Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген |
Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жер участогун рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Бузулган жерлерди рекультивациялоо жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо, кыртыштын күрдүүлүгүн калыбына келтирүү, жаңылантуу жана жогорулатуу, айыл чарба, токой чарба, суу чарба, курулуш, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана санитардык-ден соолукту чыңдоо ж.б. максаттарда ишке ашырылат.
3. Жер казынасын пайдалануу процессинде жер бетинин бүтүндүгүн бузган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинен чет элдик юридикалык жана жеке жактар рекультивациялоо фондунун каражаттарынын эсебинен аны андан ары арналышы боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүүгө милдеттүү.
Рекультивациялоо фондун түзүү боюнча милдеттенмелер жер казынасын пайдалануу укугун алган, датасына карабастан пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөчү, иштетүүчү бардык жер казынасын пайдалануучуларга жайылтылат.
4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
рекультивациялоо объекти - жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлер: пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөдө, иштетүүдө, анын ичинде карьерлерди казууда; шахталардын бузулган үстүңкү беттери; шахталардын жана карьерлердин породалуу иштетүүгө жараксыз катмарлары; кул катмарлары, калдык полигондору; бургулоочу скважина аянттары; жоюлган (иштеп бүткөн) ишканалардын, айрым объектилердин өнөр жай жана курулуш аянттары жана транспорттук коммуникациялары ж.б.;
рекультивациядан кийинки мониторинг - жерлердин күрдүүлүгүн жана чарбага пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнүн калыбына келтирилиши боюнча рекультивацияланган жерлердин сапаттык абалына мониторинг жүргүзүү;
рекультивациялоонун техникалык долбоору - техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү камтыган жер участогун рекультивациялоо боюнча толук (иштиктүү) аналитикалык жана графиктик документация;
рекультивация фонду - банктардын Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн кайтарып берүү шарты менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн кошпогондо, жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн гана арналган жер казынасын пайдалануучунун банктагы атайын эсебинде топтолгон каражаттар;
максаттуу рекультивациялык эсеп - рекультивациялоо фондунун каражаттарын түзүү үчүн мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы банкта жер казынасын пайдалануучу тарабынан ачылган банк эсеби, аны жайгаштыруу үчүн акы төлөмү алынышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Рекультивациялык эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн кредиттөө жана инвестициялоо инструменттери аркылуу банктар тарабынан кайтарымдуу негизде пайдаланылышы мүмкүн.
Мында рекультивация боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу органдардын талабы боюнча банктар бир жолку төлөмдөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Иштерди жүргүзүүнүн негизи
5. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн негиз болуп рекультивациялоонун техникалык долбоору саналат.
6. Жер казынасын пайдалануучу өзүнчө долбоор, же болбосо жер казыналарын геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча техникалык долбоорго кошумча катары рекультивациялоонун техникалык долбоорун (мындан ары - рекультивациялоонун техникалык долбоору) иштеп чыгат.
7. Рекультивациялоонун техникалык долбоору экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу жаатында оң эксперттик корутундуларды алгандан кийин гана колдонулат.
Рекультивациялоонун техникалык долбооруна өнөр-жай коопсуздугу боюнча экспертиза өнөр-жай коопсуздугу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Рекультивациялоонун техникалык долбооруна экологиялык коопсуздук боюнча экспертиза айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарына ылайык, ошондой эле толук көлөмдө рекультивациялоо жүргүзүү үчүн рекультивациялык жумуштун жалпы наркынын жетиштүү бөлүгүндө жүргүзүлөт.
8. Рекультивациялоонун техникалык долбоору бузулган жерлердин айрым участокторунда ошол эле учурда пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө, иштетүү менен бирге рекультивациялык иш-чараларды жүргүзүүнү карай алат, эгерде ушул участоктор андан ары жер казынасын пайдалануучулардын ишинде пайдаланылбаса.
3. Рекультивациялоо бюнча иштерди аткаруу
9. Рекультивациялоонун техникалык долбоорлорунда рекультивацияны эки этапта жүргүзүү каралат.
Биринчи этапта жантаймаларды пландоо, түзүү, топуракты жана күрдүү породаларды алуу, ташуу жана рекультивациялануучу жерлерге төгүү, ирригациялык жана жол тармактарын, атайын гидротехникалык курулмаларды куруу жана ландшафтты калыбына келтирүү менен байланышкан иштин башка түрлөрү жүргүзүлөт.
Экинчи этапта бузулган жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүү (органикалык жана минералдык жер семирткичтердин керектүү дозаларын чачуу, гипстөө, көп жылдык буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү ж.б.) боюнча агротехникалык жана фитомелиоративдик (биологиялык рекультивация) иш-чаралардын комплекси жүргүзүлөт, анын методдору жаратылыш-климаттык шарттар жана жерлерди максаттуу пайдалануу менен аныкталат.
10. Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан рекультивациялоо боюнча иштерди аткаруу сөзсүз түрдө рекультивациялоонун техникалык долбооруна ылайык жүргүзүлөт.
Рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү жер казынасын пайдалануучу өз алдынча да, подряддык уюмдарды жана жеке адамдарды тартуу менен да ишке ашырат.
11. Топурактын күрдүү катмарын сактоо жана андан ары аны рекультивациялоо иштерин жүргүзүүдө пайдалануу максатында жер кыртышын бузууга байланышкан иштерди жүргүзүүчү жер казынасын пайдалануучулар иштетилүүчү жана объекттер курулуучу аянттагы топурактын күрдүү катмарын сыйрып алып сактап коюп, кийин аны рекультивациялануучу жерлерге төгүүгө милдеттүү.
12. Запастар ырасталбаган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын запастарды ырастабоо жөнүндөгү корутундусунан кийин гана рекультивациялоонун техникалык долбоорунда каралган рекультивациялоо иштерин жүргүзүүгө жол берилет.
4. Рекультивациялоо фондунун каражаттарын түзүү жана сарптоо тартиби
13. Рекультивациялоо фондун түзүү үчүн жер казынасын пайдалануучу кендерди геологиялык изилдөө же иштетүү боюнча иштер башталганга чейин акча каражаттары жайгаштырылганга чейинки 12 (он эки) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди сактоочу мамлекеттик катышуу үлүшү 100 пайыз болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы банкта максаттуу рекультивациялык эсеп ачууга милдеттүү.
Жер казынасын пайдалануу укугунун ар бир объектине жер казынасын пайдалануучу тарабынан өзүнчө максаттуу рекультивациялык эсеп ачылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-августундагы № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Рекультивациялоо фондунун каражаттары башка максаттарга, анын ичинде кредиторлордун талаптарын канааттандырууга жана салык, бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды төлөөгө жумшалбайт.
15. Жер казынасын пайдалануучу - жеке жак банкрот болсо, ишканасы жоюлса же каза болсо (укуктары мураскерлерге өткөрүлбөстөн) рекультивациялоо фондунун каражаттары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча рекультивациялоо иштерин жүргүзүү үчүн жер укуктарынын ээлеринин алыш-бериш эсебине чегерилет.
16. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негиздер боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарынын токтотулушу - жер казынасын пайдалануучунун жер участогун рекультивациялоо милдеттерин токтотпойт.
17. Эгерде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер казынасын пайдалануу укугун башка жакка берүү жөнүндө чечим чыгарылса, рекультивациялоо фондунун каражаттары жер казынасын пайдалануучунун максаттуу рекультивациялык эсебинен жер казынасын пайдалануу укугу берилген жер казынасын пайдалануучунун максаттуу рекультивациялык эсебине чегерилүүгө жатат.
18. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилген учурда, анын ичинде жазаны күрөөгө айландырууда же универсалдуу укук улантуучулук тартибинде укуктар үчүнчү жакка өткөндө, жаңы жакка жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия таризделген учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө максаттуу рекультивациялык эсепте топтолгон каражаттар жер казынасын пайдалануу укугу берилген жактын эсебине чегерилүүгө жатат.
19. Рекультивациялоо фондун түзүү жер казынасын геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча иштер башталган мезгилден тартып жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлгөн ар айлык чегерүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
20. Экспертизадан өткөн, рекультивациялоонун техникалык долбоору тарабынан аныкталган рекультивациялык жана жоюу иштеринин жалпы наркы ар айлык чегерүүлөрдү эсептөө үчүн база болуп саналат.
Рекультивациялык иштердин жалпы наркы техникалык долбоордо рекультивация жүргүзүү үчүн чыгымдардын сметасынын эсеби түрүндө көрсөтүлөт.
Жер казынасын пайдалануучу рекультивациялоонун техникалык долбоору бекитилгенден кийин ар үч жыл сайын рекультивациялоонун техникалык долбоору менен аныкталган рекультивациялык иштердин жалпы наркын кайра эсептеп чыгат жана рекультивациялоо фондуна чегерүүлөрдүн өлчөмүн тууралайт.
21. Ар айлык чегерүүлөрдүн суммасы рекультивациялоонун техникалык долбоорунда каралган рекультивациялык иштердин жалпы наркынан алынып, пайдалуу казындылар кендерин геологиялык изилдөө, иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн камтыган айлардын санына бөлүп эсептелет.
22. Жер казынасын пайдалануучу ар айлык чегерүүлөрдүн суммасын ар айдын 10унан кечиктирбестен чегерүүгө жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал ичинде өндүрүлгөн көлөм жана рекультивациялоо фондунун түзүлгөн суммасынын жалпы өлчөмү жөнүндө банк документтеринин көчүрмөлөрүн берүү менен маалымдап турууга тийиш.
Жер казынасын пайдалануучу рекультивациялоо фондун мөөнөтүнөн мурда түзүүгө укуктуу.
23. Максаттуу рекультивациялык эсептин каражаттарын пайдаланууга жана жүгүртүүгө коюлган талаптар банк менен жер казынасын пайдалануучунун ортосундагы банк эсеби жөнүндө келишимде чагылдырылат.
24. Рекультивациялоого каражаттарды сарптоо жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт.
25. Макулдукту алуу үчүн жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга рекультивациялоо боюнча пландалган иштердин түрүн жана көлөмүн, аларды аткарууга зарыл акча каражаттарынын суммасын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кайрылуу жиберет.
26. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун кайрылуусун 14 жумуш күндүн ичинде карайт жана жер казынасын пайдалануучуга жазуу жүзүндө макулдук берет же баш тартат.
27. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген иштин түрү жана көлөмү рекультивациялоонун техникалык долбооруна туура келбеген учурда гана макулдук берүүдөн баш тартышы мүмкүн.
28. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан объекттеги бардык рекультивациялык иштер аткарылгандан жана рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин максаттуу рекультивациялык эсептеги акча каражаттарынан калдыгы болсо, алар жер казынасын пайдалануучуга кайтарылып берилет.
29. Объектте рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн рекультивациялоо фондунун каражаттары жетпеген учурда, жер казынасын пайдалануучу рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн өз каражаттарынын эсебинен кошумча каржылоону камсыз кылууга милдеттүү.
5. Рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү тартиби
30. Рекультивациялоонун техникалык долбоорунда каралган бардык иштердин комплекстүү жүргүзүлүшү жана рекультивацияланган жерлер жайгашкан аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан дайындала турган комиссиянын (мындан ары - Комиссия) рекультивацияланган жерлерди кабыл алышы рекультивациялоо иштеринин аякташы болуп саналат.
31. Комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын буйругу менен жерлерге рекультивациялоо жүргүзгөн жер казынасын пайдалануучунун объектти өткөрүп берүүгө даярдыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт.
32. Комиссиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгынын, рекультивацияланган объект жайгашкан аймактагы кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жер казынасын пайдалануучунун, ошондой эле эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болбосо жер укуктарынын ээлеринин өкүлдөрү киргизилет.
Комиссия өз ишин жүргүзүүдө жерлерди рекультивациялоо долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан долбоордук уюмдардын адистерин, эксперттерди, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн жана добуш берүү укугуна ээ болбой турган башка эксперттерди жана адистерди ишке тарта алат.
33. Комиссия 10 жумуш күндүн ичинде рекультивациялоочу иштердин жүргүзүлүшүн текшерүү жана рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу үчүн жерине барууга милдеттүү.
34. Рекультивацияланган жерлерди кабыл алууда-өткөрүп берүүдө Комиссия аткарылган рекультивациялык иштердин рекультивациялоонун техникалык долбооруна туура келүүсүн текшерет.
35. Рекультивациялоонун бекитилген долбоорунан чектөө менен аткарылган рекультивацияланган жерлерди кабыл алууга-өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
36. Жүргүзүлгөн иштердин рекультивациялоонун техникалык долбоорунун талаптарына туура келбей калганы аныкталган учурда жер казынасын пайдалануучуга Комиссиянын кабыл алуудан баш тартканы жөнүндөгү чечими ушундай чечим чыгарылган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде берилет, анда жоюу талап кылынган кемчиликтер жана аларды жоюу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
Кемчиликтер жоюлгандан кийин жер казынасын пайдалануучу Комиссияга жазуу жүзүндө билдирүү жиберет, Комиссия мындай билдирүүнү алган күндөн тартып 20 календарлык күндөн кечиктирбестен, кемчиликтерди жоюу фактысын карайт.
Табылган кемчиликтердин жоюлушу ырасталган учурда Комиссия рекультивацияланган жерлерди кабыл алат жана рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коёт.
37. Комиссия тарабынан кабыл алынган рекультивацияланган жерлер жер укуктарынын ээлерине кайтарылып берилет же мыйзамда белгиленген тартипте башка жер пайдалануучуларга бөлүп берилет.
38. Рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына Комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат жана беш нускада түзүлөт. Бир нускасы жергиликтүү каттоо органына, экинчиси - жер укуктарынын ээсине, үчүнчүсү - жер казынасын пайдалануучуга, төртүнчүсү - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, бешинчиси - экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. Кабыл алуу-өткөрүү актысына рекультивацияланган жер участогунун планы тиркелет.
39. Эгерде геологиялык изилдөө иштерин жүргүзгөн жер казынасын пайдалануучу лицензиялык аянттагы жерлердин же анын бир бөлүгүнүн бүтүндүгүн бузуу иштерин жүргүзбөсө, анда рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлбөйт.
Бул учурда лицензиялык аянтты азайтуу, же жер казынасын пайдалануучудан рекультивациялоо милдеттерин алып салуу үчүн негиз болуп жер казынасын пайдалануучу менен жер укуктарынын ээсинин ортосунда түзүлө турган жердин бүтүндүгүн бузбоо жөнүндөгү акт эсептелет.
6. Жерлерди рекультивациялоону контролдоо жана рекультивациялоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
40. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоону контролдоо экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
41. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдүн сакталышын контролдойт:
- жер казынасын пайдаланууда бузулган жерлерди рекультивациялоо иштерин аткарууну;
- жер казынасын пайдаланууда жер кыртышынын күрдүү катмарын өз алдынча сыйрып алууга, которуштурууга жана жок кылууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды;
- рекультивациялоо жана табылган бузууларды жоюу боюнча милдеттерди сактоо маселелериндеги өзүнүн компетенциясынын чегинде берилген көрсөтмөлөрдү.
42. Мамлекеттик контролдоо текшерүүлөр формасында ишке ашырылат. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөр "Ишкерлик субъектилерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
43. Жерлерди рекультивациялоочу жер казынасын пайдалануучулар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:
- бардык пландалган, курулуш-монтаждык, мелиоративдик жана башка иштерди рекультивациялоонун техникалык долбооруна ылайык белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууга;
- рекультивацияланган жерлерди арналышы боюнча андан ары пайдалануу үчүн өз убагында бербегенине;
- максаттуу рекультивациялык эсепке акча каражаттарын өз убагында чегербегенине жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн чегерүүлөрдүн өлчөмү жөнүндө белгиленген мөөнөттө билдирбегенине;
- экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөлөрүнүн талаптарын аткарбаганына.
44. Жер казынасын пайдалануучунун аталган жоопкерчиликтери жер казынасын пайдалануучунун рекультивациялоо боюнча ишинин бардык процессине жайылтылат.
7. Рекультивациялык иштен кийин мониторинг жүргүзүү
45. Рекультивациялык иштен кийин мониторинг жүргүзүү бардык рекультивацияланган жерлер үчүн милдеттүү болот жана жер казынасын пайдалануучуга рекультивацияланган жерлерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын жиберген учурдан тартып 5 жылдын ичинде жүргүзүлөт.
46. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган рекультивацияланган жерлердин абалына жылына бир жолудан кем эмес текшерүү жүргүзүп турат.
Эгерде рекультивациялык иш аяктагандан кийинки мониторинг жүргүзүү учурундагы текшерүүнүн жыйынтыгында рекультивация иши сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн рекультивацияланган жерлердин сапаттык абалынын бузулушу табылса, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табылган бузууларды оңдоо үчүн рекультивациялоо жүргүзүүгө жооптуу жакка билдирүү жиберет, анда бузулууларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
Аталган билдирүүнү алган жак табылган бузулууларды жоюу боюнча иштерди өз эсебинен аткарат.