Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 502
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
30-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө төмөнкүлөр артыкчылык укугуна ээ болот:
1) ошол айылдык аймактын аймагында жашаган, ошондой эле үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө кеминде 0,10 га жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) айыл аймагында иштеп жаткан айыл чарба кооперативдери.".
2-берене.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьясынын экинчи абзацы "айыл тургандары" деген сөздөрдөн кийин "жана айыл чарба кооперативдери" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|