Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-октябры № 659
Мауэрбах шаарында 2017-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мауэрбах шаарында 2017-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө тиркелген макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө венгер тарапка кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мауербах шаары, 2017-жылдын 11-июлу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Венгрия Өкмөтү (мындан ары өз алдынча "Тарап" жана биргеликте "Тараптар" деп аталып);
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы достук мамилелерин бекемдөөгө умтулуп,
Өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде экономикалык мамилелерди кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалап,
Мындан аркы кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды жана талаптагыдай негиздерди түзүү максатында эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны тереңдетүү зарылчылыгына ишеним артуу менен,
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
1. Тараптар Тарап болгон мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
2. Бул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) тараптардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү;
b) эки тараптуу экономикалык мамилелерди, атап айтканда инвестициялар, инновациялар чөйрөсүндө интенсификациялоо жана тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүү максатында башка экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу.
2-берене.
Ушул Макулдашууга ылайык эки тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында, Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн кызматташтыкты төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жана формаларда ишке ашырышат:
1) төмөнкү чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү:
a) соода;
b) өнөр жай жана кендерди иштетүү;
c) маалымат жана коммуникациялар, маалыматтык технологиялар:
d) транспорт;
е) айлана-чөйрөнү коргоо;
f) билим берүү, илим жана технологиялар;
g) курулуш жана турак жай курулушу;
h) айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы;
i) туризм;
j) банк иши;
k) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо;
l) техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология;
m) саламаттык сактоо;
n) саламаттык сактоо индустриясы жана медициналык туризм;
о) өз ара кызыкчылыктуу кызматташтыктын башка чөйрөлөрү;
2) инвестициялык долбоорлорду жана башка иштерди каржылоого жана камсыздандырууга байланыштуу механизмдерди жөнөкөйлөштүрүү;
3) Тараптардын мамлекеттеринин коммерциялык жана кесиптик уюмдарынын, компанияларынын, палаталарынын жана ассоциацияларынын ортосунда байланыш түзүүгө дем берүү;
4) инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү консалтингдик, юридикалык, банктык жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;
5) соода жарманкелерин, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
6) биргелешкен ишканаларды түзүү жана биргелешкен экономикалык иштин башка формаларына дем берүү;
7) Тараптардын экономикалык өнүгүү тизмегиндеги тажрыйбаларды алмашуу, анын ичинде экономика жана соода тизмегиндеги делегацияларды жана эксперттерди алмашуу;
8) экономикалык ишти, инвестицияларды, сооданы жана техникалык жөнгө салууну (анын ичинде стандартташтыруу, аккредитациялоо, ылайыктуулукту баалоо (ырастоо), өлчөмдөрдүн бирдейлигин камсыздоо, лицензияларды, концессияларды жана уруксаттарды берүү, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелери боюнча) жөнгө салуучу мыйзамдар жөнүндө маалымат алмашуу;
9) Тараптар аныктаган жана макулдашкан кызматташтыктын башка тизмелери.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында банктардын филиалдарын жана башка финансылык институттарды уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
1. Тараптар экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен Комиссиясын түзүшөт (мындан ары "Комиссия" деп аталуучу).
2. Ушул Макулдашуунун аткарылышын камсыздоо максатында, Комиссия Тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүлөт. Ар бир Тарап Комиссиянын башчысы катары тең төраганы дайындайт. Комиссия Тараптардын биринин суроо-талабы боюнча, туруктуу негизде жана кезеги менен Кыргыз Республикасында же Венгрияда чакырылат.
3. Комиссия зарыл болгон учурда кызматташтыктын белгилүү бир аныкталган тармактары боюнча жумушчу топторду жана чакан комитеттерди түзөт.
4. Комиссиянын жол-жоболорунун эрежелери биринчи жыйында аныкталышы керек. Өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, Тараптар Комиссиянын ишине байланыштуу чыгымдарды өз алдынча тартышат.
5-берене.
Ушул Макулдашуу Венгриянын Европа Союзуна мүчө мамлекет катары милдеттенмелерин козгобойт. Демек, ушул Макулдашуунун жоболору айрыкча Европа Союзунун базасы болуп саналган Келишимдерден, ошондой эле Европа Союзунун мыйзамдарынан келип чыгуучу Венгриянын милдеттенмелерин жокко чыгаруу, өзгөртүү же кандайдыр бир түрдө таасир бербеши үчүн колдонбоого же толугу менен же жарым жартылай түрдө чечмеленбөөгө тийиш.
Ушул Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасы же Венгрия кол койгон, кандайдыр бир эл аралык келишимдерден же ал аралык уюмдарга алардын мүчө болушунан улам келип чыккан Тараптардын мамлекеттеринин укуктарын жана милдеттенмелерин эч кандай түрдө козгобойт.
1995-жылдын 9-февралында Брюссель шаарында кол коюлган Европа Коомчулугу жана анын мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү орнотуучу Өнөктөштүк жана Кызматташтык жөнүндө макулдашуу бир тараптан жана Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн макулдашуу экинчи тараптан, анын кийинки баардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бирге ушул Макулдашуу менен жөнгө салуучу маселелерге карата артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
6-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же аткарууда келип чыгуучу ар кандай карама-каршылыктар Тараптардын ортосундагы консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу Тараптар бири-бирине кабар берген, акыркы жазуу түрүндө билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөттө колдонулат. Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тараптан Макулдашуунун аракетин токтотуу тууралуу жазуу түрүндө билдирүүнү алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
3. Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылып жаткан кандайдыр бир конкреттүү макулдашуунун, долбоордун же иштин аныктыгына же узактыгына, мындай конкреттүү макулдашуу, долбоор же иш-чара аяктаганга чейин, эгерде Тараптар башкалар тууралуу макулдашпаса таасир тийгизбейт.
4. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өз алдынча протоколдорду тариздөө жолу менен өзгөртүлүшү мүмкүн, алар ушул берененин 1-пунктунда белгиленген тартипте күчүнө киришет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналышат.
2017-жылдын 11-июлунда Мауербах шаарында эки нускада ар бири кыргыз, орус, венгер жана англис тилдеринде түзүлдү, баары бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Венгрия Өкмөтү үчүн |