Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 516
Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар тарабынан өндүрүштүк контролду уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланууда келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон айлана-чөйрөнү коргоо максатында, "Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар тарабынан өндүрүштүк контролду уюштуруунун жана ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |