо) түшүүлөрүн көбөйтүүнүн эсебинен 1,6%ды түзөт.
Социалдык саясат жаатында 2018-2020-жылдарга негизги милдеттер мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын корголбогон категорияларынын социалдык абалын жакшыртуу, эмгекке жөндөмдүү калктын экономикалык активдүүлүгүн стимулдоо жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга өбөлгө көрсөтүү.
Жумуштуулук жаатында негизги артыкчылыктуу багыттар 2020-жылга чейин калктын жумуштуулугуна өбөлгө көрсөтүү Программасын жүзөгө ашыруу ички жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салуунун алкагында улантылат.
Бул мезгилде болгон калктын санынын жылдык орточо өсүшү 117,6 миң адам болот деп болжолдонууда, иш менен камсыз болгон калктын саны жыл сайын орточо 1,5%га өсүп турат. Калктын жан башына алынган ИДП жылына орточо 4,3%га көбөйөт жана 2020-жылы 1357,4 млн. АКШ долл. түзөт.
Орточо айлык эмгек акынын анык өсүшү орточо 1,8%га болжолдонот жана 2020-жылы 18985 сомду түзөт. Калктын акчалай кирешелеринин айкын өсүшү орточо алганда жылына 2,5% деңгээлинде болжолдонууда жана 2020-жылы 414,5 млрд .сомду түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте жакырчылыктын деңгээли жылына орточо 0,1 пайыздык пунктка кыскарат жана 2020-жылы 31,4%ды түзөт.
5-таблица
2017-2020-жылдарга социалдык көрсөткүчтөр
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
күтүлг. | болжол | болжол | болжол | |
Накталай калктын орточо жылдык саны (миң адам) | 5941,3 | 6059,7 | 6177,3 | 6294,1 |
Жакырчылык (калкка карата %) | 31,8 | 31,7 | 31,6 | 31,4 |
Калктын жан башына ИДП, АКШ долл. | 1194,8 | 1240,3 | 1293,9 | 1357,4 |
Иштегендердин саны (миң адам) | 2423,8 | 2461,0 | 2497,4 | 2533,4 |
Калктын акчалай кирешелери, млрд. сом | 331,5 | 354,9 | 383,2 | 414,5 |
Орточо айлык эмгек акы, сом | 15503,2 | 16577,8 | 17734,1 | 18985,0 |
өсүштүн анык арымы (%да) | 103,4 | 102,3 | 101,7 | 101,4 |
2.2. Кирешелер боюнча саясат жана орто мөөнөттүү болжол
2015-2016-жылдардагы мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелери. 2015-2016-жылдардагы мезгили үчүн бюджеттин кирешелери жыл сайын өсүү тенденциясы менен мүнөздөлөт. Каралып жаткан мезгил үчүн бюджеттик кирешелер 128,3 млрд. сомдон 130,6 млрд. сомго чейин көбөйгөн. 2015-жылда түшүүлөрдүн өсүшү мурдагы жылга салыштырганда 8,9 млрд. сомду, 2016-жылы 2,3 млрд. сомду түзгөн.
2015-жылы бюджеттик кирешелердин олуттуу өсүшү салыктык эмес кирешелердин эсебинен камсыз кылынып, ошол убакта 2016-жылдагыдай эле салыктык кирешелердин түшүүлөрүнүн көбөйүшү байкалууда.
Каралып жаткан жылдар үчүн салык жыйымдардын көлөмү 84,7 млрд. сомдон 93,8 млрд. сомго чейин көбөйгөн. Салыктык кирешелердин өсүшүнүн орточо жылдык арымы 106,6%ды түздү. Бюджеттик кирешелердин түзүмүндө салыктык жыйымдардын үлүшү 2016-жылы 5,8 пайыздык пунктка өсүп, жалпы кирешелердин 71,8%ына жеткен, 2015-жылдагыдай эле бул көрсөткүч 66,0%ды түзгөн. ИДПнын көлөмүндө салыктык кирешелердин салыштырма салмагы 0,8%дык пунктка, 2015-жылы ИДПнын 19,7%ынан 2016-жылы ИДПнын 20,5%ына чейин көбөйгөн.
2016-жылы айрым бир катар факторлор орун алып, алар төмөндөгү салыктык кирешелердин түшүүлөрүнө терс таасир тийгизген:
- сатуудан жана буудайды импорттоодо жана ун жеткирүү КНС алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу бөлүгүндөгү салык мыйзамдардын өзгөрүшүнө;
- ЕАЭС мүчө-өлкөлөрүнөн импорттун көлөмдөрүнүн төмөндөшүнө;
- ЕАЭС мүчө-өлкөлөрүнүн үчүнчү өлкөлөр менен импорттун көлөмдөрүнүн төмөндөшүнө.
2015-2016-жылдардагы мезгили үчүн салыктык эмес кирешелер түшүүлөрдүн бир калыпта эместиги менен мүнөздөлөт. Эгерде 2015-жылы өткөн жылга салыштырганда салыктык эмес кирешелердин өсүшү 7,5 млрд. сомду түзсө, анда 2016-жылы салыктык эмес кирешелерден түшүүлөрдүн бул суммасы төмөндөгөн. Салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү 2015-жылдагы 34,3 млрд. сомдон 2016-жылы 26,8 млрд. сомго чейин төмөндөгөн, бул негизинен 2015-жылда Жерүй кен чыккан жерди иштетүү үчүн каражаттардын ири түшүүлөрү жана 7 млрд. сомго жакын курстук айрымадан пайда алуу болгондугу менен байланышкан.
ИДП көлөмүндөгү салыктык эмес кирешелердин үлүшү 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда 2,1%дык пунктка төмөндөгөн жана ИДПнын 5,9 %ын түзгөн.
Мында, акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддердин көлөмүнүн, мамлекеттик ишканалардын пайдасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын пайдасынын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн, ошондой эле жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн өсүшү байкалат.
2015-2016-жылдардагы мезгилде алынган расмий трансферттерден түшүүлөрдүн 9,3 млрд. сомдон 9,9 млрд. сомго чейин анча-мынча өсүшү байкалат. ИДПга карата алынган расмий трансферттердин үлүшү 2 жылдын ичинде ИДПнын 2,2% өлчөмүнө калган. 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда программалык гранттардын түшүүлөрүнүн төмөндөшү жана МИ гранттарынын өсүшү байкалган.
2017-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн баалоо. 2017-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 140,9 млрд. сом көлөмүндө же ИДПга карата 28,5% деңгээлинде пландалууда.
Мында, 2017-жылга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин бекитилген параметрлеринин түшпөй калууларынын төмөнкүдөй тобокелчиликтери бар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын эсептөөлөрүнө ылайык республикалык бюджеттин кирешелеринин 4,4 млрд. сом суммасында түшпөй калуусу күтүлүүдө;
- Берилген бюджеттик ссуда жана кредиттер боюнча пайыздардын түшүүлөрү боюнча 0,5 млрд. сом суммасында түшпөй калуулар күтүлүүдө;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматы боюнча бюджеттин киреше бөлүгүнө чегерилүүгө жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын иш жүзүндө түшүүсү 2,6 млрд. сомду түзгөн. Буга байланыштуу, бул булак боюнча түшпөй калуулар 3,0 млрд. сом суммадагы бекитилген көрсөткүчтөн 0,4 млрд. сомду түзөт.
2017-жылга баалануучу түшпөй калуулар 5,3 млрд. сомго жакынды түзөт.
2018-2020-жылдарга мамлекеттик бюджеттин кирешелерин баалао. 2018-2020-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга фискалдык саясаттын концепциясында аныкталган.
2015-2020-жылдарга фискалдык саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында камтылган төмөнкү чаралар каралган:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн администирлөөнү өркүндөтүү;
- республикада административдик (салыктык) соттун жаңы институтун киргизүү;
- пайдалуу кендерге баалардын рыноктук өзгөрүүлөрүнө негизделген бонустарды баалоонун механизмдерин киргизүү;
- ЕАЭСке мүчө-өлкөлөр менен салыктык механизмдерди жана шаймандарды колдонуу боюнча көз караштардын жакындашы;
- жеңилдиктерди жана бошотууларды берүүнүн критерийлерин белгилөө;
- экологиялык технологияларды, жабдууларды жана продукцияларды илгерилетүү жана пайдалануу үчүн түрткү берүү;
- эл аралык рейтингдердеги Кыргыз Республикасынын ордун жакшыртуу;
- салыктык администирлөөнүн методдорун жана механизмдерин өркүндөтүү;
- 2017-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында Фискалдык саясат концепциясынын долбоорун илгерилетүү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун илгерилетүү;
- Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизинде ишке ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмегин кайра кароо.
Орто мөөнөттүү келечекте бюджетке түшүүлөрдүн өсүү тенденциясы сакталаары пландалууда. Бюджеттин кирешелери 2018-жылы 151,7 млрд. сомдон 2020-жылы 157,0 млрд. сомго чейин өсөт. Мында, алардын ИДПдагы үлүшү 2020-жылы (ИДП карата 24,2%) 2018-жылга карата (ИДПга карата 28,2%) ИДПнын 4,0 пайыздык пунктуна азаят, бул салыктык эмес кирешелердин деңгээлинин ИДПга карата 1,8%га, салыктык эмес кирешелердин ИДПга карата 0,8%га жана алынган расмий трансферттердин (программалык гранттар жана МИ гранттары) ИДПга карата 1,4%га азайышы менен шартталган.
Орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик кирешелердин жогорулашы негизинен салыктык түшүүлөрдүн өсүшүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Алсак, салыктык кирешелердин номиналдык көлөмү 2018-жылы: 114,8 млрд. сомдон 2020-жылы 126,6 млрд. сомго чейин көбөйөт. ИДПга карата салыктык кирешелер орто мөөнөттүү мезгилде 2018-жылы ИДПга карата 21,3%дан 2020-жылы ИДПга карата 19,5%га чейин төмөндөйт. Алардын бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасындагы салыштырма салмагы 2018-жылдагы 75,7%дан 2020-жылы 80,7%га чейин көбөйөт.
2018-2020-жылдардагы мезгилде салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү орточо алганда 22,8 млрд. сомду түзөт. ИДПнын көлөмүндө салыктык эмес кирешелердин деңгээли 2018-жылы 4,3%дан 2020-жылы 3,5%га чейин азаят.
Орто мөөнөттүү мезгилде расмий трансферттердин түшүүсү (программалык гранттар жана МИ гранттары) жыл сайын азаюу менен чагылдырылат. Ошентип, расмий трансферттердин түшүүлөрү 2018-жылы 13,9 млрд. сомдон 2020-жылы 7,5 млрд. сомго чейин азаят. Расмий трансферттердин үлүшү 2018-жылга караганда 2020-жылы ИДПга карата 1,4%га азаят, бул МИ гранттарынын түшүүлөрүнүн төмөндөшү жана 2020-жылы программалык гранттардын түшүүсү каралбагандыгы менен шартталган.
1-сүрөт. Мамлекеттик кирешелердин өзгөрүү динамикасы
3. Орто мөөнөттүү чыгымдардын негизин баяндоо
3.1. 2016-2018-жж. БОБ контролдук цифраларынан 2016-жылдын бюджет алуучулары иш жүзүндөгү чыгымдарынын четтөөсүн талдоо
2016-жылы олуттуу четтөөлөр белгиленди:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 12,9%га чыгымдардын көбөйүүсү - фотообъективдерди сатып алууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунун иштери жөнүндө тематикалык берүүлөрдү түзүүдө телестудияны пайдалануу үчүн логотип менен көчүп жүрүүчү фондду даярдоого "Firewall" электрондук почтанын аппараттык жана программалык каражаттарынын серверин кошумча тышкы коргоого ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында 23,0%га чыгымдардын көбөйүүсү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эмгек акы фондуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлерине жол кире чыгымдарын акчалай компенсациялоону төлөөгө, Өкмөт Үйүнүн Сүйрү залы үчүн отургучтарды, пардаларды, килемчелерди жана көчүрмөлөө жабдууларын сатып алууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонду үчүн документтерди электрондук жүгүртүүнү киргизүүгө ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасында 104,9%га чыгымдардын көбөйүүсү - "Жалал-Абад" мамлекеттик резиденциясын күтүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратына автоматтык өрттөн коргоо сигнализациясын орнотууга, мергенчилик чарбасынын кызматчыларынын эмгек акы төлөө фондуна ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Мамлекеттик маанидеги чыгымдар: Кыргыз Республикасында ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин, КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жана Кыргыз Республикасында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесине "Кабыл алуу үйүнүн" жаңы объектисин курууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу "Автотранспорттук бирикме" мамлекеттик ишканасына адистештирилген машина сатып алууга;
- Кыргыз Республикасында ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө;
- "II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын" уюштурууга жана өткөрүүгө;
- КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө;
- Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына арналган эстелик сувенирлерди даярдоого жана башкалар;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде 19,9%га чыгымдардын көбөйүүсү - Кыргыз Республикасынын тышкы миграциясын эсепке алуунун Бирдиктүү системасын программалык камсыздоо (ЕСУВМ) жана зарыл жабдууну сатып алууга; 2016-жылы референдумду өткөрүүгө; сот чечимдерин аткарууга ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында 31,1%га чыгымдардын көбөйүүсү - пленардык жыйындардын жана ЕАФ, ФАТФ жумушчу топторунун жыйындарына жана Эгмонт тобунун ишине Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу үчүн кызматтык сапарлар; алдын-алынбаган чыгымдар (улуттук сувенирлерди сатып алуу, ар кандай бланкаларды, сертификаттарды даярдоо жана башкаларды) алдын-алынбаган чыгымдар (улуттук сувенирлерди сатып алуу, ар кандай бланктарды, сертификаттарды жана башкаларды даярдоо); эл аралык донорлордун финансылык жана техникалык колдоосунда 2006-2007-жылдарда түзүлгөн Бирдиктүү маалыматтык системада маалыматты иштеп чыгуу жана сактоо үчүн сервердик жабдууну жана программалык камсыздоону сатып алуу;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 13,2%га чыгымдардын азаюусу - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен казып алуу мамлекеттик комитеттин түзүлүшүнө байланыштуу (11,0 млн. сом), мамлекеттик жеке өнөктөштүк шарттарында консультациялык кызматтарга акы төлөө менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине (17,8 млн. сом) жана Бишкек шаарынын өнүктүрүү Агенттигине (9,8 млн. сом) 2015-жыл үчүн ТМБ жана дебитордук карыздарды (1,7 млн. сом) эсепке алууга жана 1,8 млн. сом суммасындагы чыгымдарды оптималдаштырууга байланыштуу болду;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 22,2%га чыгымдардын көбөйүүсү - Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине киришинин алкагында (30,0 млн. сом), Россия Федерациясынын гранттарынын түшүүлөрүнө, коммуналдык кызматтарга (14,7 млн. сом), ошондой эле министрликтин аймактык органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө кошумча чыгымдарынын эсептик муктаждыгына, коммуналдык кызматтарга жана башка учурдагы чыгымдарга байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында чыгымдардын 2 эседен ашык көбөйүүсү - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду өткөрүү боюнча иш-чараларды жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен 2016-жылы референдумду өткөрүүгө ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 642,0%га чыгымдардын көбөйүүсү - жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен 2016-жылы референдумду өткөрүүгө ассигнованиелерди кошумча бөлүүгө байланыштуу;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 41,43%га чыгымдардын көбөйүүсү - 278,8 млн. сом өлчөмүндөгү чыгымдарга байланыштуу, анын ичинде: 128,8 млн. сом прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчылары үчүн эмгек акыны жогорулатууга жана (Россия Федерациясынын гранттык каражаттарынын эсебинен) прокуратура кызматкерлеринин социалдык турак жай курууга карата чыгымдарга байланыштуу болду;
Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасында 33,1%га чыгымдардын көбөйүүсү - азык түлүк паегунун ордуна, ошондой эле турак жайды убактылуу жалдоого акчалай компенсацияны төлөөгө, иш-сапарлар боюнча кредитордук карыздарды тындырууга, көрсөтүлгөн кызматтарга акчалай компенсациянын өлчөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинде 16,7%га чыгымдардын азаюусу - 8,6 млн. сом суммасында 2015-жыл үчүн товардык-материалдык баалуулуктар жана болгон дебитордук карыздарды чегерүү, ошондой эле 2016-жылы чыгымдарды оптималдаштырууга 1,6 млн. сом суммасында - бардыгы 10,2 млн. сом азаюуга байланыштуу болду. Мында, агенттиктин бюджети 2016-жылы 5,3 млн. сомго суммасына көбөйдү, анын ичинде 4,3 млн. сом - элдин биримдигин чыңдоо концепциясын жүзөгө ашырууга жана Дүйнөлүк Банктын каражаттарынан бөлүнгөн 1,0 млн. сомду долбоорду жүзөгө ашырууга байланыштуу болду;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 22,2%га чыгымдардын көбөйүүсү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин штаттык санынын көбөйүшү менен 37,4 млн. сом суммасына чыгымдардын көбөйүшүнө байланыштуу, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн 10,5 млн. сом, ошондой эле Россия Федерациясынын гранттык каражаттарынын эсебинен Жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине социалдык турак жай курууга кошумча каражаттардын бөлүнүшүнө байланыштуу;
Мындан тышкары, республикалык бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу алкагында чыгымдарды 200,0 млн. сомго азайтуу жүргүзүлдү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында 22,6%га чыгымдардын көбөйүүсү - материалдык зыяндын жана башка финансылык санкциялардын 30% өлчөмүндө ордун толтуруу мамлекеттин кирешесине өндүрүлгөндөрдүн эсебинен 30,1 млн. сом суммасында чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу болду. 2016-жылга контролдук цифралардын айырмаларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын штаттык санынын 24 бирдикке көбөйүшүнө байланыштуу көбөйтүлгөн;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 7,9%га чыгымдардын көбөйүүсү - министрликтин ведомстволук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кинематография департаментинин, "Манас Ордо" кыргыз улуттук комплексинин техникалык жана тейлөөчү персоналынын эмгек акысын көбөйтүүгө жана II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Тарых жана маданият жылына даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө, ошондой эле "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-архелогиялык музей комплексинин насостук станциясын оңдоого жана жабдууларды жаңылоого чыгымдарды көбөйтүүгө байланыштуу болду. Ошондой эле, чыгымдардын көбөйтүлүшү М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театрына, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет кыргыз улуттук академиялык театрын капиталдык оңдоону жүргүзүү жана "Шах Фазиль" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин коргоо зонасынын долбоорун иштеп чыгууга чыгымдардын көбөйүүсү менен байланыштуу болду;
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 26,1%га чыгымдардын көбөйүүсү - диний чөйрөдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик саясат концепциясына ылайык республиканын облустарындагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин уюштурууга чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштуу болду.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы структурасын бекитүүгө байланыштуу уюштуруу иш чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 токтому менен:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайра түзүлүп, миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү милдеттер алып салынган жана Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтуна, Жаштар, эмгек биржасына өткөрүлүп берилген; кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлигинен эмгек жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү милдеттер 30 бирдик санындагы штаты менен борбордук аппараттан, аймактык бөлүктөрдөн 325 бирдик Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине каржылык-материалдык техникалык каражаттары менен өткөрүлүп берилген;
- кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратынан 7 бирдик жана аймактык бөлүкчөлөрдөн 7 бирдик Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигине өткөрүлүп берилген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп кайра түзүлгөн борбордук аппараттан 18 бирдик жана аймактык бөлүмчөлөрдөн 40 бирдик санында штаттык саны менен жаштар чөйрөсүндөгү функцияларды каржы, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп түзүлгөндөрдөн өткөрүп берүү менен; республикалык "Манас" жаштар сарайы;
- кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы борбордук аппараттан 48 бирдик санындагы штаты, каржы жана материалдык-техникалык каражаттары менен миграция чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына, Кыргыз Республикасынын Жарандарды эмгекке орноштуруу борборуна өткөрүлүп берилген.
Кайра уюштуруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлигинин бюджети 2016-жылга мамлекеттик органдардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине - 187461,5 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине АПТОну кошуп алганда - 1102313,8 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке - 24584,9 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматына - 64727,9 миң сом.
Азыркы учурда 73 ведомстволук квалификация боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграциялык кызматы иштейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы структурасын бекитүүгө байланыштуу уюштуруу чаралары тууралуу" токтомуна ылайык, кайра түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан 18 бирдик жана аймактык бөлүмчөлөрдөн 40 бирдик штаттык саны менен жаштар чөйрөсүндөгү функциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик мындан ары ЖДТСМА. 2016-жылдын бекитилген бюджети (623,0 млн. сом) 2016-жылга БОБ болжолу карата (481,1 млн. сом) ЖДТСМА көбөйүүсү футбол боюнча эл аралык матчтарды жана Рио-де-Женейродогу XXXI Олимпиялык жайкы оюндарды өткөрүүгө, даярдык көрүүгө жана катышууга эсебинен 141,9 млн. сомду түздү.
ЖДТСМА боюнча 2016-жылы бюджеттик каражаттардын 372,0 млн. сомго көбөйүшү төмөндөгү иш-чаралардын өткөрүүгө байланыштуу болду:
- Ош ипподромун ЖДТСМАнын карамагына 1,7 млн. сом суммасында өткөрүп берүү;
- II дүйнөлүк көчмөндөр Оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 159,4 млн. сом;
- Оюндарды ачуу жана жабуу салтанатына бюджеттик ссуда 125,0 млн. сом бөлүнгөн;
- бул бюджеттик ссуданы тындырууга 125,0 млн. сом көлөмүндөгү каражаттар бөлүнгөн;
- техникалык, кенже тейлөөчү персоналдын эмгегин төлөө фондуна 5,6 млн. сом суммасына көбөйтүүгө;
ЖДТСМА боюнча 2016-жылдын бюджеттик каражаттарынын азаюусу төмөндөгү иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу болду:
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругуна ылайык 0,1 млн. сом чыгымдарды кыскартууга;
- бюджетти аткаруунун жыйынтыктары боюнча сметалык багытталыштарды талдоо негизинде эмгек акы төлөөгө чыгымдар 3,7 млн. сомго суммасында кыскартылды.
ЖДТСМА бюджетинин алкагында эркектер арасында бильярд спорту боюнча дүйнөнүн чемпионаты 5,0 млн. сомго өткөрүлдү жана жарыктандыруу приборлорун орнотуу үчүн Бишкек шаардык сотунун Аппеляциялык инстанциясынын 2016-жылдын 7-июнундагы аныктамасына ылайык "GrandPro" ЖЧК алдындагы 1,3 млн. сом суммасындагы карыз төлөнгөн.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви боюнча чыгымдарды 35,25%га көбөйтүү жабдууларды сатып алууга, күзөттүк-өрт сигнализациясын жаш автоматтык өрт өчүрүү системасын орнотууга, ошондой эле көрмө-техниканы оңдоого 2,0 млн. сом кошумча бөлүү менен түшүндүрүлөт;
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына 21,9%га чыгымдардын көбөйүүсү Тарых жана маданият жылына арналган илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүгө, илимий эмгектерди басып чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтуна илимий-техникалык иштерди жана иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды кошумча бөлүү менен байланыштуу болду.
Билим берүү жана илим министрлигинде 44,1% чыгымдардын көбөйүүсү:
- мугалимдердин, КТП жана ТТПнын жогорулатылган эмгек акысын жогорулатууга;
- Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыз кылуу боюнча департаментине Жерүй кен чыккан жеринен түшүүчү кошумча каражаттарды бөлүү менен эсебинен билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоого;
- республиканын жалпы билим берүүчү мектептерин интернет менен камсыз кылууга;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда 10,1%га чыгымдардын азаюусу - 2015-жыл үчүн калдыктарды салыштырып-текшерүү Актысына, 2015-жыл үчүн республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу аудит натыйжалары жана чыгымдарды оптималдаштыруу натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругуна ылайык жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде 13% чыгымдардын азаюусу - өтө муктаж 118 кардарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө саламаттык сактоонун ММКФ уюмдарына ордун толтуруу суммаларын каржылоого, онкологиялык кызмат үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга, саламаттык сактоонун адистештирилген уюмдарына которулгандардын кредитордук карыздарын Бирдиктүү төлөөчүнүн системасы аркылуу тындырууга, ошондой эле SWAp-алкагында сатып алуулар боюнча тендерлерди өткөрүүдө келип чыккан кечиктирүүлөргө байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде 49,1% чыгымдардын көбөйүүсү төмөндөгүлөр эсебинен болду:
- КТП жана ТТП кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;
- космостук технологияларды тартуу менен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн кошумча каражаттарга;
- Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментине кошумча каражаттарга;
- Суу чарба департаментине кайрадан баланска алынган мамлекеттик ирригациялык курулмаларды күтүүгө, техникалык эксплуатациялоого жана капиталдык оңдоого кошумча каражаттарга жана табигый кырсыктардын натыйжасында бузулган мамлекеттик ирригациялык курулмаларды капиталдык оңдоого;
- Талас жана Ысык-Көл областтарына эки фитосанитардык лабораторияларды түзүүгө.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 17,7% чыгымдардын көбөйүүсү:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Мамлекеттик имараттар департаменти алдындагы кредитордук карыздарды төлөөгө;
- эл аралык уюмдарга төгүмдөр боюнча чыгымдарды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттиктин КТП жана ТТП кызматкерлерине эмгек акыны жогорулатууга;
- памир кыргыздарына жүктөрдү жеткирүүгө;
- өзгөчө кырдаалдар натыйжасында бузулгандардын ордуна башка объекттерди жана курулуш планында каралбаган кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди, коммуникацияларды жүргүзүүгө;
- жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунда жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча ыкчам чаралар: үзгүлтүксүз транспорт байланышын камсыздоо, ошондой эле Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы аймактарда биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүүгө байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде 52,3%га чыгымдардын көбөйүүсү - "эмгек акы" жана "Социалдык фондго төгүмдөр" беренелери боюнча кошумча каражаттарды бөлүп берүүгө байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда 41,3% чыгымдардын көбөйүүсү:
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар системасын Евразия экономикалык союзуна кирүүдө Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган Евразия экономикалык союзунун талаптарына ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин аткаруу максатында, республикада ветеринардык диагностика жана экспертиза объектилерин (лабораториялар) куруу жана жабдуу, капиталдык оңдоо боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө;
- Ош зоналдык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун алты бөлүмүн реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерге;
- Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун жана Ош зоналдык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лабораториялары үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга тендер өткөрүүгө;
- Ветеринардык лабораториялардын 12 адиси квалификациясын жогорулатууга, алар Москва шаарында окутуудан өткөн;
- айыл чарба малдарын идентификациялоо боюнча иш-чараларды ыкчам өткөрүүгө байланыштуу болду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-июлундагы № 373 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Электрондук башкаруу борбору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин базасында, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети түзүлгөн (мындан ары МТБК).
3.2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын талдоо
1-сүрөт. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын динамикасы
2016-2020-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын орточо жылдык өсүшү 105,8%ды түздү. Өсүүнүн жеткен чеги 2019-жылга туура келет (177,2 млрд. сом) 2020-жылы анча көп эмес төмөндөйт (177,0 млрд. сом). Бул мезгилде учурдагы чыгымдар боюнча орточо жылдык өсүш 106,0% түзөт. Мамлекеттик инвестицияларды кош каржылоого жана капиталдык салымдардын, дем берүүчү жана үлүштүк гранттардын линиясы боюнча керектөөлөрдү жабууга чыгымдар жалпысынан төмөндөп жатат. Кыйла көбүрөөк чыгымдар 2016-жылы байкалган (9,0 млрд. сом), ал эми кыйла азыраагы 2017-жылы (4,7 млрд. сом). Жалпысынан мамлекеттик инвестициялардын чыгымдары тышкы булактардан рекредиттөөнү эсепке албаганда, өсүү тенденциясына ээ - орточо жылдык өсүү мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын 125,8% түзөт. Кыйла көп чыгымдар 2019-жылга туура келет (31,6 млрд. сом).
2018-2020-жылдарда мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдарынын орточо өсүшү болжолдонот, ал 102,6% түздү, муну менен катар 2020-жылы өсүү мурунку жылга караганда 0,2% га төмөндөшү болжолдонууда, бул мамлекеттик инвестицияларга тышкы булактардан чыгымдардын төмөндөшү менен шартталган. Учурдагы чыгымдар бул мезгилде 2018-2020-жылдарда орточо 2,0% жыл сайынкы өсүш менен болжолдонот, ал эми капиталдык чыгымдар 2018-2019-жылдарда орточо 10,9% жыл сайынкы өсүш менен болжолдонот, муну менен катар 2020-жылы 5,8%га азаюу менен болжолдонот.
Бюджетти программалык форматта түзүүгө өтүү боюнча иштер улантылат.
2016-жылы бюджеттик маалыматтардын айкындуулугун жогорулатуу максатында:
- 2017-2019-жылдарга бюджет-салыктык саясаттын негизги багыттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Бюджеттик билдирүүсү" даярдалган;
- 2017-2019-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кароого чейин Ош, Жалал-Абад, Нарын, Каракол шаарларында коомдук угуулар жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында 2017-2019-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча мамлекеттик органдардын, жарандык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы токтому менен 2017-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыларды башкарууну өнүктүрүү стратегиясы жактырылган.
Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоонун алкагында төмөндөгүлөр жасалган:
- "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы кабыл алынган;
- 2017-жылга Жарандык бюджет иштелип чыккан жана кабыл алынган;
- Бирдиктүү казыналык эсеп ишке киргизилген;
- Казыналык жол-жоболордун алкагында милдеттенмелер боюнча контракттарды милдеттүү түрдө каттоо системасы киргизилген;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн;
- Бюджеттик процессти өркүндөтүү максатында "бюджеттик алуучулар карточкасы" системасы киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бирдиктүү казыналык эсепти (БКЭ) ишке ашырууда иштөөчү казыналык системаны өркүндөтүү алдындагы ченемдик-укуктук база даярдалган:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын БКЭни иштетүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу нускама;
- Бирдиктүү эсеп-чот планы (БЭП) жана мамлекеттик башкаруу сектору тарабынан БЭПти колдонуу боюнча Колдонмо;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын БКЭни иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара аракеттер протоколу;
- Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;
- Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;
- Бюджеттик программалар жана чаралардын натыйжалуулук индикаторлорун аныктоо боюнча нускама.
2018-2020-жылдарга ФСНБ, 2015-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, ошондой эле башка стратегиялык жана программалык, тармактык документтерде белгиленген, өлкөнүн экономика тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды эсепке алуу менен түзүлгөн.
3.3. Чыгашаларды тармактар аралык бөлүштүрүү
2018-2020-жылдарга ФСНБнын тиркемесинин 6-таблицасында 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган артыкчылыктарга ылайык мамлекеттик чыгашалардын негизги бөлүмдөрү боюнча 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгашаларын бөлүштүрүү көрсөтүлгөн.
2018-2020-жылдардагы мезгилде мамлекеттик бюджеттин чыгашалары (финансылык активдерди эске алуу менен) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд менен биргеликте жылына орточо 101,6% өсүш менен болжолдонууда. 2018-2020-жылдардагы мезгилде мамлекеттик бюджеттин учурдагы чыгашаларынын өсүшү бир жылга орточо 102,0%ды түзөт. Тышкы булактардан инвестициялык чыгашалар бир жылга орточо 2,5%га төмөндөшү болжолдонууда. Ички булактардан инвестициялык чыгашалар 2018-жылы өсүү темпинин төмөндөшү менен болжолдонууда, бирок 2020-жылы орточо 102,0% өсүш менен болжолдонот.
2016-2020-жылдарда бюджеттин социалдык багыттуулугу 3-сүрөттө ачык келтирилген, анда социалдык сектордун үлүшү мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашасынын 50 пайызынан ашыгын ээлейт. Социалдык сектордун чыгашаларынын жыл сайын өсүшү байкалууда, бир жылга орточо алганда төмөнкү чөйрөлөрдө: саламаттык сактоо - 103,1%, билим берүү 104,7%, социалдык коргоо 106,2%, жана маданият 104,5%га төмөндөө байкалган. Мындай өсүш учурдагы чыгашалардын жыл сайын өсүшүнүн, ошондой эле инвестициялык чыгашалардын эсебинен кармалып турат.
3-сүрөт. Секторлор боюнча чыгашалар түзүмү
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашаларындагы социалдык сектордун үлүшү төмөнкү секторлордо дагы деле жогору бойдон калат: билим берүү - 20,3%, 2020-жылы, эс алуу жана маданият - 2,0%" саламаттык сактоо - 8,3% жана социалдык коргоо - 18,2%.
Жалпы чыгашаларда мамлекеттик сектор көрсөтүүлөрдүн үлүшү 2020-жылда 21,7% деңгээлинде сакталат. Мында, бул бөлүктүн жалпы чыгашаларынын жыл сайынкы өсүшү орточо 101,8%ды түзөт.
"Экономикалык маселелер" бөлүмү боюнча 2018-жылы чыгашалардын жалпы үлүшү 28,3%дан 2020-жылы 25,7%га чейин азаят.
2018-жылдан баштап 2020-жылга чейин өсүшү "курчап турган чөйрөнү коргоо" жана "турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүү" бөлүктөрү боюнча каралган, жылына орточо 100,5% жана 101,4% тийиштүү түрдө.
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгашалары финансылык активдерди эске алуу менен 2018-жылы - 186,7 млрд. сом (ИДПга карата 37,8%), 2019-жылы - 188,9 млрд. сом (ИДПга карата 38,2%), 2020-жылы - 183,0 млрд. сом (ИДПга карата 37,0%) болжолдонууда. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын 2018-жылы 4,4%дан 2019-жылы ИДПга карата 3,8%, 2020-жылы ИДПга карата 3,1%га чейин азайышы болжолдонууда.
Орточо мөөнөттүү мезгилде тармактык бийиктиктерди аныктоо процессинде биринчи кезектеги тартипте 2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында билдирилген артыкчылыктар көңүлгө алынган, ошондой эле тармактык программаларды каржылоо боюнча тармактык стратегиялардын аргументтери эске алынган. Бюджеттик чыгашаларды кыйла так пландоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында программаларды андан ары артыкчылыкташтыруу боюнча тармактардагы иштерди күчөтүү зарыл.
3.4. Мамлекеттик бюджеттеги көйгөйлүү учурлар
Экономикадагы кризистик көрүнүштөр республикада жана ошондой эле дүйнөлүк экономикада да, мамлекеттик бюджетке терс таасир тийгизет жана бул чөйрөдө болгон көйгөйлөрдү тереңдетет. Төмөндөгү көйгөйлөр кечиктирилгис түрдө чечүүнү талап кылууда:
- республикалык бюджеттин маанилүү тартыштыгынын болушу (2017-ж. ИДПга карата 4,7%);
- мамлекеттик карызды кармал туруунун зарылдыгы;
- тышкы каржылоо булактарынан республикалык бюджеттин олуттуу көз карандылыгы;
- ички булактардан карыз алуулардын начар өнүккөн системасы;
- экономикалык өсүшкө мүмкүндүк берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү бюджетинин каражатынын жетишсиздиги;
- кошумча акча каражаттарын табууну талап кылуучу каржылоо булактары менен бекемделбеген ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу;
- өнүктүрүү бюджетинин өсүшүн кармоонун эсебинен мамлекеттик бюджеттин социалдык багыттуулугу (жалпы чыгашалардын үлүшү 50%дын тегерегинде);
- бюджетке ресурстардын жыл ичинде тегиз эмес (квартал боюнча) түшүшү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, иштерди аткаруунун сезондуулугуна (күзгү-кышкы жылытуу мезгили, жазгы-талаа иштери жана башкалар) байланыштуу белгилүү мезгилде бюджетке жүктөмдүн маанилүү көбөйүшү;
- 2018-жылга болжолдуу ресурстардын чектелүүсү төмөнкүлөргө алып келди:
1) Капиталдык курулуш объекттерин аяктоону кийинкиге жылдыруу;
2) Эл аралык уюмдарга төгүмдөргө каражаттардын толук көлөмдө эмес бөлүнүшү (600,0 млн. сом тартибинде талап кылынат, 450,0 млн. сом каралган);
3) КНСтин ордун толтурууга каражаттардын толук көлөмдө эмес бөлүнүшү (1500,0 млн. сом тартибинде талап кылынат, 1000,0 млн. сом каралган).
Төмөнкү көйгөйлөр чечилбеген бойдон калууда:
- жергиликтүү бюджеттин республикалык бюджетке олуттуу көз карандылыгы (бюджет аралык өз ара мамилелердин дотациялык мүнөзү);
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин төмөн эмгек акысы, бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга начар мотивациялоого таасир берет;
- министрликтердин жана ведомстволордун учурдагы чыгашаларын каржылоонун жетишсиздиги, бул министрликтердин жана ведомстволордун кийинки жылга бюджеттин долбооруна жогорулатылган табыштамаларды берүүсүнө муктаж кылат.
3.5. Мамлекеттик чыгашалардын негизги милдеттери жана стратегиялык артыкчылыктары
Өз функцияларын аткарууда мамлекет ар кандай чыгымдарды тартат, алардын келечектүүлүгү 2018-2020-жылдарга ФСНБда төмөнкүдөй түрдө аныкталган:
1) социалдык камсыздоо (пенсияларды, стипендияларды, жөлөкпулдарды төлөө), билим берүү, саламаттык сактоо, турмушта колдонулуучу илимдерди өнүктүрүү;
2) экономикалык максаттарга чыгымдар, анын ичинде экономиканын мамлекеттик секторунун иштөөсүн камсыздоого, экономиканын жеке секторуна жардамга (субсидиялоо), курчап турган чөйрөнү коргоого чыгымдар;
3) жалпы мамлекеттик максаттарга чыгымдар: улуттук коргоо жана коопсуздукту камсыздоого жана мамлекеттик аппаратты күтүүгө чыгымдар.
Орто мөөнөттүү мезгилде мамлекеттик чыгымдардын артыкчылыктары өлкөдө социалдык камсыздоо, мамлекеттик башкарууну, мамлекеттик инвестицияларды жана жеке ишкерликти колдоону жакшыртуу жаатында ишке ашырылып жаткан программаларга жана улуттук стратегияларга ылайык белгиленет (2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүн өнүктүрүү стратегиясы жана башкалар) жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу, экономикалык өсүш үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз учурунда жана толук каржылоону болжолдойт.
2018-2020-жылдарга ФСНБнын алкагында орто мөөнөттүү мезгилде 5,0% деңгээлден ашпаган тартыштыктын түзүлүшүн болжолдойт жана ал ички жана тышкы карыз алуулардын эсебинен жабылат. Карыз алууларды тартуу бир нече негизги факторлор менен белгиленет, карыз алуулардын наркы - гранттык элемент 35%дан жана мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээлинен ашпоого тийиш.
2018-2020-жылдар мезгилиндеги мамлекеттик финансы жаатындагы саясат мамлекеттик финансыларды натыйжалуу жана ачык-айкын башкарууну камсыздоого багытталган. Бул саясатты ишке ашыруу мамлекеттик финансыларды башкарууну жакшыртуу аркылуу ишке ашырылат. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы № 696 токтому менен бекитилген 2017-2025-жылдарга мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча орто мөөнөттүү иш планы иштелип чыккан. Бул иш планы финансылык тартипти күчөтүү, бюджетти пландоону жакшыртуу, бюджет аралык мамилелерди борбордон ажыратуу, бюджеттик процессти автоматташтыруу, программалык бюджетти акырындык менен киргизүү, мамлекеттик органдардын ишине мониторинг киргизүү, мамлекеттик финансылардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды болжолдойт.
Төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулат:
финансылык тартипти бекемдөө. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан бюджетте каралган каражаттарды так приориттештирүү менен чыгымдоолорду кыскартуу;
- мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу; республикалык бюджеттин тең салмактуулугун камсыздоо; реалдуу бюджетти аткаруу;
- бюджеттик ресурстарды экономикалык натыйжалуу пайдаланууну баалоо системасын киргизүү;
- мекемелерди каржылоодо натыйжага багытталган ыкманы киргизүү;
- социалдык төлөмдөрдүн даректүүлүгүн күчөтүү;
- бюджеттик чөйрөдө эмгек акы реформалары;
- административдик реформалар;
- бюджет аралык мамилелерди жакшыртуу. Жергиликтүү бюджеттин дотациялуулугун акырындык менен төмөндөтүү;
- бюджеттик мыйзамдарды жакшыртуу;
- программалык бюджеттөөнүн механизмдерин киргизүү аркылуу тобокелдиктерди минималдаштыруу;
- тийиштүү чыңдоого ээ эмес министрликтердин жана ведомстволордун жаңы чыгымдык демилгелерин кабыл алуудан кармануу жана мораторий киргизүү, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун бюджеттик ассигнованиелерди жылыштыруу аркылуу чыгымдык милдеттенмелерин көбөйтүүгө тыюу салуу.
4. Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы
4.1. 2015-2016-жылдарда Кыртыз Республикасынын мамлекеттик карызды тейлөөсүн талдоо
Бюджеттин ресурстары. 2015-2016-жылдары республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруудан каражаттардын түшүүсү аркылуу төмөнкүдөй көлөмдө камсыздалган:
6-таблица
МБК жайгаштыруудан каражаттардын түшүшү
(млн. сом)
Түшүү булактары | 2015-ж. (План) | 2015-ж. (Факт) | Четтөө | 2016-ж. (План) | 2016-ж. (Факт) | Четтөө |
МКВны чыгаруу | 5850,0 | 3391,4 | -2458,6 | 4000,0 | 5282,0 | 1282,0 |
МКОну чыгаруу | 3150,0 | 4830,8 | 1680,8 | 6000,0 | 10711,7 | 4711,7 |
Жыйынтыгы | 9000,0 | 8222,2 | -777,8 | 10000,0 | 15993,7 | 5993,7 |
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 30-декабрындагы № 232 Мыйзамы менен МБК чыгаруу жана жайгаштыруудан түшүүлөр боюнча 2015-жылга болжолдуу маалыматтар 9354,7 млн. сом (МКВ - 5453,7 млн. сом, МКО - 3901,0 млн. сом) көлөмүндө белгиленген, б.а. 354,7 млн. сомго көбөйгөн. МБК жайгаштыруудан 2015-жылы республикалык бюджетке иш жүзүндө түшүүлөр 8222,2 млн. сомду түздү, анын ичинде МКВ боюнча - 3391,4 млн. сом жана МКО боюнча - 4830,8 млн. сом.
2015-жылга республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзамда каралган болжолдуу көрсөткүчтөрдү иш жүзүндө аткаруу төмөнкүлөрдү түздү: бекитилген бюджеттин көрсөткүчү 91,4% же такталган бюджеттин көрсөткүчү 87,9%. Отчеттук мезгил үчүн МБК боюнча таза каржылоо оң болду жана 2611,3 млн. сомду түздү.
"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-декабрындагы № 214 Мыйзамы менен МБК чыгаруу жана жайгаштыруудан түшүүлөр боюнча 2016-жылга болжолдуу маалыматтар 15153,8 млн. сом (МКВ - 5300,0 млн. сом, МКО - 6500,0 млн. сом, МКО чет өлкөлүк валютада - 3353,8 млн. сом) көлөмдө белгиленген, б.а. 5153,8 млн. сомго көбөйгөн. МБК жайгаштыруудан 2016-жылы республикалык бюджетке иш жүзүндө түшүүлөр 15993,7 млн. сомду түздү, анын ичинде МКВ боюнча - 5282,0 млн. сом жана МКО боюнча - 7357,9 млн. сом жана чет өлкөлүк валютада номиналдашкан МКО - 3353,8 млн. сом. МБКны чыгарууну көбөйтүү, 2016-жылдын март айынан башынан тартып банктык системада чыгашалуу ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли байкалуусу менен байланыштуу. Буга байланыштуу коммерциялык банктар тарабынан МБКга суроо-талаптар көбөйгөн. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКнын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон кошумча финансылык ресурстарды издештирүү максатында, 49,4 млн. АКШ долл. суммасында (3353,8 млн. сом) чет өлкөлүк валютада номиналдашкан МКО чыгарылган.
2016-жылга республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзамда каралган болжолдуу көрсөткүчтөрдү иш жүзүндө аткаруу, бекитилген бюджеттин көрсөткүчүнүн 159,9% же такталган бюджеттин көрсөткүчүнүн 105,5%. МБК боюнча таза каржылоо отчеттук мезгил ичинде оң болду жана 6243,5 млн. сомду түздү.
Карыз алуу Кыргыз Республикасынын ички рыногунда тооруктун түз катышуучуларынын арасында аукциондук негизде МБКны жайгаштыруу аркылуу ишке ашырылган. МБКны чыгаруу түзүмү аукциондун катышуучуларынын суроо-талабын эске алуу менен иштелип чыккан.
4-сүрөт. 2015-жылы МБК чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу карыз алуу түзүмү
5-сүрөт. 2016-жылы МБК чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу карыз алуу түзүмү
Аукциондук негизде жайгаштырылган МБК боюнча кирешелүүлүктүн орточо салмакталган жылдык мааниси (Орточо салмакталган жылдык кирешелүүлүк бул формула боюнча эсептелген:
төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн:
7-таблица
МБК боюнча кирешелүүлүктүн орточо салмакталган жылдык мааниси
МБКнын түрү | орточо салмакталган жылдык кирешелүүлүк 2015-ж. | орточо салмакталган жылдык кирешелүүлүк 2016-ж. | Өзгөрүү |
3 айлык МКВ | 9,49% | 3,30% | ¯ 6,19% |
6 айлык МКВ | 12,10% | 8,70% | ¯ 3,4% |
12 айлык МКВ | 12,99% | 11,52% | ¯ 1,47% |
2 жылдык МКО | 15,34% | 16,17% | ¯ 0,83% |
3 жылдык МКО | 15,91% | 15,08% | ¯ 0,83% |
5 жылдык МКО | 17,77% | 18,54% | ¯ 0,77% |
Төмөндө келтирилген диаграммаларда (3, 4-сүрөт) МБК түрлөрү боюнча кирешелүүлүктүн өзгөрүүсү жана 2015-2016-жылдарда түшүүлөрдүн көлөмү чагылдырылган.
6-сүрөт. 2015-жылы МБКдан түшүүлөрдүн көлөмү жана кирешелүүлүк динамикасы
7-сүрөт. 2016-жылы МБКдан түшүүлөрдүн көлөмү жана кирешелүүлүк динамикасы
Бюджеттин чыгымдары. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө чыгымдар 8-таблицада берилген:
8-таблица
Мамлекеттик карызды тейлөөгө чыгымдар
(млн. сом)
Чыгымдар | 2015-ж. (План) | 2015-ж. (Факт) | Четтөө | 2016-ж. (План) | 2016-ж. (Факт) | Четтөө |
Пайыздар | 4133,5 | 4097,0 | -36,5 | 5598,6 | 5125,5 | -473,1 |
Ички карыз | 1299,2 | 1269,8 | -29,4 | 1899,0 | 1768,5 | -130,5 |
Тышкы карыз | 2834,3 | 2827,2 | -7,1 | 3699,6 | 3357,0 | -342,6 |
Негизги сумма | 11527,6 | 10267,4 | -1260,2 | 16271,1 | 15573,3 | -697,8 |
Ички карыз | 7460,0 | 5610,9 | -1849,1 | 10161,7 | 9750,2 | -411,5 |
Тышкы карыз | 4067,6 | 4656,5 | 588,9 | 6109,4 | 5823,1 | -286,3 |
Бардыгы | 15661,1 | 14364,4 | -1296,7 | 21869,7 | 20698,8 | -1170,9 |
Тышкы карыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөөгө чыгымдар 9-таблицада берилген:
9-таблица
Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдар
(млн. сом)
Чыгымдар | 2015-ж. (План) | 2015-ж. (Факт) | Четтөө | 2016-ж. (План) | 2016-ж. (Факт) | Четтөө |
Пайыздар | 2834,1 | 2827,2 | -7,0 | 3699,6 | 3357,0 | -342,6 |
Эки тараптуу кредиттер | 1697,4 | 2053,5 | 356,1 | 2581,3 | 2410,7 | -170,6 |
Көп тараптуу кредиттер | 1136,7 | 773,6 | -363,1 | 1118,3 | 946,3 | -172,0 |
Негизги сумма | 4067,6 | 4656,6 | 589,0 | 6109,4 | 5823,1 | -286,3 |
Эки тараптуу кредиттер | 1320,1 | 1625,6 | 305,5 | 1804,3 | 1781,2 | -23,1 |
Көп тараптуу кредиттер | 2747,5 | 3031,0 | 283,5 | 4305,1 | 4041,9 | -263,2 |
Бардыгы | 6901,7 | 7483,7 | 582,1 | 9809,0 | 9180,1 | -628,9 |
Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө иш жүзүндөгү чыгымдардын болжолдуу көрсөткүчтөрдөн четтөөсүнүн негизги себептери:
- 2016-жыл ичинде чет элдик валютага карата сомдун курсунун бекемдөөсүнүн улануусу мамлекеттик тышкы карызды сомдук эквивалентте тейлөөгө чыгымдарды азайтты;
- иш жүзүндө кошуп эсептелген милдеттенмелер менен учурдагы кредиттерди тейлөөнүн болжолдуу суммаларынын ортосундагы республикалык бюджет менен бекитилген терс айырма болуп саналган.
10-таблица
2015-жыл үчүн мамлекеттик тышкы карыз боюнча иш жүзүндөгү төлөмдөрдүн түзүмү
(млн. сом)
Карыздын тиби | Кредитор | Пайыздар | Негизги сумма |
Эки тараптуу зайымдар | Германия (КфВ Банкы) | 46,0 | 30,9 |
Германия (Гермес) | 20,9 | 7,6 | |
Дания | 1,9 | 3,7 | |
Кытай | 1594,7 | 1456,4 | |
Корея | 20,4 | 1,0 | |
Франция, КфВ Банкы, Германия (Гермес) кредити (курстук айырманы кайтарып берүү) | -0,6 | -0,0 | |
Кувейт (КФАЭР) | 12,8 | 100,7 | |
Россия | 148,2 | - | |
Сауд өнүктүрүү фонду | 2,0 | - | |
Түркия | 6,0 | - | |
Абу-Даби өнүктүрүү фонду | 4,8 | - | |
Франция | 6,4 | 0,3 | |
Япония | 190,1 | 25,0 | |
Жыйынтыгы: эки тараптуу зайымдар | 2053,5 | 1625,6 | |
Көп тараптуу зайымдар | МАР | 292,5 | 1227,1 |
АБР | 385,2 | 1278,6 | |
ЕАБР | 7,2 | - | |
ЕБРР | 36,9 | 241,8 | |
ИБР | 38,3 | 237,0 | |
МФСР | 4,6 | 21,4 | |
ОПЕК | 6,6 | 17,7 | |
СФР | 2,3 | 7,3 | |
Жыйынтыгы: көп тараптуу зайымдар | 773,6 | 3031,0 | |
Жалпы жыйынтык |
| 2827,2 | 4656,6 |
11-таблица
2016-жыл үчүн мамлекеттик тышкы карыз боюнча иш жүзүндөгү төлөмдөрдүн түзүмү
(млн. сом)
Карыздын тиби | Кредитор | Пайыздар | Негизги сумма |
Эки тараптуу зайымдар | Германия (КфВ Банкы) | 45,8 | 68,9 |
Германия (Гермес) | 22,1 | 10,8 | |
Дания | 2,8 | 5,5 | |
Кытай | 1950,2 | 1548,7 | |
Корея | 22,3 | 1,4 | |
Кувейт (КФАЭР) | 12,9 | 111,3 | |
Россия | 82,2 | - | |
Сауд өнүктүрүү фонду | 5,4 | - | |
Түркия | 6,8 | - | |
Абу-Даби өнүктүрүү фонду | 10,6 | - | |
Франция | 6,8 | 0,4 | |
Япония | 242,8 | 34,2 | |
Жыйынтыгы: эки тараптуу зайымдар | 2410,7 | 1781,2 | |
Көп тараптуу зайымдар | MAP | 345,6 | 1432,8 |
АБР | 425,0 | 1454,7 | |
ЕАБР | 42,7 | - | |
ЕБРР | 63,0 | 317,2 | |
ЕС | 5,2 | - | |
ИБР | 49,6 | 246,0 | |
МФСР | 5,5 | 22,6 | |
МВФ | - | 527,0 | |
ОПЕК | 7,3 | 33,8 | |
СФР | 2,4 | 7,8 | |
Жыйынтыгы: көп тараптуу зайымдар | 946,3 | 4041,9 | |
Жалпы жыйынтык |
| 3357,0 | 5823,1 |
8-сүрөт. Төлөмдөрдүн категориясы боюнча мамлекеттик тышкы карызды тейлөө түзүмү
9-сүрөт. Кредиттердин категориясы боюнча мамлекеттик тышкы карызды тейлөө түзүмү
2015-2016-жылдарда мамлекеттик тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн валюталык структурасы 12-таблицада берилген:
12-таблица
2015-2016-жылдарда мамлекеттик тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн валюталык түзүмү
(млн. сом)
Валюта | 2015 ж. | 2016-ж. |
AED | 4,9 | 10,7 |
CNY | 276,1 | 290,8 |
EUR | 171,2 | 274,9 |
JPY | 218,4 | 284,4 |
KRW | 21,4 | 24,3 |
KWD | 113,0 | 126,0 |
SAR | 2,0 | 5,5 |
USD | 6692,6 | 8210,1 |
KGS | -15,8 | -46,6 |
Жыйынтыгы | 7483,8 | 9180,1 |
Отчеттук мезгилде бардык төлөмдөрдүн 90%ы АКШ долл. жүргүзүлгөн. АКШ долл. бул валютада номинацияланган кредиттер да, төлөм каражаттары (СДР, ислам динары) шарттарында номинацияланган зайымдар да тейленет. Операциялардын калган бөлүгү кытай юаны, япон йени, кувейт динары, корей вону, сауд риалы, БАЭ дирхамы жана евронун ортосунда бөлүнгөн. Мамлекеттик тышкы карызды тейлөө процессинде кыргыз сому менен да операциялар жүргүзүлгөн. Бул транзакциялар чет өлкөлүк валютадагы төлөмдөрдүн курстук айырмасын оңдоп-түзөө максатында жүргүзүлгөн (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине каражаттарды кайтаруу же курстук айырма пайда болгондо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кошумча төлөм).
Тышкы карыз боюнча типтүү финансылык шарттар төмөндө берилген.
10-сүрөт. Тышкы карыз боюнча типтүү финансылык шарттар
Ички карыз. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө чыгымдары 13-таблицада берилген:
13-таблица
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө чыгымдары
(млн. сом)
Чыгымдар | 2015-ж. (План) | 2015-ж. (Факт) | Четтөө | 2016-ж. (План) | 2016-ж. (Факт) | Четтөө |
Пайыздар | 1299,2 | 1269,8 | -29,4 | 1899,0 | 1768,5 | -130,5 |
Кыска мөөнөттүү МБК | 386,8 | 288,4 | -98,4 | 457,1 | 421,6 | -35,5 |
Узак мөөнөттүү МБК | 911,9 | 981,4 | 69,5 | 1441,4 | 1346,9 | -94,5 |
Салым индексациясы | 0,5 | 0,02 | -0,5 | 0,5 | 0,0 | -0,5 |
Негизги сумма | 7460,0 | 5610,9 | -1849,1 | 10161,7 | 9750,2 | -411,5 |
Кыска мөөнөттүү МБК | 4949,2 | 3184,0 | -1765,2 | 4720,2 | 4343,4 | -376,8 |
Узак мөөнөттүү МБК | 2510,8 | 2426,9 | -83,9 | 5441,5 | 5406,8 | -34,7 |
Бардыгы | 8759,2 | 6880,7 | -1878,5 | 12060,7 | 11518,7 | -542,0 |
Пландалган көрсөткүчтөрдөн пайыздарды төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардан четтөөнүн негизги себептери төмөнкү фактылар болгон:
- МБК эмиссиясынын түзүмү жана календары жыл ичинде пайда болгон талапка жараша кирешенин учурдагы деңгээлине жараша оңдоп-түзөтүлгөн;
- узак мөөнөттүү баалуу кагаздар боюнча пайыздарды төлөө боюнча азаюу жагына четтөө айрым узак мөөнөттүү МБКга байланыштуу болгон (КО серия "Кайрат", МКО "Залкар Банк") коюмдар өзгөрмөлүү жана МКВ коюмдарына жараша болот, алар жогоруда белгиленгендей отчеттук жылда азайган.
Пландалгандан МБКнын негизги суммасын тындыруу боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын азаюу тарабына четтөөсү төмөнкүлөр менен шартталган:
- МКВ чыгарууну МКО чыгаруу менен алмаштыруу аркылуу МБК боюнча эмиссиянын календарынын түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү менен;
- МКВ жана МКО боюнча негизги сумманы жыл ичинде тактоо жана кийин оңдоп-түзөтүү менен.
11-сүрөт. 2015-жылы МБК кармоочулар боюнча ички карызды тейлөө төлөмдөрүнүн түзүмү
12-сүрөт. 2016-жылы МБК кармоочулар боюнча ички карызды тейлөө төлөмдөрүнүн түзүмү
2015-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы. 2015-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3805,1 млн. АКШ долл. (288803,9 млн. сом) түзгөн, алардын ичинен:
- 95%ды мамлекеттик тышкы карыз түзөт: 3601,1 млн. АКШ долл. (273320,2 млн. сом);
- 5%ды мамлекеттик ички карыз түзөт: 204,0 млн. АКШ долл. (15483,7 млн. сом).
Болжолдуу маалыматтар боюнча ИДПга карата 2015-жылы мамлекеттик тышкы карыздын катышы 63,5%ды түзгөн.
2016-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы. 2016-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4065,4 млн. АКШ долл. (281450,9 млн. сом), алардын ичинен:
- 92,1%ды мамлекеттик тышкы карыз түзөт: 3742,7 млн. АКШ долл. (259110,5 млн. сом);
- 7,9%ды мамлекеттик ички карыз түзөт: 322,7 млн. АКШ долл. (22340,6 млн. сом).
Болжолдуу маалыматтар боюнча ИДПга карата 2016-жылы мамлекеттик тышкы карыздын катышы 56,6%ды түзгөн.
4.2. 2018-2020-жылдарга мамлекеттик карызды тейлөө
Өткөн мезгилдерде тышкы карыздын тенденциясы жана динамикасы
14-таблица
Өткөн мезгилдерде тышкы карыздын өзгөрүү тенденциясы
(млн. сом менен)
| 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. |
Мамлекеттик тышкы карыз | 143713 | 155556 | 202397 | 273320 | 259110 |
Зайымдардын түшүүсү | 17603 | 20235 | 26788 | 20302 | 25743 |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 3429 | 3773 | 5150 | 7484 | 9180 |
пайыздар | 1521 | 1655 | 2231 | 2827 | 3357 |
негизги сумма | 1908 | 2118 | 2919 | 4657 | 5823 |
15-таблица
Өткөн мезгилдерде тышкы карыздын өзгөрүү тенденциясы
(АКШ долл. менен)
| 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. |
Мамлекеттик тышкы карыз | 3032 | 3159 | 3437 | 3601 | 3743 |
Зайымдардын түшүүсү | 375 | 415 | 497 | 290 | 370 |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 94 | 95 | 116 | 130 | 145 |
пайыздар | 31 | 33 | 40 | 42 | 46 |
негизги сумма | 63 | 62 | 76 | 88 | 99 |
16-таблица
Карыз туруктуулугун көрсөткүчтөрдүн өзгөрүү тенденциясы (Өткөн мезгилде ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыз)
(ИДПга карата %)
| 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. |
Мамлекеттик тышкы карыз | 46,3% | 43,8% | 50,5% | 64,5% | 56,6% |
Зайымдардын түшүүсү | 5,7% | 5,7% | 6,7% | 4,8% | 5,6% |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 1,1% | 1,0% | 1,1% | 1,4% | 1,7% |
пайыздар | 0,5% | 0,5% | 0,6% | 0,7% | 0,7% |
негизги сумма | 0,6% | 0,5% | 0,5% | 0,7% | 1,0% |
2012-2016-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көлөмүнүн АКШ долл. да, сомдук эквивалентте да өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда, 2012-жылдан бери АКШ долл. мамлекеттик тышкы карыз 23%га, негизинен сомдук эквивалентте - 1,8 эсеге көбөйгөн. Сомдук эквиваленттеги мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү АКШ долл. алмашуу курсуна олуттуу таасир тийгизет.
2016-жылы мамлекеттик тышкы карызды тейлөө чыгымдарынын, анын ичинде карыздын негизги суммасын тындыруунун эсебинен көбөйүшү белгиленүүдө. Мамлекеттик тышкы карызды тейлөө чыгымдарынын жалпы суммасынан 63,4% карыздын негизги суммасын, ал эми 36,6% - эсептелген пайыздар боюнча милдеттенмелерди тындырууга багытталган.
Мамлекеттик тышкы карыз деңгээлин кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-2016-жж. мезгилинде төмөнкү иш-чаралар өткөрүлгөн:
- 2012-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркияга болгон карызын толук жоюу жөнүндө макулдашууга кол коюлган;
- 2012-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына болгон карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган, ал 2013-жылдын 22-майында күчүнө кирген. Бул Макулдашуу 188,9 млн. АКШ долл. өлчөмүндөгү карызды бир жолу жана толук көлөмдө жоюуга мүмкүндүк берген;
- 2012-жылдын 11-декабрында "Карызды конверсиялоо III" долбоорунун алкагында карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу боюнча келишим түзүлгөн, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасына болгон жоюлуучу карызынын суммасы 8,5 млн. еврону түзөт;
- 2013-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы "Телекоммуникациялык тармакты модернизациялоо" долбоору боюнча макулдашууга экинчи оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Бул макулдашуу жылдык төлөмдөрдү 1,2 млрд. корей вонунан (1,1 млн. АКШ долл. жакын) 0,4 млрд. корей вонуна (0,3 млн. АКШ долл.) чейин кыскартууга мүмкүндүк берет, негизги карызды тындыруунун кошумча мөөнөттөрү 2045-жылга чейин белгиленген, төлөмдөр 2018-жылдан тартып төлөнөт;
- 2015-жылдын 18-майынан тартып 2001-жылдын 12-апрелиндеги Кагаз фабрикасын куруу долбоору боюнча мамлекеттик жеңилдетилген кредиттик келишимге карата Кытайдын экспорттук-импорттук банкы менен кошумча макулдашууга кол коюлган, ага ылайык 60,2 млн. кытай юанына барабар кредиттин негизги суммасы 2017-жылдын 20-июнуна чейин жарым жылдык бирдей төлөмдөр менен тындырылат. Ошондой эле 2014-жылдын сентябрына карата 14,2 млн. кытай юанын түзгөн пайыздар боюнча техникалык карызды жөнгө салуу каралган. Атап айтканда, бул суммадан 10,1 млн. кытай юаны жоюлат. Техникалык карыздын 4,1 млн. кытай юаны өлчөмүндөгү калган бөлүгү 2017-жылдын 20-июнунан тартып кандайдыр бир пайыздарды кошпостон беш бирдей төлөмдөр менен тындырылууга жатат;
- 2016-жылы Россия Федерациясынын Өкмөтүнө болгон 30 млн. АКШ долл. карыз алгачкы жолу жоюлган;
- 2016-жылдын апрелинде Карызды конверсиялоо II жана III долбоорунун алкагында Германия Федеративдик Республикасына болгон 13,5 миллион евро суммадагы карыз жоюлган.
Тышкы карыздын макроэкономикалык таасири. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 2018-жылы - 12436,7 млн. сом, 2019-жылы - 15114,3 млн. сом, 2020-жылы - 17221,4 млн. сом багыттоо пландалган.
17-таблица
Учурдагы карыз, түшүүлөр жана тышкы зайымдарды тындыруу
(млн. сом менен)
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Карыздын өлчөмү | 279535 | 300652 | 331653 | 357179 |
Зайымдардын түшүүсү(*) | 34096 | 33366 | 31955 | 27855 |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 11123 | 12437 | 15114 | 17221 |
пайыздар | 4041 | 4245 | 4743 | 5169 |
негизги сумма | 7082 | 8192 | 10372 | 12052 |
(*) КРФМ эл аралык кызматташтык башкармалыгынын маалыматтары боюнча.
18-таблица
Учурдагы карыз, түшүүлөр жана тышкы зайымдарды тындыруу
(АКШ долл. менен)
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Карыздын өлчөмү | 3 845 | 4199 | 4 494 | 4 706 |
Зайымдардын түшүүсү(*) | 469 | 466 | 433 | 367 |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 153 | 171 | 202 | 223 |
пайыздар | 56 | 59 | 64 | 68 |
негизги сумма | 97 | 112 | 138 | 155 |
(*) КРФМ эл аралык кызматташтык башкармалыгынын маалыматтары боюнча.
19-таблица
Учурдагы карыз, түшүүлөр жана тышкы зайымдарды тындыруу
(ИДПга карата %)
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Карыздын өлчөмү | 56,6% | 55,9% | 56,2% | 55,1% |
Зайымдардын түшүүсү | 6,9% | 6,2% | 5,4% | 4,3% |
Карыздарды тындыруу, төмөнкүлөрдү кошкондо: | 2,3% | 2,3% | 2,6% | 2,7% |
пайыздар | 0,8% | 0,8% | 0,8% | 0,8% |
негизги сумма | 1,4% | 1,5% | 1,8% | 1,9% |
2018-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызды тейлөө бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн чет өлкөлүк зайымдарды тартуу жана сарптоонун төмөнкү максаттар менен аныкталган тартибин камсыздоого багытталган иштерди эске алуу менен түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тындыруу боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилишине жол бербөө (эки тараптуу карызды реструктуризациялоо жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө түзүлгөн техникалык кечигүүлөрдү кошпогондо);
- жаңы тышкы карыз алуулар үчүн жеңилдиктин 35% минималдуу деңгээлин сактоо жана мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү органдарына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү уруксаты болбогон учурда тышкы карыз алууларды тартуусуна жол бербөө;
- Жаңы тышкы карыз алууларды жүргүзүү процессине мамлекеттик инвестицияларынын сандык жана сапаттык талаптарын сактоо.
Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө төмөнкү маалыматтар эске алынган:
- 259 млрд. сомду түзгөн 31.12.2016-ж. карата өздөштүрүлгөн жана тындырылбаган мамлекеттик тышкы карыздын суммасы;
- учурдагы жана пландалган зайымдарды тындыруу графиктери;
- учурдагы жана пландалган тышкы жана ички карыз алуулар боюнча кредиттик каражаттарды өздөштүрүү болжолу;
- АКШ долл. болжолдуу алмашуу курсу 2018-жылы - 71,6 сом, 2019-жылы - 73,8 сом, 2020-жылы - 75,9 сом;
- 2016-жылдын мартынан 2017-жылдын мартына чейин иш жүзүндө түзүлгөн курстун базасында эсептелген АКШ долл. карата чет өлкөлүк валюталардын болжолдуу алмашуу курстары.
Болжолдуу маалыматтар боюнча ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 56% деңгээлинде калат. Жогорудагы таблицада көрсөтүлгөндөй тышкы карыз алууларды тартуу көлөмү тышкы кредиттер боюнча милдеттенмелерди тындыруу суммасынан ашат. Бул 2017-2020-жылдарда мамлекеттик тышкы карыздын номиналдык көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келет. Тартылган зайымдардын негизги суммалары боюнча тындыруу мөөнөттөрүнүн келгендигине байланыштуу кредиттер боюнча негизги сумманы төлөө боюнча чыгымдардын да жыл сайын көбөйүшү белгиленүүдө.
2017-2020-жж. мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүн болжолдуу эсептөө үчүн төмөнкү чаралар кабыл алынган:
- МИ жана программалык жардамдын алкагында кредиттер боюнча каражаттарды өздөштүрүү;
- Кредиттер боюнча негизги сумманы тындыруу;
- ИДПнын болжолдуу маалыматтары;
- Алмашуу курсунун болжолдуу динамикасы.
Ошол эле учурда тышкы карыздын иш жүзүндөгү көлөмү чет өлкөлүк валюталардын алмашуу курсунун иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөргө, өздөштүрүлгөн зайымдык каражаттардын өлчөмүнө, ошондой эле карыз милдеттенмелерин башкаруу боюнча ар кандай операцияларды өткөрүүгө (реструктуризация, жоюу, конверсиялык операциялар жана башкалар) жараша болот.
Өткөн мезгилдеги ички карыздын динамикасынын тенденциясы
20-таблица
Ички карыздын өзгөрүү тенденциясы
(ИДПга карата млн. сом)
| 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. |
Карыз өлчөмү | 13006 | 11876 | 12362 | 15484 | 22340 |
Зайымдардын түшүүсү | 6974 | 7602 | 7724 | 8222 | 15994 |
Карызды тындыруу | 8012 | 10166 | 8564 | 6881 | 11519 |
алардын ичинен пайыздар | 1378 | 1307 | 1222 | 1270 | 1769 |
алардын ичинен негизги сумма | 6634 | 8859 | 7342 | 5611 | 9750 |
Кайра тариздөө жана/же жоюу |
|
|
|
|
|
ИДПга карата % | |||||
Карыз өлчөмү | 4,2% | 3,3% | 3,1% | 3,7% | 4,9% |
Зайымдардын түшүүсү | 2,2% | 2,1% | 1,9% | 1,9% | 3,5% |
Карызды тындыруу | 2,5% | 2,9% | 2,1% | 1,6% | 2,5% |
алардын ичинен пайыздар | 0,4% | 0,4% | 0,3% | 0,3% | 0,4% |
алардын ичинен негизги сумма | 2,1% | 2,5% | 1,8% | 1,3% | 2,1% |
Кайра тариздөө жана/же жоюу |
|
|
|
|
|
3-таблицада көрүнгөндөй 2013-жылы мамлекеттик ички карыздын өлчөмү МКО боюнча милдеттенмелерди толук тындыруудан улам кыскарган, финансылык эмес уюмдар, 3 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен МКО, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы финансылык мамилелерди жөнгө салуу максатында чыгарылган МКВ-жөнгө салуу анын кармоочулары болуп саналат. Бирок 2014-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын өсүү тенденциясы кайрадан белгиленүүдө. Мамлекеттик ички карыздын көлөмүнө инфляция деңгээли өзгөчө таасир этет, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) боюнча кирешелүүлүк МБК рыноктун катышуучулары тарабынан, анын ичинде күтүлгөн инфляцияны эске алуу менен белгиленет.
2014-2016-жылдарда МБКны жайгаштыруудан каражаттардын түшүүлөрүнүн 129%га көбөйүү тенденциясы байкалат. Бул республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө жана МБК рынокту өнүктүрүүгө байланыштуу болгон.
2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызды тейлөөгө республикалык бюджеттин чыгымдары: 2012-жылы - 8012,0 млн. сом, 2013-жылы - 10166,4 млн. сом, 2014-жылы - 8563,7 млн. сом, 2015-жылы - 6880,7 млн. сом, 2016-жылы - 11518,7 түзгөн. Негизги сумма боюнча милдеттенмелерди төлөө чыгымдарынын олуттуу көлөмү 2016-жылга туура келет, бул МКО боюнча милдеттенмелерди толук тындырууга байланыштуу болгон, финансылык эмес уюмдар, 5 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен МКО анын кармоочулары болуп саналат.
Ички карызды өзгөртүүнүн келечектеги тенденциясынын түшүндүрмөсү
21-таблица
Учурдагы карыз, жаңы милдеттенмелерди таануу, ички карыздын түшүүсү жана тейлөө
(млн. сом)
| 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Карыз өлчөмү | 27207 | 34228 | 39603 | 41925 |
Карыздардын түшүүсү | 11000 | 15500 | 14500 | 14500 |
Милдеттенмелерди кабыл алуу | 12052 | 17641 | 16768 | 17073 |
Карызды тындыруу | 8934 | 12943 | 13903 | 16906 |
алардын ичинен пайыздар | 2187 | 2567 | 2778 | 2504 |
алардын ичинен пайыздар МКВ боюнча | 438 | 244 | 268 | 349 |
алардын ичинен негизги сумма | 6747 | 10376 | 11125 | 14402 |
в % к ВВП | ||||
Карыздын өлчөмү | 5,5% | 6,4% | 6,7% | 6,5% |
Карыздын түшүүсү | 2,2% | 2,9% | 2,5% | 2,2% |
Милдеттенмелерди кабыл алуу | 2,4% | 3,3% | 2,8% | 2,6% |
Карызды тындыруу | 1,8% | 2,4% | 2,4% | 2,6% |
алардын ичинен пайыздар | 0,4% | 0,5% | 0,5% | 0,4% |
алардын ичинен негизги сумма | 1,4% | 1,9% | 1,9% | 2,2% |
2018-2020-жылдары республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн жана МБК рыногун андан ары өнүктүрүү максатында республика бюджети төмөнкү көлөмдө МБК жарыялоодон түшүүлөрдү камсыздоо пландалууда: 2018-жылы - 15500,0 млн. сом, 2019-жылы - 14500,0 млн. сом, 2020-жылы - 14500,0 млн. сом. МБК чыгаруу жана жайгаштыруу түзүмү 2018-2020-жылдарда узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын көбөйүшү жагына каралган (1 жылдан ашуун жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигациялар). Узак мөөнөттүү МБК көлөмдөрүнүн жогорулашы МБКны жүгүртүү мөөнөттөрүн акырындап көбөйтүү жана бир кыйла узак акча каражаттарын тартуу максатына байланыштуу. Ошол эле учурда 2018-2020-жылдарда каралган көлөмдө МБК чыгаруу жана жайгаштыруудан каражаттын түшпөй калуусунун потенциалдуу тобокелчиликтери болушу мүмкүн, анткени МБК жайгаштыруудан түшүүлөрдүн көлөмү Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда түзүлгөн абалга, ошондой эле МБКга кирешелүүлүк көрсөткүчтөрүнүн жана талаптын түзүмүнүн өзгөрүшүнө жараша болот.
Инфляциянын болжолдонгондон жогору өсүшү МБК боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө чыгымдарын көбөйтүү тобокелчилиги пайда болушу мүмкүн, анткени МБК боюнча кирешелүүлүк МБК рыногунун катышуучулары тарабынан, анын ичинде күтүлгөн инфляцияны эске алуу менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөөгө 2018-жылы - 12942,2 млн. сом, 2019-жылы - 13902,5 млн. сом, 2020-жылы - 16905,8 млн. сом багыттоо пландалууда.
Тышкы жана ички карыз боюнча көрсөткүчтөрдү салыштыруу
22-таблица
Тышкы жана ички карызды салыштырмалуу талдоо
(млн. сом)
| 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Таза суммалык карыз алууларга карата таза ички карыз алуу % | 28,8% | 38,3% | 24,4% | 31,7% | 31,2% | 34,2% |
Таза суммалык карыз алууларга карата таза тышкы карыз алуу % | 71,2% | 61,7% | 75,6% | 68,3% | 68,8% | 65,8% |
Таза суммалык карыз алуу (сом) | 28524 | 41737 | 45096 | 48866 | 46455 | 42355 |
Карыздын суммалык өлчөмүнө карата ички карыздын өлчөмү % | 5,4% | 7,9% | 8,9% | 10,2% | 10,7% | 10,5% |
Карыздын суммалык өлчөмүнө карата тышкы карыздын өлчөмү % | 94,6% | 92,1% | 91,1% | 89,8% | 89,3% | 89,5% |
Карыздын суммалык өлчөмү | 288804 | 281450 | 306742 | 334880 | 371256 | 399104 |
Болжолдонгон мезгилде карыз алуунун жалпы көлөмүндө тышкы таза карыз алуулардын тенденциясынын үстөмдүгү чагылдырылган. Мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү мамлекеттик карыздын суммалык көлөмү 90%дан ашуунду түзөт.
Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы. Орто мөөнөттүү мезгилде мамлекеттик карызды натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракети төмөнкүлөргө:
- Экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшкөн бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго гана жаңы тышкы карыз алууларды тартууга;
- 35% жеңилдетилген зайымдардын (грант-элемент) минималдуу деңгээлин сактоо менен жаңы мамлекеттик тышкы карыз алууларды тартууга;
- Тышкы карыз портфелин диверсификациялоо жана карызды концентрациялоого байланышкан потенциалдуу тобокелчиликтерди кыскартуу максатында тышкы карыз алууларды тартуу процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир кредиторго болгон тышкы карыздын жалпы суммасынын 50%нан ашпаган карызды түзүүнүн сандык чектөө менен жетекчиликке алууга ниеттенет;
- Потенциалдуу жогорку чыгымдардан жана тобокелчиликтерден качуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкөлүк валютадагы облигацияларды чыгаруу жана тышкы финансы рынокто жайгаштыруу аркылуу карыз алууларды тартуудан карманууга ниеттенет;
- МБК чыгаруу жана аларды баа түзүүнүн рыноктук механизмдери, атап айтканда аукциондор аркылуу жайгаштыруу менен гана мамлекеттик ички карыз алууларды тартууга;
МБК рыногун өнүктүрүүгө, анын ичинде МБК жүгүртүүнүн жалпы мөөнөтүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар аркылуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын өз убагында жана толук тейлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоого, мамлекеттик карызды башкарууда тобокелчиликтердин өлчөмүн, түзүмүн дайыма контролдоону жүргүзүүгө жана белгиленген эл аралык ченемдерде ылайык мамлекеттик карыздын туруктуулук индикаторлорун андан ары өнүктүрүүнү камсыздоого багытталат.
5. Бюджеттер аралык мамилелер реформасы
Акыркы жылдарда финансылык борбордон ажыратуу, бюджеттик тартипти жогорулатуу, финансылык ресурстарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугу жана туруктуулугу шартында ар кандай деңгээлдеги бюджеттердин өз ара финансылык мамилесинин принциптүү өзгөргөн.
Натыйжада бюджеттик түзүлүш иретке салынган, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасындагы ыйгарым укуктар чектелген, бюджеттин туруктуу киреше булактары белгиленген, республикалык бюджеттен берилген бюджеттер аралык трансферттерди түзүү жана бөлүштүрүү принциптери аныкталган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында бардык деңгээлде бийлик органдары ортосунда финансылык өз ара мамилени өнүктүрүү чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын түзүлгөн бюджеттик мыйзамдарын ишке ашыруу бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү жаатында, мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында иш-чаралардын комплексин жүргүзүүнү талап кылат. Буга байланыштуу муну менен орто мөөнөттүү келечекке ыйгарым укуктарды чектөөнүн жаңы системасын методологиялык жана финансылык колдоону камсыздоо зарыл.
Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген, улуттук мамлекеттик документтерге ылайык иштелип чыккан "2016-2019-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясына" (мындан ары - Концепция) ылайык жүргүзүлөт.
Бюджеттер аралык мамилелер системасы бюджеттик камсыздоо деңгээли боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кескин дифференциациясына карабастан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негизин бекемдөөгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын бекемдөө боюнча көрүлгөн чаралар аны көпчүлүк учурда анын көбөйүшүнө түрткү бербейт, буга байланыштуу табигый-климаттык шарттар, экономиканын агрардык багыты, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн жетишсиз деңгээли, өнөр жай потенциалын толук пайдалануу, өндүрүштүк инфраструктураны жайгаштыруудагы айырмачылыктар, ресурстарга, өзгөчө финансылык, коммуникациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөргө кирүү менен шартталган.
Бюджеттер аралык мамилелерди андан ары өнүктүрүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары арасында бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу, ошондой эле бюджеттик процессти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик финансыларды реформалоо системасындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
Административдик-аймактык реформа орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттин алдында турган бир кыйла олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул бюджеттер аралык мамилелер системасын өнүктүрүүгө таасир этет.
Буга байланыштуу тигил же бул аймактын ресурстук потенциалын иш жүзүндө пайдалануу, финансылык жана билим берүү институттарынын болушу, жарандар үчүн мамлекеттик жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, региондо өнөр жай, өндүрүш, социалдык жана соода инфраструктурасынын болушу, калктын жыштыгы ж.б. сыяктуу факторлорду пайдалануу менен административдик-аймактык реформаларды ишке ашырууда экономикалык негиздерди иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн орто мөөнөттүү мезгилге бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүдө негизги багыттар:
- Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу;
- Административдик-аймактык түзүлүш реформасын илгерилетүү боюнча параллелдүү иш;
- бюджеттер аралык мамилелерге тийиштүү ченемдик укуктук актыларды, методикалык куралдарды, нускамаларды ж.б. иштер чыгуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- бюджеттер аралык трансферттер системасын өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын салыктык базасын кеңейтүүгө карата чараларды жана ыкмаларды өркүндөтүү;
- жергиликтүү бюджеттердин ачык-айкындуулугун камсыздоо;
- аймактарды өнүктүрүүнүн экономикалык планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттерди орто мөөнөттүү болжолдоону өркүндөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы финансылык кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу.
2017-жылга жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмү 19391,6 млн. сомду түзгөн, бул 2016-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 463,7 млн. сомго көбөйгөн.
Буга байланыштуу сатуудан алынуучу салыктын 2016-жылдын 1-январынан тартып жокко чыгарылгандыгына байланыштуу мамбюджетке түшпөй калуулар 3,0 млрд. сомду түзө тургандыгы күтүлүүдө, ага ылайык жергиликтүү бюджеттер боюнча түшпөй калуу 1,5 млрд. сомду түзөт. Бул сумманы кайтара турган негизги механизмдер - бул башкарууну жакшыртуу, биз аны республикалык бюджеттин эсебинен салыктар жана компенсациялар боюнча берген жеңилдиктердин санын кыскартуу болуп саналат.
Жергиликтүү бюджеттердин орто мөөнөтүү көлөмдөрү 2018-жылы - 19620,3 млн. сомду, 2019-жылы - 19743,6 млн. сомду, 2020-жылы - 19931,7 млн. сомду түзөт.
23-таблица
Жергиликтүү бюджеттердин көлөмү
(млн. сом)
ИДП | 397377 |
| 442808 |
| 538134 |
| 589873 |
| 648480 |
|
Аталышы | 2016-жылга бек. бюджет | ИДПга карата % | 2017-жылга бек. бюджет | ИДПга карата % | 2018-жылга бюджеттин болжолу | ИДПга карата % | 2019-жылга бюджеттин болжолу | ИДПга карата % | 2020-жылга бюджеттин болжолу | ИДПга карата % |
Жергиликтүү бюджеттер |
|
|
|
|
|
|
|
|
| I |
Кирешелер | 18780,4 | 4,6 | 19391,6 | 4,3 | 19620,3 | 3,3 | 19743,6 | 3,1 | 19931,7 | 3,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Салыктык түшүүлөр | 13017,0 | 3,3 | 12095,7 | 3,3 | 12890,3 | 2,4 | 13713,6 | 2,3 | 14601,7 | 2,5 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 2522,9 | 0,6 | 2008,2 | 0,5 | 2365,2 | 0,4 | 2365,2 | 0,4 | 2365,2 | 0,4 |
Активдер жана милдеттенмелер | 63,2 | 0,0 | 19,5 | 0,0 | 19,8 | 0,0 | 19,8 | 0,0 | 19,8 | 0,0 |
Трансферттер | 3177,3 | 0,7 | 5268,2 | 0,5 | 4345,0 | 0,5 | 3645,0 | 0,4 | 2945,0 | 0,4 |
Теңөөчү гранттар | 1609,3 | 0,3 | 1818,2 | 0,4 | 1850,0 | 0,4 | 1800,0 | 0,3 | 1700,0 | 0,3 |
Өткөрүлүп берилген каражаттар | 1568,0 | 0,3 | 3450,0 | 0,1 | 2495,0 | 0,1 | 1845,0 | 0,1 | 1245,0 | 0,1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Чыгымдар | 18780,4 | 4,6 | 19391,6 | 4,3 | 19620,3 | 3,3 | 19743,6 | 3,1 | 19931,7 | 3,3 |
Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда алар үчүн чыгымдардын негизги артыкчылыктуу беренелери катары корголгон беренелер, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүрдү сатып алуу болуп калат.
Билим берүү системасын каржылоону жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусунда республикалык бюджетке которууга карабастан, жергиликтүү бюджеттерде муниципалдык менчик объекттерин күтүү боюнча чыгымдарды каржылоо мыйзамдык негизде сакталат.
2017-жылга теңөөчү гранттын өлчөмү 1818,2 млн. сом суммада бекитилген же 2016-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 208,9 млн. сомго көбөйгөн.
2018-жылы теңөөчү гранттар 1850,0 млн. сом, 2019-жылы - 1800,0 млн. сом, 2020-жылы 1700,0 млн. сом суммада болжолдонууда.
Жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин курамында теңөөчү гранттардын болушу муниципалитеттин "жакырчылык" белгиси болбоого тийиш. Бюджеттик жетишсиздикти теңөө үчүн негиз катары жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнө негизделген жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын эсептөө болуп саналат. Мындай ыкма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кирешелерди топтоонун жогорулашына түрткү берет жана алардан чыгымдарды оптималдаштырууну талап кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгым милдеттенмелеринин көлөмүн көбөйтүүгө таасир этүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда жогору тургандардан төмөн тургандарга өткөрүлүп берилген каражаттарды берүү тартибин өзгөртүү боюнча колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
6. Өнүктүрүү бюджети
6.1. Капиталдык салымдар
Капиталдык салымдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону көрсөтүүчү өнүктүрүү бюджетинин беренеси, мамлекеттик артыкчылыктуу социалдык-экономикалык маанилүү объектилерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.
Республикалык бюджетте каралган капиталдык салымдар эсебинен каржылоо жүргүзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы курулмалардын жана объектилердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын административдик, функционалдык жана экономикалык чыгашалар классификациясы боюнча ар бир мамлекеттик заказчы үчүн өзүнчө түзүлөт.
Акыркы жылдарда капиталдык салымдар эсебинен финансылык каражаттардын көпчүлүк бөлүгү биринчи кезектеги тартипте социалдык объектилерди (билим берүү, саламаттык сактоо объектилери) курууга жана кайра конструкциялоого, авариялык объектилерди калыбына келтирүүгө багытталган. Объектилерди курууга же курулушун аяктоого системалуу эч кандай негиздеме каралбагандыгын белгилей кетүү керек. Курулуш жана кайра конструкциялоо көлөмүнүн өсүшү экономикага жана социалдык чөйрөгө азыркы учурда байкалаарлык таасир тийгизген жок жана жалпысынан жогору эмес натыйжалуулукка ээ. 2014-жылы "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылоо сценарийи боюнча 60%дан жогорку курулуш даярдыгындагы курулуш объекттерин каржылоо, ошондой эле бүтпөгөн жана узакка созулган курулуштардын көлөмүн азайтуу максатында жаңы курулуштарды баштабоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Кийинки жылдарда мамлекеттик капиталдык салымдарды региондордун жана республиканын туруктуу экономикалык өнүгүшүнө багыттоо, региондук өнүгүү жана тармактык экономикалык программалардын концепциясын эсепке алуу менен эң артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго оптималдуу пландоо жана капиталдык салымдарды бөлүштүрүүнү өркүндөтүү зарыл. Мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржылоону өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр:
- инвестициялык сунуштарды орточо мөөнөттү мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды иштеп чыгуу стадиясында түзүү;
- инвестициялык сунуштарды түзүү жана тандоо этабында артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизүү шартында бюджеттик инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну ишке ашыруу;
- мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды макулдашуу стадиясында баалоону жүргүзүү, аларды баалоо боюнча оң корутундунун негизинде тандоону жүргүзүү;
- бюджеттик инвестициялардын багытын пландоо системасын өркүндөтүү үчүн инвестициялык долбоорлорду тандоонун натыйжалуу критерийлерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орточо мөөнөттүү планынын курамында үч жылдык мезгилге жыл сайын артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесин иштеп чыгуу, ал өнүктүрүүнүн бюджеттик программаларын каржылоо тизмесин жана көлөмүн аныктоо бөлүгүндө республикалык бюджетти иштеп чыгуу үчүн негиз катары кызмат кылат.
2014-2016-жылдарда капиталдык салымдар чыгашаларын артыкчылыктуу тартипте социалдык-экономикалык маанидеги объектилерди, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндө, саламаттык сактоо, маданият жана спорт, турак-жай курулушу, ошондой эле республикада автожолдорду курууга жана кайра конструкциялоого багыттоо пландалууда.
2016-жылы мамлекеттик капиталдык салымдардын алкагында чыгымдар артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөргө багытталган:
- билим берүү секторуна 3069,5 млн. сом көлөмүндө;
- саламаттык сактоо секторуна 85,2 млн. сом көлөмүндө;
- маданият жана спорт секторуна 1824,4 млн. сом көлөмүндө;
- автожолдор жана көпүрөлөр секторуна 2733,9 млн. сом көлөмүндө;
- ТКЧ (суу менен жабдуу, инфраструктура, долбоордук ж.б.) секторуна 186,6 млн. сом көлөмүндө;
- ирригация секторуна 167,0 млн. сом көлөмүндө;
- коргоо жана укук тартиби 134,5 млн. сом көлөмүндө.
2018-2020-жылдарда мамлекеттик капиталдык салымдар үчүн ресурстарды көбөйтүүдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мурда башталган билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объекттеринин курулушун аяктоого каржылоону пландайт. Стратегиялык маанидеги автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү артыкчылыктуу каржылоонун зарылдыгынан улам Каракол-Түп-Кеген, Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автожолунун жана республиканын чек ара райондорунда жайгашкан автомобиль жолдордун, анын ичинде Баткен облусунун автожолдорун курууну каржылоо пландалууда, суу чарба курулмаларынын курулушунун мамлекеттик программасына ылайык биринчи кезекте Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас жана Кыргыз Республикасынын башка облустарындагы жаңы сугат жерлердин бир кыйла аянттарын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү ирригациялык каналдардын курулушун бүткөрүүгө каржыланат.
2018-2020-жылдардагы мезгилге капиталдык салымдарга жыл сайын 3000,0 млн. сом каралган.
6.2. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга долбоорлордун тизмеси долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде райондордун, облустук маанидеги шаарлардын деңгээлинде жана квоталардын көлөмүнө ылайык түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык, айыл, суу чарба мекемелеринин жардамчы жана кошумча объекттерин оңдоону, реконструкциялоону жана курууну каржылоо боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин, эл аралык уюмдардын жана башка субъекттердин мобилизацияланган ресурстарына кошумча кош каржылоо түрүндө берилет, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары берген отчеттордон көз каранды болот (дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын суммасына жана талап кылынган көлөмүнө ылайык транштар менен, каражаттарды (менчик, тартылган, республикалык бюджеттин) өздөштүрүүнү эске алуу менен отчет берилгенден кийин долбоордун тибине жараша берилет).
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга келген долбоорлор кыска мөөнөттүү (учурдагы жылы аяктайт) болуп саналат жана негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктура объекттерин жакшыртууга багытталат.
2014-2016-жылдарда республикалык бюджеттен дем берүүчү гранттардын эсебинен 1461,2 млн. сом жалпы суммага каржылоо жүргүзүлгөн.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүү категориялар жана облустар боюнча 2014-2016-жылдары төмөнкүдөй:
24-таблица
2014-2016-жылдарда облустар боюнча үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды бөлүштүрүү
(млн. сом)
п/п | Региондордун аталышы | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | |||
Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | ||
| Республика боюнча бардыгы | 310 | 396,0 | 395 | 710,7 | 219,0 | 354,5 |
| анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
1 | Жалал-Абад облусу | 54 | 70,9 | 67 | 114,6 | 51,0 | 86,8 |
2 | Ош облусу | 72 | 81,7 | 79 | 125,5 | 41 | 61,0 |
3 | Чүй облусу | 47 | 66,6 | 57 | 110,0 | 46 | 65,7 |
4 | Нарын облусу | 34 | 52,4 | 47 | 94,9 | 20 | 39,6 |
5 | Ысык-Көл облусу | 21 | 30,8 | 46 | 79,8 | 29 | 43,1 |
6 | Баткен облусу | 33 | 36,7 | 41 | 68,8 | 19,0 | 30,9 |
7 | Талас облусу | 31 | 39,4 | 43 | 96,3 | 13,0 | 27,3 |
8 | Бишкек шаары | 15 | 16,2 | 10 | 12,4 | 0 | 0 |
9 | Ош шаары | 3 | 1,3 | 5 | 8,4 | 0 | 0 |
25-таблица
2014-2016-жылдарда категориялар боюнча үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды бөлүштүрүү
п/п | Категориялар | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | |||
Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражат | ||
1 | Мектептер | 138 | 175,1 | 167 | 305,2 | 77,0 | 113,7 |
2 | Бала бакчалар | 62 | 89,3 | 88 | 159,2 | 45,0 | 72,1 |
3 | Маданий маанидеги объекттер | 26 | 32,1 | 52 | 96,3 | 26,0 | 45,2 |
4 | Спорттук маанидеги объекттер | 24 | 26,9 | 31 | 61,2 | 19,0 | 36,8 |
5 | Саламаттык сактоо объекттери | 7 | 6,4 | 4 | 6,1 | 23,0 | 34,4 |
6 | Инженердик-коммуникациялык инфраструктура | 31 | 43,5 | 39 | 60,4 | 17,0 | 30,6 |
7 | Административдик маанидеги объекттер жана башкалар | 22 | 22,7 | 14 | 22,3 | 12,0 | 21,7 |
| Бардыгы | 310 | 396,0 | 395 | 710,7 | 219,0 | 354,5 |
Дем берүүчү гранттарга 2018-жылы 500,0 млн. сом, 2019-жылы - 600,0 млн. сом, 2020-жылы - 700,0 млн. сом багыттоо болжолдонууда.
6.3. Тышкы каржылоо (кредиттер жана гранттар)
Мамлекеттик инвестицияларга чыгашаларды орточо мөөнөттүү пландоо, анын ичинде Мамлекеттик инвестициялар (МИ) алкагында ишке ашырылган долбоорлорду тышкы каржылоодогу муктаждыктар Өнүктүрүү бюджетин пландоо процессинин алкагында жыл сайын ишке ашырылат, анын жүрүшүндө ошондой эле келерки эки жылга финансылык ресурстарда муктаждыктар бааланат. Мында, тышкы каржылоо бөлүгүндө дагы, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен долбоорлорду кош каржылоодо да өнүктүрүүнүн тармактык программалары жана ресурстук чектөөлөр көңүлгө алынат.
2015-2016-жылдар үчүн мамлекеттик инвестицияларды ишке ашырууну кыскача баяндоо. 2015-2016-жж. мезгилинде МИ долбоорлорун каржылоо негизинен тышкы карыз алуулардын жана гранттардын эсебинен жүргүзүлгөн.
МИ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 2015 жана 2016-жылдар аралыгындагы мезгилде тышкы карыз алуулардын жана гранттардын каражаттарын жылдык орточо пайдалануу 21780,1 млн. сомду түзгөн (салыштыруу үчүн 2015-2015-жж. - 21940,7 млн. сом).
Азия Өнүктүрүү банкы (АӨБ), Дүйнөлүк банк (ДБ), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕКӨБ), Германия Өкмөтү, Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген каражаттар МИПти тышкы каржылоонун негизги булактары болуп саналат. Бул мезгилде АӨБ каржылоосу тышкы каржылоонун жалпы суммасынан 12,2%, ДБ үлүшү - 5,8%, ЕКӨБ - 1,9%, ИӨБ - 5,4%, Германия Өкмөтү - 3,3%, КЭР - 66,1% жана башкалар - 4,1%.
2017-жылга МИнин бюджетинин көрсөткүчтөрү. 2017-жылы бардык булактардан мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоо суммасы 40395,6 млн. сомду түзгөн. Ошол эле учурда зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоо үлүшү 39042,1 млн. сомду же каржылоонун жалпы суммасынан 97,0%ды түзгөн, долбоорлорду кош каржылоого 1353,5 млн. сом же каржылоонун жалпы суммасынан 3,0% пайдаланылат.
Бул мезгилде бир кыйла чыгымдар салттуу түрдө экономикалык секторго (энергетика, транспорт, айыл чарбасы, ирригация, айылдарды суу менен жабдуу) туура келет жана 36312,6 млн. сомду же жалпы чыгымдардын 93,0%ын түзгөн. Социалдык секторго 2637,8 млн. сом, алардын ичинен: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 1676,0 млн. сом; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 961,8 млн. сом бөлүү күтүлөт.
2018-2020-жылдарга мамлекеттик инвестициялар саясаты. 2018-2020-жылдарда транспорттук системаны, энергетикалык инфраструктураны, ошондой эле айыл чарбасын, ирригацияны, суу менен жабдууну жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү МИнин маанилүү артыкчылыктары болуп калат.
2018-жылдан баштап 2020-жылдардагы мезгилде бардык булактардан мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун жалпы суммасы 126047,1 млн. сомду түзөт. Мында карыз алуулардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү каржылоонун жалпы суммасынан 121217,0 млн. сомду (каржылоонун жалпы суммасынан 97,0%) түзөт, МИ долбоорлорун кош каржылоого 4830,1 млн. сом (3,0%) колдонулат.
2018-2020-жылдарды экономикалык блок басымдуу ролду ойнойт, ага бардык каржылоонун (115251,0 млн. сом) 91,5%ы тийиштүү болот, Экономикалык блок өзүнө айыл чарбасы, транспорт, энергетика, суу менен жабдуу жана социалдык инфраструктура сыяктуу багыттарды камтыйт, аларга мамлекеттик инвестициялардын олуттуу көлөмү багытталат.
Социалдык секторго бардыгы 9860,0 млн. сом же каржылоонун жалпы көлөмүнөн 7,8% багытталат.
Саламаттык сактоо секторун каржылоонун башкы максаты өлкөнүн калкына саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, оорунун финансылык жүгүн азайтуу, саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана сапатынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле аны оорулууларга бир кыйла багыттуулукка жана бир кыйла ачык-айкындуулукка умтулууга болуп саналат. Жалпы сумма 5435,8 млн. сомду түзөт.
Саламаттык сактоо секторунда төмөнкү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат:
- "Кургак учук - V";
- "Кечиктирилгис медицина улуттук системасын түзүү II";
- "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо III-IV";
- "Энеликти жана балалыкты коргоо IV-V".
Ошондой эле "Бишкек шаарынын тез медициналык жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы үчүн жаңы корпусту куруу" жана "Улуттук госпиталды нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" жаңы долбоорлорун ишке ашыруу пландалууда.
Билим берүү секторунда инвестициялык долбоорлорду 4424,2 млн. сом суммасында каржылоо болжолдонууда. Долбоорлор калктын жакыр жана аялуу катмары үчүн мектепке чейинки сапаттуу билим берүүгө багытталган.
Азия өнүктүрүү банкынын "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" экинчи долбоору кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу системасынын бүтүрүүчүлөрү үчүн киреше алып келүү ишинин жакшыртылган мүмкүнчүлүктөрү аркылуу инклюзивдүү өсүүгө багытталган. Ошондой эле, Азия өнүктүрүү банкынын "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" үчүнчү долбоорун ишке ашыруунун жаңы долбоорун жана "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул Долбоорду ишке ашыруунун максаты билим берүү объекттерин куруу, окуучуларды жана окутуучуларды санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген жана балдарга ыңгайлуу шарттарда окуу процессине жана билим алууга мүмкүндүк берген жаңы ыңгайлуу, башкача айтканда мектеп имараттары жабдуу жана комплектациялоо, коопсуздук боюнча кабыл алынган жалпы ченемдерге ылайык келген мектеп имараттары менен камсыздоо болуп саналат.
Айыл чарбасында төмөнкү инвестициялык долбоорлорду 8240,0 млн. сом суммасында каржылоо каралууда:
"Коомдук үрөн чарбаларын колдоо" (ДБ), "Мал өндүрүүчү жана рынокту өнүктүрүү" (МФСР), "Мал өндүрүүнү жана рынокту өнүктүрүү - 2" (МФСР), "Жайыттарды жана мал өстүрүүнү башкарууну жакшыртуу" (МАР), "КРга айыл чарба техникаларын алып келүүнү каржылоо" (ЕАБР), "Айыл чарба секторундагы долбоорлорду каржылоо жана айыл региондорун өнүктүрүү" (Польша), "Улуттук суу ресурстарын башкаруу-Фаза 1" (МАР-СЕКО), "Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана тамак-ашты жакшыртуу" (Айыл чарбасы жана тамак-аш коопсуздугу боюнча глобалдык фонд), ошондой эле "Агрокаржылоого кошулган нарк чынжырчасы" (ЕИБ, КфВ), "Рынокко кирүүнү камсыздоо" (ДБ) жана башкалар.
Айыл чарбасындагы долбоорлор бир кыйла өнүмдүү, пайдалуу жана туруктуу мал жана өсүмдүк өстүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга жана ирригациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө, сугат жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында суу ресурстарын башкарууга багытталган.
Бул мезгилде транспорт секторунда 63366,6 млн. сом жалпы суммадагы бир кыйла ири долбоорлор ишке ашырылат.
"Тараз-Талас-Суусамыр III автожолун реконструкциялоо" (ИБР, СФР), "Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо" (ИБР, СФР, КФАЭР, Фонд ОПЭК, ФР А-Д) долбоорлору, "ЦАРЭС 3 коридорун жакшыртуу" долбоору (Бишкек-Ош автожолу, Бишкек - Кара-Балта участогу) Фаза 4 (АБР), "БАдагы жолдорду жашыртуу" (Ош-Худжант жолу) (ДБ), "Түндүк-Түштүк Фаза 1 жана Фаза 2" альтернативдүү жолун куруу" долбоору (КЭР), "ЦАРЕС 1 жана ЦАРЕС 3 транспорттук коридорлорунун ортосундагы бириктирүү жолдорунун долбоору (АБР), "Негизги эл аралык жолдорду жакшыртуу" (JICA), "Бишкек-Ош автожолун жакшыртуу Фаза 4" (ЕАБР) жана башкалар, кийин жүргүнчүлөр жана жүк ташууларда өскөн талапты камсыздайт. "Балыкчы - Ананьево - Каракол" (ИБР) жана "Арал-Суусамыр автожолун реабилитациялоо" (ЕАБР) жаңы долбоорлорун ишке ашырууну баштоо пландалууда.
Олуттуу чыгашалар энергетика секторуна - 26289,0 млн. сом туура келет. Энергетикалык сектордо "Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун экинчи фазасы" (АӨБ, ЕАБР) "Энергетика секторун өнүктүрүү" (АӨБ), "Энергетика секторун реабилитациялоо" (АӨБ), "Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо" (КЭР), "Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо" (Швейцария), "Электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимин жогорулатуу" (ДБ) жана башка долбоорлор ишке ашырылат. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасында энергетика секторунун абалын жакшыртууга олуттуу түрдө мүмкүнчүлүк берет жана коңшу мамлекеттер арасында электр энергияларын алмашууну, ошондой эле транзиттик агымдарды көбөйтүүгө жагымдуу негизди түзөт. "Токтогул ГЭСин реконструкциялоо Фаза 3" (АБР, ЕАБР), "CASA-1000" долбоору (ДБ, ЕИБ, ИБР), "Камбарата ГЭС-2В экинчи агрегатын ишке киргизүү" (ЕАБР), "Үч-Курган ГЭСин реабилитациялоо" (АБР) жана башкалар сыяктуу жаңы долбоорлорду ишке ашыруу белгиленүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 7857,4 млн. сом жалпы суммасындагы каржылоонун олуттуу көлөмү каралган. "Бишкек шаарын суу менен жабдууну жакшыртуу 2" (ЕБРР-СЕКО), "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын жакшыртуу" (ЕБРР-СЕКО), "Талас шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (ЕБРР-СЕКО), "Кант шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (ЕБРР-СЕКО), "Бишкек шаарынын катуу калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" (ИФЦА-ЕБРР) долбоорлорун ишке ашыруу улантылууда. "Ош шаарынын катуу калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" (ИФЦА, ЕИБ, ЕБРР), "Жалал-Абад шаарынын катуу калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" (ИФЦА, ЕИБ, ЕБРР), "Токмок шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (СЕКО-ЕБРР), "Кара-Балта шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (ЕБРР), "Баткен шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (ИФЦА, ЕБРР), "Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо" (СЕКО-ЕБРР), "Ош шаарынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо Фаза-2" (ЕБРР, ИФЦА, ЕИБ), Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Чолпон-Ата, Балыкчы, Токтогул шаарларынын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо жана башкалар жаңы долбоорлорун ишке ашырууну баштоо белгиленүүдө.
Суу секторундагы мамлекеттик инвестициялардын негизги максаты - сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо аркылуу жакшы натыйжаларга жетишүү жана калктын саламаттыгын бекемдөөнү камсыздоо максатында суу менен жабдуу, канализация, санитария жана гигиена жаатындагы аракеттерди координациялоону жана жакшыртууну күчөтүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине 7426,6 млн. сом жалпы суммадагы каржылоонун олуттуу көлөмү каралууда. Төмөнкү долбоорлор ишке ашырылат: Айылдык инвестициялар долбоору - 3 (ВБ), Айылдык инвестициялар долбоору - 3 (КфВ), Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү (ИБР) "Шаарды пландоо жана өнүктүрүү" (ДБ), Айылды суу менен жабдуу жана санитария 3 долбоору (ИБР, ВБ) жана башкалар. Бул агенттиктин долбоорлору экономикалык жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине каржылоо көлөмү 704,6 млн. сомду түзгөн. "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү - 2" долбоорун (АБР) ишке ашырууну баштоо белгиленүүдө. Бул долбоордун алкагында Балыкчы, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында тазалоо курулмаларын реабилитациялоо жана куруу пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпы суммасы 49,6 млн. сом "Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо" (ДБ) долбоору ишке ашырылат, ошондой эле "Жаратылыш кырсыктарынын тобокелчиликтерин башкаруу" жаңы долбоорун (ДБ) ишке ашырууну баштоо пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан жалпы суммасы 328,8 млн. сом "Климат өзгөргөн шартта токой чарбасын башкаруу" долбоору (ДБ) ишке ашырылат. Бул долбоордун максаты башкарууну пландоо инвестициялары, экосистеманы жана инфраструктураны калыбына келтирүү аркылуу токой экосистемаларын туруктуу башкарууну жакшыртуу максатында мамлекеттик мекемелердин жана коомдордун потенциалын бекемдөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан жалпы суммасы 895,0 млн. сом "Digital CASA" долбоору (ДБ) ишке ашырылат.
26-таблица
Тышкы каржылоо
(млн. сом)
МИ | 2015-ж. (факт) | 2016-ж. (факт) | 2017-ж. (баалоо.) | 2018-ж. (болжол) | 2019-ж. (болжол) | 2020-ж. (болжол) |
Гранттар | 2202,9 | 3403,8 | 9511,7 | 11304,5 | 11236,0 | 7519,9 |
Кредиттер | 17185,9 | 20767,5 | 29530,4 | 31356,5 | 31947,1 | 27852,9 |
Бардыгы | 19388,8 | 24171,3 | 39042,1 | 42661,0 | 43183,1 | 35372,8 |
27-таблица
Тышкы каржылоо
(ИДПга карата %)
ИДП | 423635,5 | 458027,4 | 494063,1 | 538134,8 | 589873,1 | 648480,1 |
МИ |
|
|
|
|
|
|
Гранттар | 0,5% | 0,7% | 1,9% | 2,1% | 1,9% | 1,2% |
Кредиттер | 4,1% | 4,5% | 6,0% | 5,8% | 5,4% | 4,3% |
Бардыгы | 4,6% | 5,3% | 7,9% | 7,9% | 7,3% | 5,5% |
28-таблица
Тышкы каржылоону берүү механизми
(миң сом)
МИ | 2015-ж. (факт) | 2016-ж. (факт) | 2017-ж. (баалоо) | 2018-ж. (болжол ) | 2019-ж. (болжол) | 2020-ж. (болжол) |
Тышкы | 19388868,2 | 24171276,9 | 43540014,2 | 42661055,7 | 43183103,2 | 35372800,3 |
Ички | 377311,6 | 504068,6 | 1051597,7 | 1715662,9 | 1554407,2 | 1560025,8 |
Бардыгы | 19766179,8 | 24675345,5 | 44591611,9 | 44376718,6 | 44737510,4 | 36932826,2 |
29-таблица
Тышкы каржылоону берүү механизми
(жалпы мааниден %)
МИ | 2015-ж. (факт) | 2016-ж. (факт) | 2017-ж. (баалоо) | 2018-ж. (болжол) | 2019-ж. (болжол) | 2020-ж. (болжол) |
Тышкы | 98,1% | 98,0% | 97,6% | 96,1% | 96,5% | 95,8% |
Ички | 1,9% | 2,0% | 2,4% | 3,9% | 3,5% | 4,2% |
Бардыгы | 100,0% | 100,0% | 100,0% | 100,0% | 100,0% | 100,0% |
30-таблица
Тышкы каржылоонун деталдуу болжолу
(млн. сом)
МИ | 2015-ж. (факт) | 2016-ж. (факт) | 2017-ж. (баалоо) | 2018-ж. (болжол) | 2019-ж. (болжол) | 2020-ж. (болжол) |
Чет мамлекеттердин өкмөттөрүнөн | 13051,2 | 17816,6 | 16409,9 | 18888,5 | 10758,3 | 10523,1 |
Эл аралык уюмдардан | 6337,6 | 6354,7 | 22632,2 | 23772,6 | 33424,8 | 24849,7 |
7. Бюджеттик мекемелердин эмгек акысын реформалоо
2013-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө бир катар реформалар жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.06.2013-жылдагы № 384 токтому менен эмгек акыга карата мамилелерди бирдейлештирүүгө жана өлчөмү реалдуу салымдарга, натыйжалуулукка жана кызматкерлердин квалификациясына жараша акы төлөө системасына өтүүгө негизделген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысынын жаңы системасы киргизилген.
Белгиленген милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акы системасын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жаңы реестрлерин, кызмат орундарына карата типтүү квалификациялык талаптарды, типтүү кызматтык нускамаларды, натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрүн жана эмгек акы төлөөнүн торчосунун моделин пайдалануу менен иштерди баалоо системасын өркүндөтүү программасы иштелип чыккан.
Эмгек акы төлөө системасынын жаңыланган модели мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин реестрине байланыштуулугу, эмгек акынын өлчөмүн аныктоодо ыкмалардын бирдейлиги жана системалуулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда эмгек акынын деңгээлин оңтойлоштуруу, бардык башкаруу органдары үчүн бирдиктүү базаны колдонуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжасына тикелей көз карандылыгы менен мурдагылардан айырмаланат.
Ар кандай мамлекеттик башкаруу органдарында жана бюджеттик уюмдарда эмгек акынын олуттуу айырмаланышынын себебинен бардык мамлекеттик органдарды бир учурда эмгек акынын жаңы системасына которууга мүмкүнчүлүк жок, тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу менен этап боюнча чечүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен 2014-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсияларынын өлчөмүн бирдейлештирүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай маяналарын бирдейлештирүү камсыздалган. 2014-жылдын 1-мартына чейин аскер кызмачыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай маянасынын курамы жана түзүмү айырмаланган: айрым күч ведомстволорунда акчалай маянанын базалык бөлүгү (кызматтык маяна) аз болгон, үстөк акылар жана төлөмдөр орточо айлык акчалай маянанын бир кыйла салыштырмалуу салмагын түзгөн, ошол учурда башкаларда кызматтык маяналар жалпы акчалай маянанын бир кыйла көп бөлүгүн түзөт.
Буга байланыштуу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай маянасын реформалоонун алкагында бардык күч түзүмдөрү үчүн акчалай маянанын жана акчалай маянанын кошумча түрлөрүнүн бирдиктүү курамы бекитилген.
Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын акчалай күтүүнүн жаңы шарттары республика боюнча орточо 37%га аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай маянасынын түзүмүн өзгөртүүнү жана көбөйтүүнү карайт. Ошол эле учурда ар бир ведомстводо орточо акчалай маянаны көбөйтүү акчалай күтүүнүн мурда белгиленген өлчөмдөрүнө жана акчалай курамдын шарттарына жараша болот. Ички иштер, өзгөчө кырдаалдар органдарында, жаза аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдарында жана мекемелеринде иштеген пенсионерлердин кызматтык маяналарынын жогоруда аталган көбөйүшүнө байланыштуу пенсиялары орточо 2 эсеге көбөйгөн.
Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин акчалай үлүшүнүн системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
2015-жылдан тартып реалдуу секторунун кызматкерлеринин, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге кирбеген кызматкерлердин башка категорияларынын эмгек акылары бул секторлордун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен бекитилген. Бул жааттагы иш эмгек акы шарттары боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоого жана бул секторлордун саны боюнча укуктук ченемдерди иретке салууга багытталган.
Эмгек акы фондунун чыгымдарын башкаруу бюджеттик чыгымдардын жалпы туруктуулугун камсыздоо контекстиндеги өтө маанилүү аспект болуп саналат. Эмгек акыга чыгымдар мамлекеттик сектордун чыгымдарынын жалпы көлөмүнөн 30%ды түзөт, бул болжолдуу түрдө ИДПнын 10 пайызына эквиваленттүү болот. Ошондой эле алар өзүнчө чыгымдардын олуттуу беренеси болуп саналат, мамлекеттик сектордогу эмгек акы төлөө фондунун чыгымдарына узак мөөнөттүү бюджеттик милдеттенмелер да кирет, аларды жөнгө салуу өзгөчө татаалдыкты пайда кылат.
Кыргыз Республикасындагы эмгек акы төлөө фондунун чыгымдарын башкаруу бюджеттик чыгымдардын жалпы туруктуулугун камсыздоодо маанилүү аспект болуп саналат. Буга байланыштуу негизги милдеттер төмөнкүлөр:
- эмгек акыга чыгымдардын натыйжалуулугун жана контролдугун жогорулатуу;
- жалпы максаттуу бюджеттик көрсөткүчтөр менен эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү саясат чараларын макулдашуу;
- мамлекеттик сектордо болжолдонгон эмгек акы динамикасы.
Мамлекеттик сектордо эмгек акы төлөө фондусундагы туруктуулукка жетишүү үчүн Мамлекеттик сектордо эмгек акы төлөө фондусун ИДПга карата азайтуу боюнча чаралар планын даярдоо пландалууда, ал өзүнө төмөнкү негизги чараларды камтыйт:
- функционалдык жана ведомстволук классификация боюнча бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин санын автоматташтыруу;
- кийин штаттык санын жана эмгек акы фондун оптималдаштыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу менен секторлор боюнча бюджеттик мекемелердин толук функционалдык обзору;
- бюджеттик мекемелерде эмгек акы төлөө фондун (эмгек акы төлөө фондунун эрежелери) пландоо боюнча нускамаларды иштеп чыгуу;
- эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо;
- маалымат системасын адам ресурстарына ишке киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долборлорун даярдоо;
- бюджеттик параметрлери менен макулдашылган мамлекеттик сектордо эмгек акыны жогорулатуу планын даярдоо;
- 2020-жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча реформаларды улантуу.
2018-жылга карата алгачкы учурдагы чыгымдардын азайышы күтүлүүдө, мамлекеттик сектордогу эмгек акы төлөө фондун кыскартуунун эсебинен өзүнчө жетишилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЭВФ ортосундагы меморандумга ылайык түзүмдүк көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн 2017-2018-жылдарга ИДП болжолдуу көрсөткүчтөрүн эске алуу менен бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы фондун кармоо боюнча айрым иштер жүргүзүлүүдө.
Эмгек акыны көбөйтүү маселесине карата системалык эмес ыкма мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын туруктуу көбөйтүүнү талап кылат.
Эмгек акы төлөөгө туруктуу чыгымдарды көбөйтүү тууралуу чечимди кирешелердин туруктуу булактарын көбөйтүү менен байланыштыруу зарыл.
Бул максаттарга жетишүү жана чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана туруктуу бюджеттик позицияны колдоо үчүн бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында үстөк акыларды кошкондо эмгек акыга байланышкан чыгымдарды консолидациялоо боюнча айрым иштер жүргүзүлүүдө, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүүнү эске алуу менен 2018-жылы ФОТ 8,8% ИДПны түзүүсү үчүн эмгек акы фондун реформалоо боюнча бир кыйла чаралар көрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсүнө байланыштуу ЕАЭСке кирүү боюнча макулдашуулардан келип чыккан техникалык регламенттердин жана Кыргыз Республикасынын алган милдеттенмелердин негизинде ЕАЭС милдеттенмелери боюнча милдеттерди чечүү үчүн алардын функциясына ЕАЭСке мүчө-өлкөлөрдө товарларды (азык-түлүк, айыл чарба) экспорттоону жана импорттоону ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү кирген лабораториялык кызматкерлердин, региондук деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акы фондун көбөйтүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маселе чечилет. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча сумма 1,5-1,9 млрд. сомду түзөт.
1-таблица. Мамлекеттик сектордун ресурстарынын структурасы
млн. сом
| 2016 факт | 2017 бекит. | 2018 болжол | 2019 болжол | 2020 болжол |
МАМЛЕКЕТТИК СЕКТОРДУН РЕСУРСТАРЫНЫН СТРУКТУРАСЫ |
|
|
|
|
|
Мамбюджеттин кирешелеринин жана чыгымдарынын жалпы суммасы | 130569,6 | 140932,5 | 151689,8 | 154544,4 | 156998,3 |
Мамбюджеттин кирешелери (атайын каражатты кошкондо) | 120692,5 | 127996,6 | 137782,6 | 143308,4 | 149478,4 |
Атайын каражаттар | 12546,9 | 9640,7 | 11366,5 | 11238,3 | 11338,8 |
Гранттар(1) | 9877,1 | 12935,9 | 13907,2 | 11236,0 | 7519,9 |
+Социалдык фонддун кирешелери (МСны кошкондо) | 44700,4 | 45937,5 | 50654,9 | 52739,9 | 54888,8 |
+ Кош төлөм | 230,7 | 429,6 | 429,7 | 432,3 | 434,0 |
+ Каржылоо | 20878,1 | 23321,9 | 23784,0 | 15555,4 | 12057,3 |
Таза жаңы ички зайымдар | 1694,3 | -3695,4 | -1375,0 | -6020,2 | -3743,5 |
Таза жаңы тышкы зайымдар | 19183,8 | 27017,3 | 25159,0 | 21575,6 | 15800,8 |
каржылоодогу кошумча керектөө | 0,0 | 0 | 0,0 | 7145,8 | 7916,6 |
ЧЫГЫМДАРДЫН ЖАЛПЫ СУММАСЫНЫН СТРУКТУРАСЫ | 196378,9 | 210621,6 | 226558,4 | 223271,9 | 224378,4 |
Социалдык фонддун чыгымдары (МС жана кош төлөмдү кошкондо) | 42312,3 | 45935,7 | 49371,7 | 52106,5 | 54875,0 |
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары | 151447,7 | 164254,4 | 175473,8 | 170099,8 | 169055,6 |
Карызды тейлөө(2) | 5151,7 | 6227,3 | 6811,7 | 7520,8 | 7673,7 |
Инвестициялар | 25407,6 | 30131,2 | 36611,3 | 36716,5 | 34579,9 |
Тышкы | 13317,3 | 25377,7 | 31395,7 | 31562,1 | 29319,8 |
Ички(3) | 12090,2 | 4753,5 | 5215,7 | 5154,4 | 5260,0 |
а.и. МИни кош каржылоо | 499,0 | 1353,5 | 1715,7 | 1554,4 | 1560,0 |
Атайын каражаттарды чыгымдоо | 12532,0 | 9632,5 | 11366,5 | 11238,3 | 11338,8 |
Мамлекеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары(4) | 108356,5 | 118263,5 | 120684,3 | 114624,2 | 115463,2 |
Эскертүү:
(1) МИге тышкы гранттарды камтыйт.
(2) Ички жана тышкы карыз боюнча.
(3) МИни ички кош каржылоону жана капиталды классификацияланбаган ички инвестицияларды камтыйт.
(4) Атайын каражаттарды кошпогондо.
2-таблица. 2016-2020-жылдарга маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөр
| 2016 болж. факт | 2017 болжол | 2018 болжол | 2019 болжол | 2020 болжол |
Номиналдуу ИДП (млн. сом) | 458027,4 | 494063,1 | 538134,8 | 589873,1 | 648480,1 |
Анык өсүү арымы (%) | 3,8 | 3,5 | 3,6 | 4,8 | 5,2 |
ИДПнын дефлятору (%) | 2,5 | 4,3 | 5,2 | 4,6 | 4,5 |
Инфляция (өткөн жылдын декабрына карата КБИ) (%) | -0,5 | 4,3 | 5,7 | 5,1 | 4,5 |
Сом/USD алмашуу курсу | 69,9 | 69,6 | 71,6 | 73,8 | 75,9 |
3-таблица. Ички кирешелердин көрсөткүчтөрү, 2016-2020-жж.
| 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 |
| болж. факт | бекит. | болжол | болжол | болжол |
(млн. сом) | |||||
Кирешелердин жана гранттардын бардыгы | 130569,6 | 140932,5 | 151689,8 | 154544,4 | 156998,3 |
өткөн жылга карата % менен | 101,8 | 107,9 | 107,6 | 101,9 | 101,6 |
Кирешелердин бардыгы | 120692,5 | 127996,6 | 137782,6 | 143308,4 | 149478,4 |
өткөн жылга карата % менен | 101,4 | 106,1 | 107,6 | 104,0 | 104,3 |
Салыктык түшүүлөр | 93810,0 | 105294,1 | 114779,1 | 120663,8 | 126619,9 |
өткөн жылга карата % менен | 110,8 | 112,2 | 109,0 | 105,1 | 104,9 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 26882,5 | 22702,5 | 23003,5 | 22644,6 | 22858,5 |
өткөн жылга карата % менен | 78,3 | 84,5 | 101,3 | 98,4 | 100,9 |
Атайын каражаттар | 12546,9 | 9640,7 | 11366,5 | 11238,3 | 11338,8 |
Атайын каражаттарды кошпогондо салыктык эмес түшүүлөр | 14335,6 | 13061,9 | 11637,0 | 11406,3 | 11519,7 |
Расмий трансферттер | 9877,1 | 12935,9 | 13907,2 | 11236,0 | 7519,9 |
өткөн жылга карата % менен | 106,1 | 131,0 | 107,5 | 80,8 | 66,9 |
а.и. МИ гранттары | 3403,8 | 9511,7 | 11304,5 | 11236,0 | 7519,9 |
(ИДП%) | |||||
Кирешелердин жана гранттардын бардыгы | 28,5 | 28,5 | 28,2 | 26,2 | 24,2 |
Кирешелердин бардыгы | 26,4 | 25,9 | 25,6 | 24,3 | 23,1 |
Салыктык түшүүлөр | 20,5 | 21,3 | 21,3 | 20,5 | 19,5 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 5,9 | 4,6 | 4,3 | 3,8 | 3,5 |
Атайын каражаттар | 2,7 | 2,0 | 2,1 | 1,9 | 1,7 |
Атайын каражаттарды кошпогондо салыктык эмес түшүү | 3,1 | 2,6 | 2,2 | 1,9 | 1,8 |
Расмий трансферттер | 2,2 | 2,6 | 2,6 | 1,9 | 1,2 |
а.и. МИ гранттары | 0,7 | 1,9 | 2,1 | 1,9 | 1,2 |
4-таблица. Бюджеттин тартыштыгын каржылоо
| 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 |
| болж. факт | бекит. | болжол | болжол | болжол |
(млн. сом) | |||||
Ички каржылоо(1) | 1694,3 | -3695,4 | -1375,0 | -6020,2 | -3 743,5 |
Ички булактардан түшүүлөр | 11444,5 | 3051,4 | 9000,6 | 5104,8 | 10658,4 |
өткөн жылга карата % менен | -255,3 | 26,7 | 295,0 | 56,7 | 208,8 |
МБКдан түшүүлөр | 15993,7 | 11000,0 | 15500,0 | 14500,0 | 14 500,0 |
КРӨ эсебиндеги калдыктар | 7255,3 | 2899,2 | 1806,4 | 0,0 | 0,0 |
менчиктештирүү | 0,0 | 150,0 | 800,0 | 550,0 | 550,0 |
фин. активдерди сатып алуу | -647,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
бюджеттик ссудалар | -11157,5 | -10997,8 | -9105,8 | -9945,2 | -4 391,6 |
берүү | 14243,5 | 13672,6 | 11265,4 | 11621,0 | 6 053.0 |
тындыруу | 3086,1 | 2674,8 | 2159,6 | 1675,8 | 1661,4 |
Ички карыздын негизги суммасын тындыруу | 9750,2 | 6746,8 | 10375,6 | 11125,0 | 14401,9 |
өткөн жылга карата % менен | 172,1 | 69,2 | 153,8 | 107,2 | 129,5 |
Тышкы каржылоо | 19183,8 | 27017,3 | 25159,0 | 21575,6 | 15800,8 |
Тышкы булактар (МИ) | 20767,5 | 29530,4 | 31356,5 | 31947,1 | 27852,9 |
өткөн жылга карата % менен | 120,9 | 142,2 | 106,2 | 101,9 | 87,2 |
Төлөм балансын колдоо | 4239,4 | 4569,2 | 1994,1 | 0,0 | 0,0 |
өткөн жылга карата % менен | 112,5 | 107,8 | 43,6 | 0,0 | 0,0 |
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу | 5823,1 | 7082,3 | 8191,6 | 10371,6 | 12052,1 |
өткөн жылга карата % менен | 125,1 | 121,6 | 115,7 | 126,6 | 116,2 |
Кошумча ресурстардагы керектөө |
|
| 0,0 | 7145,8 | 7916,6 |
БАРДЫГЫ | 20878,1 | 23321,9 | 23784,0 | 22701,2 | 19973,8 |
(ИДПга карата %) | |||||
Ички каржылоо(1) | 0,4 | -0,7 | -0,3 | -1,0 | -0,6 |
Ички булактардан түшүүлөр | 2,5 | 0,6 | 1,7 | 0,9 | 1,6 |
МБКдан түшүүлөр | 3,5 | 2,2 | 2,9 | 2,5 | 2,2 |
ЦФСБ каражаттарын пайдалануу | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
КРӨ эсебиндеги калдыктар | 1,6 | 0,6 | 0,3 | 0,0 | 0,0 |
менчиктештирүү | 0,0 | 0,0 | 0,1 | 0,1 | 0,1 |
фин. активдерди сатып алуу | -0,1 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
бюджеттик ссудалар | -2,4 | -2,2 | -1,7 | -1,7 | -0,7 |
Ички карыздын негизги суммасын тындыруу | 2,1 | 1,4 | 1,9 | 1,9 | 2,2 |
Тышкы каржылоо | 4,2 | 5,5 | 4,7 | 3,7 | 2,4 |
Тышкы булактар (МИ)(*) | 4,5 | 6,0 | 5,8 | 5,4 | 4,3 |
Төлөм балансын колдоо | 0,9 | 0,9 | 0,4 | 0,0 | 0,0 |
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу | 1,3 | 1,4 | 1,5 | 1,8 | 1,9 |
Кошумча ресурстардагы керектөө | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,2 | 1,2 |
БАРДЫГЫ | 4,6 | 4,7 | 4,4 | 3,8 | 3,1 |
5-таблица. ФСНБнин ресурстары жана чыгымдары
(млн. сом)
| 2016 болж. факт | 2017 бекит. | 2018 болжол | 2019 болжол | 2020 болжол |
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 151447,7 | 164254,4 | 175473,8 | 177245,6 | 176972,2 |
өткөн жылга карата % менен | 112,6 | 108,5 | 106,8 | 101,0 | 99,8 |
Жалпы кирешелер жана алынган расмий трансферттер | 130569,6 | 140932,5 | 151689,8 | 154544,4 | 156998,3 |
өткөн жылга карата % менен | 101,8 | 107,9 | 107,6 | 101,9 | 101,6 |
Учурдагы кирешелер | 120,692,5 | 127996,6 | 137782,6 | 143308,4 | 149478,4 |
Салыктык түшүүлөр | 93810,0 | 105294,1 | 114779,1 | 120663,8 | 126619,9 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 26882,5 | 22702,5 | 23003,5 | 22644,6 | 22858,5 |
МИни кош карж. алынган расмий трансферттер | 9877,1 | 12935,9 | 13907,2 | 11236,0 | 7519,9 |
Каржылоо | 20878,1 | 23321,9 | 23784,0 | 22701,2 | 19973,8 |
Ички каржылоо | 1 694,3 | -3 695,4 | -1 375,0 | -6 020.2 | -3743,5 |
Тышкы каржылоо | 19 183,8 | 27017,3 | 25 159,0 | 21 575,6 | 15800,8 |
кошумча керектөө | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 7145,8 | 7916,6 |
Мамбюджеттин ресурстары | 151447,7 | 164254,4 | 175473,8 | 177245,6 | 176972,2 |
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары | 151447,7 | 164254,4 | 175473,8 | 177245,6 | 176972,2 |
өткөн жылга карата % менен | 112,6 | 108,5 | 106,8 | 101,0 | 99,8 |
Учурдагы чыгымдар | 129129,4 | 134123,3 | 138862,5 | 140529,1 | 142392,3 |
өткөн жылга карата % менен | 119,8 | 103,9 | 103,5 | 101,2 | 101,3 |
Капиталдык чыгымдар | 22318,3 | 30131,2 | 36611,3 | 36716,5 | 34579,9 |
өткөн жылга карата % менен | 83,6 | 135,0 | 121,5 | 100,3 | 94,2 |
Мамлекеттик инвестициялар (МИ) | 13816,3 | 26731,2 | 33111,3 | 33116,5 | 30879,9 |
каржылоонун тышкы булактарынын эсебинен МИ (гранттар менен) | 13317,3 | 25377,7 | 31395,7 | 31562,1 | 29319,8 |
ички кош каржылоо | 499,0 | 1353,5 | 1715,7 | 1554,4 | 1560,0 |
Ички булактардан капиталдык чыгымдар | 9001,0 | 4753,5 | 5215,7 | 5154,4 | 5260,0 |
өткөн жылга карата % менен | 57,2 | 52,8 | 109,7 | 98,8 | 102,0 |
а.и. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдар | 8147,4 | 2900,0 | 3000,0 | 3000,0 | 3000,0 |
Мамкарыз боюнча пайыздарды төлөө | 5151,7 | 6227,3 | 6811,7 | 7520,8 | 7673,7 |
тышкы карыз боюнча пайыздар | 3357,0 | 4040,6 | 4245,1 | 4742,7 | 5169,3 |
ички карыз боюнча пайыздар | 1794,7 | 2186,7 | 2566,6 | 2778,1 | 2504,4 |
Атайын каражаттар боюнча чыгымдар | 12532,0 | 9632,5 | 11366,5 | 11238,3 | 11338,8 |
СФны эсепке албаганда мамлекеттик бюджеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары | 111445,7 | 118263,5 | 120684,3 | 121770,0 | 123379,8 |
| 120,8 | 106,1 | 102,0 | 100,9 | 101,3 |
ИДП % | |||||
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 33,1 | 33,2 | 32,6 | 30,0 | 27,3 |
Жалпы кирешелер жана алынган расмий трансферттер | 28,5 | 28,5 | 28,2 | 26,2 | 24,2 |
Учурдагы кирешелер | 26,4 | 25,9 | 25,6 | 24,3 | 23,1 |
Салыктык түшүүлөр | 20,5 | 21,3 | 21,3 | 20,5 | 19,5 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 5,9 | 4,6 | 4,3 | 3,8 | 3,5 |
Алынган расмий трансферттер(*) | 2,2 | 2,6 | 2,6 | 1,9 | 1,2 |
Каржылоо | 4,6 | 4,7 | 4,4 | 3,8 | 3,1 |
кошумча керектөө | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,2 | 1,2 |
Мамбюджеттин ресурстары | 33,1 | 33,2 | 32,6 | 30,0 | 27,3 |
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары | 33,1 | 33,2 | 32,6 | 30,0 | 27,3 |
Учурдагы чыгымдар | 28,2 | 27,1 | 25,8 | 23,8 | 22,0 |
Капиталдык чыгымдар | 4,9 | 6,1 | 6,8 | 6,2 | 5,3 |
МИ каржылоонун тышкы булактарынын эсебинен (гранттар менен) | 2,9 | 5,1 | 5,8 | 5,4 | 4,5 |
ички кош каржылоо | 0,1 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,2 |
Ички булактардан капиталдык чыгымдар | 2,0 | 1,0 | 1,0 | 0,9 | 0,8 |
а.и. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдар | 1,8 | 0,6 | 0,6 | 0,5 | 0,5 |
Мамкарыз боюнча пайыздарды төлөө | 1,1 | 1,3 | 1,3 | 1,3 | 1,2 |
тышкы карыз боюнча пайыздар | 0,7 | 0,8 | 0,8 | 0,8 | 0,8 |
ички карыз боюнча пайыздар | 0,4 | 0,4 | 0,5 | 0,5 | 0,4 |
Атайын каражаттар боюнча чыгымдар | 2,7 | 1,9 | 2,1 | 1,9 | 1,7 |
Мамлекеттик бюджеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары | 24,3 | 23,9 | 22,4 | 20,6 | 19,0 |
6-таблица. 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин секторлор боюнча чыгымдарынын болжолу
6-таблицанын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
7-таблица. 2018-2020-жылдарга административдик ведомстволор боюнча контролдук цифралар (атайын каражат э.а.)
Код | Наименование | 2018 | % к 2017 | 2019 | % к 2018 | 2020 | % к 2019 |
11 | КР Жогорку Кеңеши | 786617,6 | 99,2 | 797449,7 | 101,4 | 800507,4 | 100,4 |
12 | КР Президентинин Аппараты | 168112,3 | 100,0 | 168928,9 | 100,5 | 169482,4 | 100,3 |
13 | КР Президентинин архиви | 5509,7 | 100,0 | 5542,3 | 100,6 | 5564,4 | 100,4 |
14 | КР Өкмөтүнүн Аппараты | 236730,7 | 100,0 | 237952,9 | 100,5 | 238781,4 | 100,3 |
15 | КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш Башкармасы | 443282,5 | 73,0 | 446872,3 | 100,8 | 448924,9 | 100,5 |
16 | КР Жогорку соту | 1622572,3 | 119,8 | 1810452,5 | 111,6 | 1952672,0 | 107,9 |
17 | КР Эсептөө палатасы | 254719,6 | 100,0 | 256225,5 | 100,6 | 257246,4 | 100,4 |
18 | КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | 181743,7 | 100,0 | 182818,2 | 100,6 | 183546,6 | 100,4 |
19 | КР Башкы прокуратурасы | 586084,5 | 100,0 | 589521,1 | 100,6 | 591869,9 | 100,4 |
20 | КР Аскер прокуратурасы | 23743,0 | 100,0 | 23883,4 | 100,6 | 23978,5 | 100,4 |
21 | КР Омбудсмен (Акыйкатчы) Аппараты | 31603,7 | 100,0 | 31790,5 | 100,6 | 31917,2 | 100,4 |
22 | КР Юстиция министрлиги | 138132,1 | 100,0 | 138948,7 | 100,6 | 139502,3 | 100,4 |
23 | КР Тышкы иштер министрлиги | 1388879,2 | 100,0 | 1397090,4 | 100,6 | 1402656,8 | 100,4 |
24 | Резервдик жана башка аймактык фонддор | 209404,0 | 109,3 | 209404,0 | 100,0 | 209404,0 | 100,0 |
25 | КР Финансы министрлиги | 473431,2 | 100,0 | 476230,2 | 100,6 | 478127,6 | 100,4 |
26 | КР Финансы министрлиги (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр) | 21324474,2 | 105,1 | 19773109,3 | 92,7 | 19154890,1 | 96,9 |
27 | Маалыматтык технологиялык улуттук борбору | 3000,7 | 100,0 | 3018,4 | 100,6 | 3030,4 | 100,4 |
28 | КР Экономика министрлиги | 431645,7 | 98,2 | 434235,5 | 100,6 | 435972,5 | 100,4 |
32 | КРӨгө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | 1187755,1 | 100,0 | 1194777,2 | 100,6 | 1199537,5 | 100,4 |
34 | КР Билим берүү жана илим министрлиги | 20686335,5 | 99,8 | 20808769,1 | 100,6 | 20891766,5 | 100,4 |
35 | КРӨгө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы | 118355,4 | 100,0 | 119055,1 | 100,6 | 119529,5 | 100,4 |
36 | КРӨгө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 9375314,4 | 100,0 | 9430742,3 | 100,6 | 9468317,0 | 100,4 |
37 | КР Саламаттык сактоо министрлиги | 2468660,8 | 100,8 | 2483137,7 | 100,6 | 2492951,5 | 100,4 |
38 | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 9025269,3 | 100,0 | 9078628,0 | 100,6 | 9114799,7 | 100,4 |
39 | КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы | 13696,1 | 9,3 | 13353,4 | 97,5 | 12694,4 | 95,1 |
40 | "Согуштун, эмгек, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана КР тылдын эмгекчилеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмеси | 739,4 | 97,7 | 739,4 | 100,0 | 739,4 | 100,0 |
41 | КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | 1711553,4 | 100,0 | 1721672,3 | 100,6 | 1728531,9 | 100,4 |
43 | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 2382819,6 | 99,8 | 2401618,2 | 100,8 | 2411186,8 | 100,4 |
44 | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | 1688759,7 | 100,0 | 1698743,9 | 100,6 | 1705512,1 | 100,4 |
45 | КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 1870184,1 | 100,0 | 1881240,9 | 100,6 | 1888736,3 | 100,4 |
46 | Жерди прикладдык изилдөөнүн Борбордук Азия институту | 37924,0 | 100,0 | 38148,2 | 100,6 | 38300,2 | 100,4 |
47 | КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 871480,2 | 100,0 | 876632,5 | 100,6 | 880125,3 | 100,4 |
48 | КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 571867,9 | 100,0 | 575248,8 | 100,6 | 577540,8 | 100,4 |
49 | "Азиздер жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун" борбордук башкаруусу | 39610,0 | 100,0 | 39844,2 | 100,6 | 40003,0 | 100,4 |
50 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия | 30403,5 | 100,0 | 30583,3 | 100,6 | 30705,1 | 100,4 |
51 | КРӨгө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик | 30706,1 | 100,0 | 30887,6 | 100,6 | 31010,7 | 100,4 |
52 | КРӨгө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги | 661644,6 | 100,0 | 665556,3 | 100,6 | 668208,1 | 100,4 |
53 | КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | 491504,3 | 100,0 | 494410,1 | 100,6 | 496380,0 | 100,4 |
54 | КРӨгө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | 239924,8 | 105,7 | 228460,8 | 95,2 | 229371,1 | 100,4 |
55 | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети | 1508164,6 | 100,0 | 1517081,1 | 100,6 | 1523125,5 | 100,4 |
56 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик | 731526,8 | 103,2 | 735718,6 | 100,6 | 738560,2 | 100,4 |
57 | КР Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду | 92666,4 | 100,0 | 93214,3 | 100,6 | 93585,7 | 100,4 |
58 | КРӨгө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | 22113,7 | 100,0 | 22244,4 | 100,6 | 22333,0 | 100,4 |
59 | КР Мамлекеттик кадр кызматы | 60899,6 | 100,0 | 61259,7 | 100,6 | 61503,7 | 100,4 |
60 | КРӨгө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | 187280,3 | 100,0 | 188387,5 | 100,6 | 189138,1 | 100,4 |
61 | КРӨгө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат | 149679,7 | 110,9 | 150564,6 | 100,6 | 151164,5 | 100,4 |
62 | КРӨгө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы | 538938,9 | 100,0 | 542125,2 | 100,6 | 544285,2 | 100,4 |
63 | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети | 239985,7 | 100,0 | 241404,5 | 100,6 | 242366,4 | 100,4 |
64 | КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия | 25905,9 | 100,0 | 26059,1 | 100,6 | 26162,9 | 100,4 |
66 | КРӨ Соттук өкүлчүлүк борбору | 11402,5 | 100,0 | 11469,9 | 100,6 | 11515,6 | 100,4 |
68 | ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгы | 1045,0 | 100,0 | 1051,2 | 100,6 | 1055,4 | 100,4 |
70 | КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту | 15044,2 | 100,0 | 15133,2 | 100,6 | 15193,5 | 100,4 |
71 | КРӨгө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | 27203,1 | 100,0 | 27363,9 | 100,6 | 27473,0 | 100,4 |
72 | КРӨгө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги | 63803,6 | 100,0 | 64180,8 | 100,6 | 64436,5 | 100,4 |
73 | КРӨгө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы | 65617,4 | 100,0 | 66005,3 | 100,6 | 66268,3 | 100,4 |
74 | КР Улуттук статистика комитети | 221182,9 | 100,0 | 222490,5 | 100,6 | 223377,0 | 100,4 |
75 | КРӨгө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду | 62277,3 | 100,0 | 62645,5 | 100,6 | 62895,1 | 100,4 |
76 | КРӨгө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | 290314,0 | 100,0 | 292030,4 | 100,6 | 293193,9 | 100,4 |
77 | КР Жогорку аттестациялык комиссиясы | 5528,8 | 100,0 | 5561,5 | 100,6 | 5583,7 | 100,4 |
79 | КР Президентине караштуу Коргоо кеңешинин катчылыгы | 18147,8 | 100,0 | 18255,1 | 100,6 | 18327,8 | 100,4 |
80 | КР Улуттук илимдер академиясы | 292469,2 | 100,0 | 294198,3 | 100,6 | 295370,5 | 100,4 |
81 | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы | 142614,3 | 67,8 | 143857,7 | 100,9 | 144700,6 | 100,6 |
82 | Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору | 12467,8 | 100,0 | 12541,6 | 100,6 | 12591,5 | 100,4 |
83 | КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик | 20679,2 | 100,0 | 20801,4 | 100,6 | 20884,3 | 100,4 |
84 | Журналдардын жана гезиттердин редакциялары | 481,3 | 100,0 | 484,2 | 100,6 | 486,1 | 100,4 |
85 | Кыргыз Республикасынын телерадиоберүүчү компаниялары | 602638,8 | 100,0 | 606201,6 | 100,6 | 608616,9 | 100,4 |
88 | КР Социалдык фонду | 19284358,0 | 110,1 | 20351420,0 | 105,5 | 21499852,0 | 105,6 |
8-таблица. Маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөр (салыштыруу)
| 2016-2018-жж. БОБ | 2017-2019-жж. БОБ | четтөө % | |||
2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | |
| 3 | 4 | 5 | 6 | 5/3 | 6/4 |
Номиналдык ИДП (млн. сом) | 544804,1 | 618710,0 | 511067,5 | 567627,5 | 93,8 | 91,7 |
Инфляция (өткөн жылдын декабрына карата ИП | 8,0 | 6,7 | 5,5 | 6,1 | 68,8 | 91,0 |
сом/USD алмашуу курсу | 72,5 | 76,1 | 78,7 | 82,1 | 108,6 | 107,9 |
9-таблица. Ички кирешелердин көрсөткүчтөрү (салыштыруу)
| 2016-2018-жж. БОБ | 2017-2019-жж. БОБ | четтөө % | |||
2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | |
Кирешелердин жана гранттардын бардыгы | 27,6 | 26,0 | 27,4 | 25,1 | 99,3 | 96,6 |
Кирешелердин бардыгы | 25,4 | 24,5 | 24,7 | 23,4 | 97,4 | 95,7 |
Салыктык түшүүлөр | 22,5 | 22,0 | 20,5 | 20,0 | 91,2 | 91,0 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 2,9 | 2,5 | 4,2 | 3,5 | 145,8 | 136,4 |
Атайын каражаттар | 1,8 | 1,6 | 2,6 | 2,4 | 143,6 | 149,1 |
Атайын каражаттарсыз салыктык түшүүлөр | 1,1 | 0,9 | 1,6 | 1,1 | 149,5 | 115,1 |
Расмий трансферттер | 2,3 | 1,5 | 2,7 | 1,7 | 120,2 | 112,3 |
анын ичинде МИнин гранттары | 1,7 | 1,2 | 2,0 | 1,3 | 118,7 | 107,3 |
10-таблица. Бюджеттин тартыштыгын каржылоо (салыштыруу)
| 2016-2018-жж. БОБ | 2017-2019-жж. БОБ | четтөө % | |||
2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | |
Ички каржылоо(1) | -1,6 | -2,0 | -1,3 | -1,7 | 83,1 | 85,1 |
Ички булактардан түшүүлөр | 1,9 | 1,8 | 0,1 | 0,1 | 3,9 | 3,5 |
МБКдан түшүүлөр | 1,7 | 1,6 | 2,1 | 1,9 | 117,8 | 120,2 |
ЦФСБ каражаттарын пайдалануу | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
|
|
КРӨ эсебиндеги калдыктар | 0,2 | 0,2 | 0,4 | 0,3 | 213,2 | 109,0 |
менчиктештирүү | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
|
|
фин. активдерди сатып алуу | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
|
|
бюджеттик ссудалар | -2,2 | -2,4 | -2,4 | -2,1 | 105,8 | 87,7 |
Ички карыздын негизги суммасын тындыруу | 1,3 | 1,5 | 1,4 | 1,8 | 109,0 | 122,6 |
Тышкы каржылоо | 5,9 | 4,4 | 5,7 | 4,2 | 96,8 | 93,9 |
Тышкы булактар (МИ) | 6,7 | 5,7 | 6,3 | 5,3 | 93,8 | 93,0 |
Төлөм балансын колдоо | 0,8 | 0,4 | 1,0 | 0,6 |
|
|
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу | 1,6 | 1,7 | 1,5 | 1,7 | 95,9 | 101,2 |
Кошумча ресурстардагы керектөө | -1,2 | -1,2 | 0,0 | 1,6 |
|
|
БАРДЫГЫ | 3,1 | 1,2 | 4,4 | 4,1 | 141,7 | 333,3 |
11-таблица. БОБдо чыгымдардын консолидацияланган структурасы (салыштыруу)
| 2016-2018-жж. БОБ | 2017-2019-жж. БОБ | четтөө % | |||
2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | 2017 болжол | 2018 болжол | |
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 30,7 | 27,2 | 31,8 | 29,2 | 103,5 | 107,2 |
Жалпы кирешелер жана алынган расмий трансферти | 27,6 | 26,0 | 27,4 | 25,1 | 99,3 | 96,6 |
Учурдагы кирешелер | 25,4 | 24,5 | 24,7 | 23,4 | 97,4 | 95,7 |
Салыктык түшүүлөр | 22,5 | 22,0 | 20,5 | 20,0 | 91,2 | 91,0 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 2,9 | 2,5 | 4,2 | 3,5 | 145,8 | 136,4 |
Алынган расмий трансферттер | 2,3 | 1,5 | 2,7 | 1,7 | 120,2 | 112,3 |
Каржылоо | 3,1 | 1,2 | 4,4 | 4,1 | 141,7 | 333,3 |
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 30,7 | 27,2 | 31,8 | 29,2 | 103,5 | 107,2 |
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары | 30,7 | 27,2 | 31,8 | 29,2 | 103,5 | 107,2 |
Учурдагы чыгымдар | 23,1 | 21,3 | 24,4 | 23,1 | 105,3 | 108,2 |
Капиталдык чыгымдар | 7,6 | 5,9 | 7,4 | 6,1 | 98,1 | 103,7 |
Каржылоонун тышкы булактарынын эсебинен |
|
|
|
|
|
|
МИ (гранттарды эске алуу менен) | 5,9 | 4,3 | 5,4 | 4,2 | 90,8 | 97,6 |
- ички кош каржылоо | 0,3 | 0,2 | 0,3 | 0,3 | 100,7 | 162,9 |
Ички булактардан капиталдык чыгымдар | 1,7 | 1,6 | 2,1 | 1,9 | 124,5 | 120,6 |
Мамкарыз боюнча пайыздарды төлөө | 1,1 | 1,0 | 1,4 | 1,3 | 125,9 | 132,3 |
- тышкы карыз боюнча пайыздар | 0,7 | 0,7 | 0,9 | 0,9 | 123,9 | 131,4 |
- ички карыз боюнча пайыздар | 0,3 | 0,3 | 0,4 | 0,4 | 130,5 | 134,4 |
Атайын каражаттар боюнча чыгымдар | 1,8 | 1,6 | 2,6 | 2,4 | 143,6 | 149,1 |
Мамлекеттик бюджеттин дискрецияланган учурдагы чыгымдары | 20,3 | 18,8 | 20,4 | 19,4 | 100,8 | 103,5 |