Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 815
"Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Приложение
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Патент мыйзамы" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 69-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызпатенттин иши республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.";
2) 34-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик фонд республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.";
3) 37-статья:
- экинчи абзацтагы "Кыргызпатентке" деген сөз "республикалык бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсептерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүүчү каражаттар техникалык жабдуу, автоматташтырылган системаны түзүү жана колдонуу, патенттик маалымат фондун топтоо, кадрларды даярдоо жана аларга дем берүү үчүн пайдаланылат.".
2-берене.
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызпатенттин иши республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен каржыланат.";
2) 39-статья:
- биринчи абзацтагы "Алымдар Кыргызпатентке төлөнөт" деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү абзацтагы "Кыргызпатентке" деген сөз "республикалык бюджетке" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсептерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүүчү каражаттар техникалык жабдуу, автоматташтырылган системаны түзүү жана колдонуу, патенттик маалымат фондун топтоо, кадрларды даярдоо жана аларга дем берүү үчүн пайдаланылат.".
3-берене.
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2001-ж., № 1, 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
15-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсептерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшүүчү каражаттар техникалык жабдуу, автоматташтырылган системаны түзүү жана колдонуу, патенттик маалымат фондун топтоо, кадрларды даярдоо жана аларга дем берүү үчүн пайдаланылат.".
4-берене.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын төртүнчү пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 8-статьянын бешинчи абзацындагы "же Салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна" деген сөздөр алып салынсын;
3) 14-статьянын үчүнчү-төртүнчү абзацтарындагы "же Салттуу билимдерди пайдалануу системасын өнүктүрүү мамлекеттик фондусуна" деген сөздөр алып салынсын;
4) 16-статьяда:
- статьянын аталышындагы "Фондулар" деген сөз "Фонд" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- үчүнчү абзацындагы "Фондуларды" деген сөз "Фонд" деген сөз менен алмаштырылсын.
5-берене.
"Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
43-берененин бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
6-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 36 жана 37-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 51-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-статья. Каражаттарды бөлүштүрүү
Каттоо органдарынын ишинен келип түшүүчү каражаттар мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун иштөө чыгымдарын жабууга багытталат.".
3) 51-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-1-статья. Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумун каржылоо булактары
Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумун каржылоо булактары болуп төмөнкүдөй каражаттар эсептелет:
- республикалык бюджеттен;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн акыдан түшкөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан.".
7-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каттоо жыйымын төлөөнүн тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо үчүн жыйымдардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.".
2) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Коомдук уюмдардын уставдык документтерин каттагандык үчүн жыйым
Жыйымды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө уставдык документтерин каттаткандыгы үчүн коомдук бирикмелер төлөйт. Өндүрүлүп алынган жыйымдардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.".
3) II бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12-8-статья менен толукталсын:
"12-8-статья. Транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар
Транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымдар алынат. Жыйымдардын өлчөмүн, алуунун тартибин жана төлөөнүн мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
4) 19-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик менчикке таандык мүлк ижарага берилген учурда ижара акысы толугу менен республикалык бюджетке чегерилет.".
5) 27 жана 29-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
8-берене.
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
20-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан келип түшкөн каражаттар республикалык бюджетке, жаратылышты коргоо иш-чараларына колдонуу үчүн багытталат.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө" Кьфгьи Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1999-жылдын 25-июну, № 51) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьядагы "жана башка булактардын" деген сөздөр алып салынсын;
2) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Каржылоо
Биосфералык аймактардын иштеши боюнча иш-чаралар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланат.".
10-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын кырк үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-статьянын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет.";
4) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо
Жаратылышты коргоо иш-чаралары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланат.";
5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 38-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө экологиялык жагдай жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле жергиликтүү, республикалык бюджеттердин эсебинен каржыланат.";
7) 40-статьянын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- экологиялык камсыздандыруу тартибин бекитүү;";
8) 54-статьяда:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана/же жергиликтүү бюджетке чегерилет.";
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирүүчүдөн же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды белгилөө мүмкүн болбогондо, тиешелүү бюджеттердин эсебинен өндүрүлөт.".
11-берене.
"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) Ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүгө зарыл болгон ички аудитордун билиминин деңгээлин ырастоочу документ.";
2) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ички аудиторлорду сертификациялайт."
- 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ички аудиторлор ички аудитордун квалификациялык сертификатына ээ болушу керек жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптарга жооп берүүгө тийиш.".
12-берене.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 321-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
13-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти