Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-февралындагы № 56 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-февралы № 71
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 токтомуна 3-тиркеме |
Антитеррордук иштин субъекттеринин өз ара аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, комиссиянын төрагасы.
Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун директору - төраганын орун басары.