Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 647
Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө
Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына кошумча финансылык колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 660 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү жана пайдалануу тартиби (мындан ары - Тартип), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоосун каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу эрежелерин аныктайт.
3. Ушул Тартиптин иш-аракети милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн саламаттык сактоо уюмдарына жайылтылат.
4. Бирдиктүү төлөөчү системасынын каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы № 91 "Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) чечими менен ден соолукту коргоо жана оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалат.
II глава. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды түзүү
5. Каражаттар максаттуу тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 3, 12-беренелерине ылайык милдеттүү медициналык камсыздандырууга которулуучу бекитилген сумманын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө каралат жана бекитилет.
6. Учурдагы жылга Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары үчүн саламаттык сактоону колдоо жана өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттардын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Байкоочу кеңештин кароосуна жана жактыруусуна киргизилет.
7. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары боюнча бюджетти тактоодо саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттардын каралган көлөмү Байкоочу кеңештин чечими боюнча бир жылда 1 жолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кайра каралышы мүмкүн.
III глава. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды пайдалануу
8. Байкоочу кеңештин чечими боюнча каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча иштеген жана жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдылышын жакшыртууга;
- саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча программаларды ишке ашырууга катышкан саламаттык сактоо уюмдарына дем берүүгө.
9. Учурдагы жылдын тиешелүү бюджетинин каражаттарынын калдыктары Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайыктуу Бирдиктүү казыналык эсепке эске алынат.
IV глава. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө каражаттарды эсепке алуу жана отчет берүү
10. Ден соолукту чыңдоо жана оорунун алдын алуу боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатындагы башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун казыналык өздүк эсебинде Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде эске алынат.
11. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына тиешелүү максаттуу иш-чараларга бөлүнүүчү каражаттар түздөн-түз багытталат жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган жол-жоболорго ылайык пайдаланылат.
12. Жүргүзүлгөн сатып алуулардын жүрүшүндө үнөмдөлгөн каражаттар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан Байкоочу кеңештин жактыруусу жана чечими менен кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.
13. Кирешелердин келип түшүүсү жана чыгымдоо операциялары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитүүчү Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчет берүү боюнча жобого ылайык эсепке алынат.
14. Саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси тартат.