Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 388
Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 36-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |