Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-октябры № 640
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Коргонуу" деген сөз "Коопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- он биринчи абзацындагы "Коргоо" деген сөз "Коопсуздук" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |