Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 517
Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 96-беренесин аткаруу үчүн, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 12-июлундагы № 304 "Жерлерди рекультивациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жерлерди рекультивациялоо (калыбына келтирүү) жана аларды пайдаланууга кабыл алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле өздөрүнө пайдаланууга берилген айыл чарба же токой жерлеринде изилдөө, курулуш же башка иштерди жүргүзүүчү жеке ишкерлер бул жерлер иштетилбей калгандан кийин өздөрүнүн эсебинен аларды айыл, токой, балык же башка чарбада ж.б. пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө, ошондой эле № 2-ТП (рекультивация) формасы боюнча жерлерди рекультивациялоо, кыртыштын күрдүү катмарын алып салуу жана пайдалануу жөнүндө ар жылдык отчетту берүүгө милдеттүү.
Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүчү, геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүчү жана өздөрүнө пайдаланууга берилген жер участокторундагы жер казынасын пайдаланууга байланыштуу башка иштерди аткаруучу жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобого ылайык бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.";
- 9-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жер казынасын пайдалануу укугун алган жана бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча долбоордук чечимдерди камтыбаган, пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөгө, иштетүүгө техникалык долбоорлору бар жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде техникалык долбоорлорго өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобонун талаптарына ылайык рекультивациялоонун техникалык долбоорлорун иштеп чыгууга милдеттүү экендиктери.
Максаттуу рекультивациялык эсепке акча каражаттарын чегерүү жер казынасын пайдалануучулар тарабынан пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө, иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү бүткөнгө чейин калган айлардын санына пропорционалдуу эсептелет жана техникалык долбоорлорго өзгөртүүлөр киргизилген же рекультивациялоонун техникалык долбоорлорун иштеп чыккан датадан тартып бир айлык мөөнөттөн кечирилбей жүргүзүлө тургандыгы;
- рекультивациялоонун техникалык долбоорлору бар, анын ичинен пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө, иштеп чыгуу техникалык долбоорлору рекультивациялоо бөлүмүн камтыган жана чегерүүлөрдү жүргүзгөн жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде техникалык долбоорлорду ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобонун талаптарына шайкеш келтирүүгө жана аталган Жободо белгиленген тартипте чегерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү экендиктери.
31. Жер казынасын пайдалануучулар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2 (эки) календарлык айдын ичинде Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө жобого ылайык рекультивациялык эсептерин өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануучулар мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон коммерциялык банк менен жаңы келишим түзгөндөн кийин, ал жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 7 (жети) календарлык күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |