Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 4-августундагы № 388
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 487
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Фискалдык саясатты өркүндөтүү, салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен бирге адилеттүү салык салуу принцибин сактоо, колдонуудагы салык жеңилдиктерин актуалдаштыруу максатында салык мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн жана салык жеңилдиктерин жана бошотууларды оптималдаштыруу, аларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизүү боюнча негизделген сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.".
- жогорудагы аталган токтом менен бекитилген Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинде:
- Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинин 2-тиркемесиндеги таблица төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
№ | Көрсөткүчтөр | Сумма | Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган же бошотулуучу каражаттардын жалпы суммасы, миң сом |
| X |
2 | Бошотулган бардык каражаттарды пайдалануунун багыттары, анын ичинде: |
| X |
| ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны (майыптыгы боюнча пенсионерлер, курагы боюнча пенсионерлер, башка кызматкерлер), социалдык муктаждыктарга |
| X |
| өздөштүрүлгөн жаңы өндүрүштөрдүн, цехтердин, агрегаттардын жана технологиялык процесстердин аталыштары |
| X |
| продукциялардын жаңы түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү, миң сом |
| X |
| продукциянын сапатын жана башка эксплуатациялык касиеттерин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр (жумуш, кызмат көрсөтүү) |
| X |
| сапатына карата нааразычылык (сунуштама) айтылган продукциялардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) көлөмү, миң сом |
| X |
| өндүрүштүк багытта колдонууга берилген объекттердин саны, алардын аталыштарын көрсөтүү менен |
| X |
| субъекттин ишине киргизилген ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын саны, жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөрдүн жана тажрыйба-эксперименттик иштердин натыйжалары |
| X |
| ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар боюнча даярдалган жана сыналган моделдердин жана үлгүлөрдүн саны |
| X |
| продукциялардын жеңилдик берилген түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү, миң сом |
| X |
| алынган товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кредитордук карыздардын суммасы (анын ичинде мөөнөтү өткөн), миң сом |
| X |
| уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү ишке киргизилген объекттеринин саны, алардын аталыштарын көрсөтүү менен |
| X |
| уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү объекттеринин көрсөткөн кызматтарынын сапатын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр жана бул кызмат көрсөтүүлөрдүн саны |
| X |
| кайрымдуулук жардамы берилген жеке жактардын саны, жардамдын түрүн так көрсөтүү менен; |
| X |
| кайрымдуулук жардамы көрсөтүлгөн саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу, дене тарбия жана спорт объекттеринин саны |
| X |
| коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдары тарабынан кайтарууга алынган же алардын карамагында турган тарыхый, диний, маданий же табигый мааниге ээ болгон имараттардын, объекттердин жана аймактардын саны |
| X |
| билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын (студенттердин) саны |
| X |
| отчёттук мезгилдин ичинде билим берүү мекемелеринде окуусу башталган жаңы билим берүү курстарынын саны |
| X |
| окуу жана өндүрүштүк багыттагы, ошондой эле билим берүү мекемелеринде дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө арналган, ишке киргизилген негизги фонддордун саны |
| X |
| материалдык абалын жакшыртууга жана социалдык керектөөлөрүнө муктаж окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын жана тейлөө персоналынын кызматкерлеринин саны |
| X |
3 | Мамлекеттик бюджеттин кошумча кирешелери (миң сом) |
| X |
4 | Жеңилдиктерди колдонуунун натыйжалуулугу: 3-бет/1-бет | X |
|
";
- 2-тиркеменин таблицасындагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
1-сапта салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулуучу каражаттардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
2-сапта салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттарды пайдалануунун багыттары көрсөтүлөт. Мындай маалыматтар катары төмөнкүлөр келтирилет:
- субъекттин салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттары социалдык муктаждыктарына жумшалган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптыгы боюнча пенсионерлердин, курагы боюнча пенсионерлердин, башка кызматкерлердин) саны;
- өздөштүрүлгөн жаңы өндүрүштөрдүн, цехтердин, агрегаттардын жана технологиялык процесстердин аталышы;
- накталай жана нарктык түрүндө продукциянын жаңы түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатын жана башка эксплуатациялык касиеттерин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата сапатына нааразычылык (рекламация) келип түшкөн продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) накталай жана нарктык түрүндөгү көлөмү;
- ишке киргизилген өндүрүштүк багыттагы объекттердин, өндүрүш кубаттуулуктарынын аталышы, жабдуулардын орнотулган (колдонууга киргизилген) бирдиктеринин саны;
- субъекттин ишине киргизилген ойлоп табуулардын жана рационализатордук сунуштардын саны, жүргүзүлгөн илимий-изилдөөлөрдүн жана тажрыйба-эксперименттик иштердин натыйжалары;
- ойлоп табуулар жана рационализатордук сунуштар боюнча даярдалган жана сыналган моделдердин жана үлгүлөрдүн саны;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата продукциянын жеңилдик берилген түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата алынган товарларга, аткарылган иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө болгон (анын ичинде мөөнөтү өткөн) кредитордук карыздын суммасы;
- уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдө ишке киргизилген объекттеринин аталышы;
- уюмдун же жеке ишкердин өндүрүштүк эмес чөйрөдөгү объекттеринин көрсөткөн кызматтарынын сапатын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр, отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата бул кызмат көрсөтүүлөрдүн саны;
- кайрымдуулук жардамы берилген жеке жактардын саны, ушул жардамдын түрүн так көрсөтүү менен;
- кайрымдуулук жардамы көрсөтүлгөн саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу, дене тарбия жана спорт объекттеринин саны;
- коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдары тарабынан коргоого алынган же алардын карамагында турган тарыхый, диний, маданий же табигый мааниге ээ болгон имараттардын, объекттердин жана аймактардын саны;
- отчёттук мезгилде жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата билим берүү мекемелеринде окуган окуучулардын (студенттердин) саны;
- отчёттук мезгилдин ичинде билим берүү мекемесинде окутуу башталган жаңы билим берүү курстарынын саны;
- окуу жана өндүрүштүк багыттагы, ошондой эле билим берүү мекемелеринде спорт жана дене тарбия сабактарына арналган негизги фонддорду ишке киргизүү;
- салык жеңилдиктерин колдонуунун натыйжасында бошотулган каражаттар материалдык абалын жакшыртууга жана социалдык муктаждыктарына багытталган окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын жана тейлөө персоналы кызматкерлеринин саны.
3-сапта салык төлөөчүлөр салык жеңилдиктерин пайдалануунун натыйжасында алынган бюджеттин кошумча кирешелеринин суммасы көрсөтүлөт.
4-сапта салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Бардык келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөдө тиешелүү отчёттук мезгил үчүн иш жүзүндөгү маалыматтар жана/же пландалган жылга карата пландык маалыматтар чагылдырылат.";
- Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартибинин 4-тиркемесинде:
Эскертүүнүн биринчи абзацында "графада" деген сөз "сапта" деген сөз менен алмаштырылсын;
Эскертүүнүн экинчи абзацында "4-графада" деген цифра жана сөз "5-сапта" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |