Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 516 токтому менен бекитилген |
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар тарабынан өндүрүштүк контролду уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо уюштуруу-укуктук формасына карабастан кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу бардык юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү болгон өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролду (мындан ары - өндүрүштүк контролдоо, эксплуатациялоочу уюм) уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
2. Өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле белгиленген тартипте кабыл алынып, өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кыла турган ченемдик техникалык документтерде камтылган шарттарды, тыюуларды, чектөөлөрдү жана башка аткарууга милдеттүү талаптарды камтыйт.
Өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын эксплуатациялоочу уюмдарга жеткирүүнү өнөр жайлык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган камсыз кылат.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоочу уюм ушул Жобонун негизинде өндүрүштүк объекттин профилин эске алуу менен өндүрүштүк контролдоо жөнүндө жобо иштеп чыгат, аны эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси бекитет.
4. Өндүрүштүк контролдоо өнөр жай коопсуздугун башкаруу системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет жана эксплуатациялоочу уюм тарабынан кооптуу өндүрүштүк объекттердин коопсуз иштешин камсыз кылууга, ошондой эле бул объекттерде авариялардын болушунун алдын алууга жана аварияларды, инциденттерди локалдаштырууга жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдыкты камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплексин өткөрүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Өндүрүштүк контролдоону уюштуруу
5. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде өндүрүштүк контролдоону уюштурууга жана ишке ашырууга эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушундай милдеттер жүктөлгөн кызмат адамдары жоопкерчилик тартышат.
Аткаруу бийлигинин органдары өздөрүнүн контролунда турган кооптуу өндүрүштүк объекттерде өндүрүштүк контролдоону уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча иштерди контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылышат.
6. Өндүрүштүк контролдоонун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) эксплуатациялоочу уюмда өндүрүштүк коопсуздуктун талаптарын сактоону камсыз кылуу;
б) эксплуатациялоочу уюмдагы өндүрүштүк коопсуздуктун абалын талдоо, анын ичинде тийиштүү экспертизаларды жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен;
в) өндүрүштүк коопсуздуктун абалын жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн алдын алууга багытталган чараларды иштеп чыгуу;
г) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өндүрүштүк коопсуздуктун талаптарынын сакталышын контролдоо;
д) кооптуу өндүрүштүк объекттерде авариялардын болушунун алдын алууга, аварияларды локалдаштырууга жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган иштерди координациялоо;
е) кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн зарыл сыноолорун жана техникалык күбөлөндүрүлүшүн, контролдук ченөө каражаттарынын ремонтун жана текшерилишин өз убагында жүргүзүүнү контролдоо;
ж) технологиялык тартиптин сакталышын контролдоо;
з) эмгек шарттары зыяндуу жана жагымсыз жумуш орундарынын гигиеналык талаптарга (жумуш зонасынын абасындагы зыяндуу заттардын болушунун уруксат берилген чегине жеткен ченемдерине, физикалык факторлорго, метофакторлорго) ылайык экендигине өз убагында лабораториялык-аспаптык изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн контролдоо.
7. Эксплуатациялоочу уюмдагы кооптуу өндүрүштүк объекттердин өндүрүштүк контролун жетекчинин чечими менен дайындалган кызматкер же өндүрүштүк контролдоо кызматы ишке ашырат.
8. Өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу жактын функцияларын эксплуатациялоочу уюмдун жетекчисинин орун басарларынын бирөөнө жүктөө сунушталат.
9. Өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу кызматкердин:
өндүрүштүк объекттин профилине туура келген жогорку техникалык билими,
тармактын кооптуу өндүрүштүк объектине тийиштүү кызматта 3 жылдан кем эмес стажы;
кооптуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздук жаатында иштеген жетекчилердин, адистердин жана башка кызматкерлердин аттестациядан өткөндүгүн ырастоочу күбөлүгү болууга тийиш.
3. Өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу инженердик-техникалык кызматкердин милдеттери жана укуктары
10. Өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу инженердик-техникалык кызматкердин милдеттери жана укуктары (мындан ары - кызматкер) эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси бекиткен өндүрүштүк контролдоо жөнүндө жободо, ошондой эле кызматтык нускамада жана бул кызматкер менен түзүлгөн келишимде (контрактта) аныкталат.
11. Өндүрүштүк контролдоону ишке ашырууга жооптуу кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кооптуу өндүрүштүк объекттердин кызматкерлеринин өнөр жайлык коопсуздук талаптарынын сакташын контролдоону камсыз кылууга;
б) эксплуатациялоочу уюмдун бөлүмдөрүндө өндүрүштүк контролдоону ишке ашыруу боюнча иш пландарын иштеп чыгууга;
в) өнөр жайлык коопсуздуктун абалын комплекстүү жана максаттуу текшерүүгө, жумуш орундарындагы кооптуу факторлорду ачыкка чыгарууга;
г) жыл сайын жумуш орундарынын өнөр жайлык коопсуздугунун абалын текшерүүнүн жана аттестациялоонун натыйжаларынын негизинде өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга;
д) аварияларды жана инциденттерди локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну уюштурууга;
е) кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүнү даярдоо боюнча иштерди уюштурууга;
ж) авариялардын, инциденттердин жана кырсыктардын себептерин техникалык териштирүүгө катышууга;
з) кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардын жана инциденттердин пайда болуу себептерине талдоо жүргүзүүгө жана документациянын эсепке алынышы боюнча алардын сакталышын ишке ашырууга;
и) өнөр жайлык коопсуздук жаатында кызматкерлерди даярдоону жана аттестациялоону уюштурууга;
к) жаңы технологияларды жана жаңы жабдууларды ишке киргизүүгө катышууга;
л) кооптуу өндүрүштүк объекттердин кызматкерлерине ченемдик укуктук актылар менен белгиленген өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарынын өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматты жеткирүүгө, кызматкерлерди аталган документтер менен камсыз кылууга;
м) уюмдун жетекчисине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
- өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жөнүндө;
- өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө;
- кооптуу өндүрүштүк объектте өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп, кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келүүчү, же аварияга, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян алып келүүчү жумуштарды убактылуу токтотуу жөнүндө;
- тийиштүү квалификациясы жок, өз убагында өнөр жайлык коопсуздук боюнча даярдоодон жана аттестациядан өтпөгөн адамдарды кооптуу өндүрүштүк объекттеги жумуштан четтетүү жөнүндө;
- өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын бузган адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;
н) өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын камсыз кылуу боюнча башка иш-чараларды өткөрүүгө;
о) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга объектте болгон авариялар жөнүндө өз убагында маалымдоого.
12. Өндүрүштүк контролдоо жүргүзүүгө жооптуу кызматкер төмөнкүлөрдү контролдоону камсыз кылат:
а) өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы иштердин түрлөрүнө лицензиялардын шарттарынын аткарылышын;
б) кооптуу өндүрүштүк объекттердин курулушун же реконструкциясын, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттерде пайдаланылуучу техникалык түзүлүштөрдүн ремонтун, өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын сактоо бөлүгүндө;
в) авариялардын, инциденттердин жана кырсыктардын пайда болуу себептерин жоюуну;
г) тийиштүү кызматтар тарабынан кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдүн зарыл сыноолорун жана техникалык күбөлөндүрүлүшүн, контролдук ченөө каражаттарынын ремонтун жана текшерилишин өз убагында жүргүзүүнү;
д) колдонулуп жаткан техникалык түзүлүштөрдүн өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтердин болушун;
е) өнөр жайлык коопсуздук маселелери боюнча аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын жазма эскертүүлөрүн аткарууну.
13. Өндүрүштүк контролдоону ишке ашырууга жооптуу кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
а) кооптуу өндүрүштүк объекттерге сутканын кайсыл убагында болбосун эркин кирүүгө;
б) эксплуатациялоочу уюмда өнөр жайлык коопсуздуктун абалын баалоо үчүн зарыл болгон документтер менен таанышууга;
г) кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардын, инциденттердин жана кырсыктардын себептерин териштирүү боюнча комиссиянын ишине катышууга;
д) өнөр жайлык коопсуздукту жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө уюмдун жетекчисине сунуш киргизүүгө.
4. Корутунду жоболор
14. Эксплуатациялоочу уюмдар кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоо башталганга чейин өнөр жайлык коопсуздук боюнча контролдоочу ыйгарым укуктуу органга өндүрүштүк контролдун уюштурулгандыгы жөнүндө маалымат беришет.
15. Өндүрүштүк контролдун уюштурулгандыгы жөнүндө маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
а) учурдагы жылга өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы;
б) өнөр жайлык коопсуздукту башкаруу системасын уюштуруу;
в) өндүрүштүк контролду ишке ашырууга жооптуу кызматкердин аты-жөнү, анын кызмат орду, билими, адистиги боюнча иш стажы, өнөр жайлык коопсуздук боюнча акыркы аттестациясынын датасы;
г) негизги потенциалдык кооптуулук булактарын жана авариянын мүмкүн болуучу кесепеттерин көрсөтүү менен кооптуу өндүрүштүк объекттердин саны;
д) өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары, эреже бузуулардын жоюлушу, өнөр жайлык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазма эскертүүлөрүнүн аткарылышы;
е) аварияларды, инциденттерди локалдаштыруу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын планы;
ж) кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатациялоодо зыян келтирилгендигине жоопкерчилик тартуу тобокелдигине байланыштуу камсыздандыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
з) кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуп, милдеттүү түрдө сертификациялануучу техникалык түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын абалы;
и) кооптуу өндүрүштүк объекттердин техникалык күбөлөндүрүлүшү, диагностикаланышы жана контролдук сыноолору;
к) кийинки жылга контролдук-профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планы;
л) эксплуатациялоочу уюмдун кызматкерлеринин авария убагында аракет жасоого даярдыгын баалоо;
м) кооптуу өндүрүштүк объектте болуп өткөн аварияларды жана кырсыктарды баяндап жазуу, алардын пайда болуу себептерине талдоо жүргүзүү жана көрүлгөн чаралар;
н) кооптуу өндүрүштүк объектте иштеген жетекчилерди, адистерди жана башка кызматкерлерди өнөр жайлык коопсуздук жаатында даярдоо жана аттестациялоо.