Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 260 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 652
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2008-жылдын 13-майы, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы алып салынсын;
2) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркиндиктерин, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагынын администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнүшү";
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"калктуу конуштар - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте уюштурулган шаарлар жана айылдар";
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"район - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкарылуучу, ушул райондун белгиленген чектеринде жайгашкан айылдарды, айылдык аймактарды жана райондук маанидеги шаарларды бириктирген администрациялык-аймактык бирдик";
- сегизинчи абзацтагы "ошондой эле шаар тибиндеги поселок" деген сөздөр алынып салынсын;
- тогузунчу абзацта:
- "айылдык округ" деген сөздөр "айылдык аймак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги тексттеги "сел" деген сөз алынып салынсын;
- онунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"айыл - ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес калктуу конуш";
3) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу маселелер
Бул Мыйзам администрациялык-аймактык түзүлүш деген түшүнүктү, анын принциптерин, администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин чечүүнүн тартибин, администрациялык-аймактык бирдиктерди түзүүдө жана жоюуда, алардын чектерин аныктоодо жана өзгөртүүдө, администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктерди эсепке алууда жана каттоодо мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле администрациялык-аймактык түзүлүшкө байланышкан башка маселелерди аныктайт.";
4) 2-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 4-беренеде:
- 2-бөлүктө "айылдык округ" деген сөздөр "айылдык аймак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3, 4, 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 5-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "ушул Мыйзамда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги тексттин 2-бөлүгүндөгү "сельские" деген сөз "айылные" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаардык калктуу конуштарга шаарлар (республикалык, облустук жана райондук маанидеги), айылдыкка-алардын администрациялык баш ийүүсүнө карабастан, айылдар кирет.";
7) 6-беренеде:
- 2-бөлүктөгү "мыйзам" деген сөз "борбор шаардын статусу жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-бөлүктөгү "шаар тибиндеги поселоктор" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес калктуу конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн";
- 8-бөлүктөгү "айыл" деген сөз "айылдын" деген сөз менен алмаштырылсын;
9) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тийиштүү облустун чегинде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, аларды атоо жана өзгөртүп атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
жергиликтүү мамлекеттик администрация:
- тиешелүү аймактагы жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө тийиштүү райондун чегинде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, аларды атоо жана өзгөртүп атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет.";
11) 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары
Жергиликтүү кеңештер:
- жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен, ошондой эле кеңештин токтому кабыл алынышы менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чегинде администрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, администрациялык-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды атоо жана өзгөртүп атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет.";
12)13-беренеде:
- экинчи абзацтагы "өзгөртүлчү" деген сөз "түзүлүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "өкмөттүн өкүлү" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмүнүн жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13) 14-беренедеги "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 15-беренеде:
- 2-бөлүк "маалыматтарды чыгаруу" деген сөздөрдөн мурда "статистика тармагындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаарлардын, айылдардын курамына кошулган жана алардын бөлүгү болуп калган калктуу конуштар, ошондой эле тургундары кетип калган же жер которуп кетишкен конуштар өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик статусун жоготушат жана эсептик маалыматтардан чыгарылат.";
15) 17-берененин 2-бөлүгүндөгү "айылдык округдардын" деген сөздөр "айыл аймактарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|